Жакып 5:1—20

5  Байлар+, силер да кулак салгыла. Башыңарга кайгы түшө тургандыктан+, ыйлагыла, боздогула.  Байлыгыңар чирип, кийимиңерди күбө жеди+.  Алтыныңар менен күмүшүңөрдү дат басты. Ошол дат силерге каршы күбөлөндүрүп, денеңерди жеп жок кылат. Топтогон нерсеңер+ акыркы күндөрдө+ от сыяктуу болот+.  Мына, талааңарда иштеп, эгин жыйнагандардын төлөнбөй жаткан акысы+ кыйкырып жатат+. Орокчулардын жардам сурап боздогон үнү+ асман аскерлеринин Кудайы Жахабага жетти+.  Силер жер бетинде жыргап, кумарыңарды кандырып жашадыңар+. Жүрөгүңөрдү май баскыча семирип, өзүңөрдү союлчу күнгө даярдадыңар+.  Адил адамды айыптап, өлтүрдүңөр. Анан кантип ал силерге каршы болбосун?+  Бир туугандарым, Мырзабыздын катышуусунун убагына*+ чейин чыдамдуу болгула. Жерден жакшы түшүм алыш үчүн дыйкан да күзгү жана жазгы жамгырды чыдамдуулук менен күтөт+.  Анын сыңарындай, силер да чыдамдуу болгула+, жүрөгүңөрдү бекемдегиле, анткени Мырзабыздын катышуусунун убагы жакындап калды+.  Соттолбош үчүн+, бир туугандарым, бири-бириңерге наалыбагыла*. Соттоочу босогодо турат!+ 10  Бир туугандарым, кыйынчылыктарды көтөрүп+, чыдамдуу болуу жагынан+ Жахабанын атынан сүйлөгөн+ пайгамбарлардан+ үлгү алгыла+. 11  Биз туруктуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз+. Силер Аюптун туруктуулугу жөнүндө уккансыңар+ жана Жахабанын ага бата бергенинен+ Жахабанын абдан боорукер*, кайрымдуу экенин билгенсиңер+. 12  Бир туугандарым, айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе, асманды же жерди, же дагы башка бир нерсени оозанып ант бергениңерди токтоткула+. Соттолбошуңар үчүн, «ооба» дегениңер «ообаны», «жок» дегениңер «жокту» билдирсин+. 13  Араңардан кимдир бирөө кыйналып жатабы? Анда тиленсин+. Көңүлү ачыкпы? Анда забурларды* ырдасын+. 14  Араңардан кимдир бирөө ооруп жатабы?*+ Анда жыйналыштын аксакалдарын чакырсын+. Алар аны Жахабанын атынан май менен майлап+, ал үчүн тиленишсин. 15  Ишеним менен айтылган тиленүү оорулууну айыктырат+ жана Жахаба аны тургузат+. Эгерде күнөө кылган болсо, күнөөсү кечирилет+. 16  Ошондуктан айыгыш үчүн+ бири-бириңерге күнөөлөрүңөрдү ачык айтып+, бири-бириңер үчүн тиленгиле. Адил адамдын жалындуу тиленүүсү зор күчкө ээ, анткени Кудай андай тиленүүнү кабыл кылат+. 17  Илияс биздикиндей эле сезимдери бар киши болгон+. Бирок ал жамгыр жаабасын деп жалындуу тиленгенде+, ошол жерге үч жарым жыл жаан жааган эмес. 18  Анан кайра тиленгенде, асмандан жамгыр жаап, жер түшүм берген+. 19  Бир туугандарым, араңардан кимдир бирөө чындык жолунан адашып кетсе жана башка бирөөңөр аны кайрып келсеңер+, 20  анда силерге маалым болсун: күнөөкөрдү туура эмес жолдон кайрып келген+ киши анын жанын өлүмдөн сактап+, көп күнөөлөрүн жабат+.

Шилтемелер

Грек. парусиа. Кара: 5-тирк.
Же: «үшкүрүнбөгүлө».
Грек тилиндеги текстте сөзмө-сөз «ич, ичеги-карын» деген маанини туюнткан сөз колдонулган. Каймана мааниде ал «сүйүү, назиктик, сезимталдык, жүрөк» дегенди билдирет.
Же: «Кудайды даңктаган ырларды».
Сыягы, бул Кудай менен болгон мамилеси солгундап калгандарга тиешелүү.