Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Канткенде жакшы ата-эне боло аласыңар?

Канткенде жакшы ата-эне боло аласыңар?

Канткенде жакшы ата-эне боло аласыңар?

Жаңы төрөлгөн чүрпөңөрдү биринчи жолу колуңарга алган учуруңар эсиңердеби?

Ошондо узак убакытка созула турган бала тарбиялоо милдети мойнуңарга жүктөлгөнүн сезип, тынчсызданган болушуңар керек. Ооба, силерге, чынында эле, чоң жоопкерчилик артылган.

БАЛА тарбиялоо байыртан эле оор иштерден болуп келген. Ал эми азыр ал андан бетер кыйын. Эмне үчүн? Анткени азыркы дүйнөдөгү жагдай силердин жаш кезиңердегиге караганда алда канча оор. Алсак, 20—30 жыл мурун эле бүгүнкү күндө жаштарга терс таасир этип жаткан нерселер, мисалы, Интернетти колдонгондо кездешүүчү азгырыктар жок болчу.

Балдарыңарга азыркы дүйнөдөгү адеп-ахлаксыздыктын тузактарына түшүп калбоого кантип жардам бере аласыңар? Төмөндө үч кеңеш берилди.

1 Кандай адеп-ахлак нормаларына карманарыңарды түшүндүргүлө. Бала чоңойгон сайын, теңтуштарынан жана көбүнчөсү массалык маалымдоо каражаттарынан эмне туура, эмне туура эмес экенине байланыштуу толгон токой бурмаланган маалыматтарды алат. Айрыкча, балдар өспүрүм куракта андай терс таасирлерге оңоюраак алдырышат. Анткен менен изилдөөлөрдөн маалым болгондой, жашоодогу чоң чечимдерди чыгарууда өспүрүмдөр теңтуштарыныкына караганда ата-энелеринин кеңештерин көбүрөөк баалашат.

Эмне кылсаңар болот? Байыркы Ысрайылдагы ата-энелер балдарына адеп-ахлак нормаларын үйрөтүү үчүн алар менен тез-тезден пикир алышып турууга чакырылышкан (Мыйзам 6:6, 7). Силер да балдарыңар менен тез-тезден пикир алмашып тургула. Мисалы, адеп-ахлактыкка байланыштуу Ыйык Китептеги нормалар боюнча жашасаңар, эмне үчүн алардын да ошол нормалар боюнча жашаганы эң туура болорун түшүндүрүп бергиле.

2 Кылган ишинин жыйынтыгы кандай болорун түшүндүргүлө. Ыйык Китепте: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— делет (Галатиялыктар 6:7). Бул аяттагы сөздөрдүн калетсиздигин жашоонун ар бир тармагынан көрүүгө болот. Өзүңөрдүн бала кезиңерди эстеп көрсөңөр. Кылган ишиңердин кесепетин өзүңөр тартканда алган сабагыңар эсиңерде көбүрөөк калганы шексиз.

Эмне кылсаңар болот? Болгон окуялардын жардамы менен балаңарга туура эмес иш кылгандар кандай жапа тартканын, ал эми туура иш кылгандар кандай пайда алганын түшүндүрүп бергиле (Лука 17:31, 32; Еврейлер 13:7). Ошондой эле балаңар туура эмес иш кылып алса, аны кылган ишинин кесепетинен коргобогула. Мисалы, балаңар башка баланын оюнчугун сындырып алды деп коёлу. Андайда балаңардан өзүнүн оюнчуктарынын бирин беришин талап кылсаңар болот. Ошондо ал башкалардын буюмун баалаганга үйрөнөт.

3 Жакшы сапаттарды өрчүткөнгө жардам бергиле. Ыйык Китепте: «Атүгүл жаш баланын жүрүм-туруму анын иштеринин таза же таза эмес экенин, туура же туура эмес экенин көрсөтөт»,— делет (Накыл сөздөр 20:11). Бала чоңойгон сайын анын кандай адам экенинен кабар бере турган турган сапаттарды өрчүтө баштайт. Өкүнүчтүүсү, айрым балдар жаман сапаттарды өрчүтүп алышат (Забур 58:3). Ал эми башкалары акыл-эстүү, мактоого татыктуу балдардан болушат. Мисалы, элчи Пабыл Тиметей деген жаш жигит жөнүндө бир жыйналышка: «Аныкындай маанайга ээ болгон жана силерге чын жүрөктөн кам көрө турган башка эч кимим жок»,— деп жазган (Филипиликтер 2:20).

Эмне кылсаңар болот? Жогоруда айтылгандай, кылган ишинин жыйынтыгы кандай болорун түшүндүргөндөн тышкары, башкалар аны кандай адам катары билишин каалаары жөнүндө ойлонууга түрткү бергиле. Оор жагдайга кабылганда жаштар өздөрүнө төмөнкү суроолорду берүү менен туура чечим чыгарууга үйрөнө алышат:

● Кандай адам болгум келет? (Колосалыктар 3:10).

● Андай адам ушундай жагдайда эмне кылат? (Накыл сөздөр 10:1).

Ыйык Китепте кылган иштеринен улам жакшы же жаман атка конгон көптөгөн эркек-аялдар жөнүндө жазылган (1 Корунттуктар 10:11; Жакып 5:10, 11). Уулуңарга же кызыңарга жакшы сапаттарды өрчүтүүгө жардам берүү үчүн ошол билдирүүлөрдү колдонгула.

Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарынан ыйык китептик принциптерди үй-бүлөдө кантип колдонсоңор жана балдарыңарга да бул жагынан кантип жардам берсеңер болорун биле аласыңар.

[23-беттеги кутуча/сүрөт]

Балдарга жардам берүү үчүн

Кичинекей балдарга:

«Ыйык китептик аңгемелер»

Чоңураактарына:

«Улуу Окутуучудан үйрөн»

Өспүрүмдөргө:

«Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер», 1, 2-томдор

Бойго жеткендерге:

«Үй-бүлөлүк бакыттын сыры»