Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көп «кырдуу» лимон

Көп «кырдуу» лимон

АНЫ үй тиричилигинде тазалоочу, дезинфекциялоочу каражат катары кеңири колдонушат. Ал дарылык, косметикалык касиетке да ээ. Аны тамак-ашка колдонушат, ширесин ичишет, эфир майын алышат. Ооба, дүйнө жүзүнө кеңири тараган, ары кымбат эмес, ары көрүнүшү көзгө жагымдуу лимон, балким, азыр силердин да дасторконуңардын көркүн ачып тургандыр.

Лимондун түпкү мекени Түштүк-Чыгыш Азия деп эсептелет. Ал ошол жактан бара-бара батышка карай, Жер Ортолук деңиздин боюндагы өлкөлөргө тараган. Лимон дарагы мелүүн климатты жакшы көргөндүктөн Аргентина, Италия, Мексика, Испания сыяктуу өлкөлөрдө, атүгүл Африка менен Азиянын айрым аймактарында өсөт. Жетилип калган лимон дарагы, түрүнө, өскөн жерине жараша, бир жылдын ичинде болжол менен 200дөн 1500гө чейин мөмө байлайт. Ал бир жылда бир нече жолу гүлдөгөндүктөн жыл бою түшүм берет.

Италияга тамыр жайышы

Байыркы римдиктердин лимон өстүргөн-өстүрбөгөнүнө байланыштуу азыркыга чейин талаш-тартыштар көп. Алсак, римдиктердин цитронду — көлөмү лимондон чоңураак болгон, цитрус уруусуна кирген өсүмдүктүн дагы бир түрүн — билгенине далилдер бар. Мисалы, Рим тарыхчысы Плиний Улуу өзүнүн «Табигый тарых» деген эмгегинде цитрон дарагы жана анын мөмөсү жөнүндө айтып өткөн. Бирок айрым окумуштуулар римдиктер лимонду да билишкен деп ырасташат. Анткени байыркы римдиктердин фрескалары (ным шыбакка тартылган сүрөт) менен мозаикаларында, кыязы, цитрондор эмес, лимондор тартылган деп эсептелет. Алар буга байыркы Помпеи шаарынын урандыларынын арасынан казылып табылган заңгыраган бир үйдүн дубалдарында башка көптөгөн өсүмдүктөр менен катар лимон дарагынын тартылганын далил катары көрүшөт. Анткен менен лимондун ошол учурда бөтөн жерден келген өсүмдүк катары эсептелгенин жана элге анын дарылык касиети гана белгилүү болгондуктан ошол максатта гана колдонулганын четке кагышпайт. Бирок аны өстүрүү канчалык кыйын же оңой болгонун жана анын канчалык кеңири тараганын так айтуу мүмкүн эмес.

Цитрус өсүмдүктөрү, анын ичинде лимон да жайы көпкө созулуп, кышы жылуу болгон Сицилия аралында абдан жакшы өсөт. Бирок Италиянын башка аймактарында да, өзгөчө, деңиз жээктеги аймактарында өскөн лимондор да аябай жакшы болот.

Андай жерлердин бири — Неаполдун түштүгүндө жайгашкан Сорренто деген кооз шаар. Анын түштүгүндөгү болжол менен 40 километрге созулган Амальфи жээктери көздүн жоосун алган кооздугу менен кимди болсо да суктандырат. Деңиз жээгин бойлой булуңдардын койнунда Амальфи, Позитано, Виетри-суль-Маре деген укмуштуудай кооз шаарлар бар. Сорренто шаары менен Амальфи жээктеринде өстүрүлгөн лимондорго атайын товардык белги коюлат. Жергиликтүү калк ошого аябай сыймыктанат. Анткени ал жердин лимону тоонун боорундагы тектирлерде өстүрүлүп, күндүн нуруна каныккандыктан, жыты аңкып, өзгөчө ширелүү болот.

Бирок лимонду чоң идишке отургузуп, күн жакшы тийген балконго да өстүрсө болот. Анткени ага көп жердин деле кереги жок. Лимон күнөс, ыктоо жерди жакшы көрөт. Анын, өзгөчө, дубалдын жанында турганы жакшы. Ал эми кышкысын, катуу суук болгондо, үстүн бир нерсе менен жаап же үйдүн ичине киргизип коюш керек.

Кожейкелердин жардамчысы

Силер лимонду көп колдоносуңарбы? Айрымдар анын кесимин чайга кошуп ичишет, башкалар анын кабыгын же ширесин таттуу бир нерселерди бышырганда кошушат. Дагы бирөөлөр ширесин сыгып, таттуу суусундуктарга аралаштырып ичишет. Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, лимонду түрлүү тамак-ашка колдонгон ашпозчулар арбын. Бирок, булардан тышкары, лимондун ширесин дезинфекциялоочу жана так кетире турган тазалоочу каражат катары да колдонсо болот.

Мисалы, лимонду экиге бөлүп туруп, ашканадагы аны-муну туурай турган тактайдын бетин сүрүп, дезинфекцияласа болот. Айрымдар болсо так кетире турган же раковинаны тазалоо үчүн колдонулган тазалоочу каражаттын ордуна лимондун ширеси менен аш содасынын аралашмасын колдонушат. Ошондой эле жара кесилген лимонду муздаткычка же идиш жууй турган машинеге салып койсо, жаман жыты кетип, ичи жагымдуу жыттанып калат.

Андан сырткары, лимон кислотасын тамак-аш менен суусундукка кошуп койсо, бузулбай, көпкө сакталып, даамы бир аз кычкылданып, жагымдуу болуп калат. Ал эми лимондун эти менен кабыгынан пектин деген зат алынат. Коюултуучу, желимдөөчү касиетке ээ ал зат эмульгатор катары тамак-аш индустриясында кеңири колдонулат. Лимондун кабыгынан алынган майды болсо, тамак-аштан сырткары, дары-дармек жана косметика жасоодо да колдонушат. Айта берсе, бул жемиштин пайдалуу касиеттери түгөнбөйт. Лимон, чынында эле, көп «кырдуу» жемиш.