Жакып 1:1—27

1  Кудайдын жана Мырзабыз Иса Машаяктын кулу+ Жакыптан+ ар кайсы жакка тарап кеткен+ он эки урууга+: Салам кат!  Бир туугандарым, башыңарга түшкөн ар кандай сыноолорду кубаныч менен кабыл алгыла+.  Анткени сыналган ишенимиңер туруктуулукту жаратарын билесиңер+.  Бардык жагынан жеткилең+, кемчиликсиз, эч кынтыксыз болушуңар үчүн, туруктуулугуңар толугу менен көрсөтүлсүн+.  Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса+, баарына берешендик менен, жемелебей берген+ Кудайдан сурасын+, ошондо ага берилет+.  Бирок эч шектенбей+, ишенип сурасын+, анткени шектенген адам шамалга айдалып+, ары-бери катуу чайпалган деңиз толкунуна окшош.  Андай киши Жахабадан бир нерсе алам деп ойлобосун+.  Ал — бардык жолдорунда туруксуз+, чечкинсиз адам+.  Карапайым бир тууган жогору көтөрүлгөнүнө+ кубансын. 10  Ал эми бай+ бир тууган басынтылганына кубансын, анткени байлар талаа гүлүндөй соолуп жок болот+. 11  Күн чыгып, аптап болгондо, өсүмдүк куурап, гүлү түшөт да, кооздугу жоголот. Ошо сыяктуу эле, байлар да өз жолдорунда куурап жок болушат+. 12  Сыноону туруктуулук менен көтөргөн адам бактылуу+, анткени ал Жахабанын ырайымына ээ болуп, Аны сүйгөндөргө убадаланган+ өмүр таажысын алат+. 13  Сыналып жатканда+ эч ким: «Мени Кудай сынап жатат»,— деп айтпасын. Анткени Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт, Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт. 14  Тескерисинче, ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат+. 15  Кумар түйүлүп, күнөө туулат+. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө алып барат+. 16  Алданбагыла+, сүйүктүү бир туугандарым. 17  Жакшы, жеткилең белектердин+ баары жогорудан келет+, аларды асман чырактарынын+ Атасы, көлөкө өзгөргөндөй өзгөрө бербеген+ Кудай берет. 18  Өзү жараткандардын арасынан тандалган биринчи түшүм болушубуз үчүн+, ал өзү каалап+, бизди чындык сөзү+ аркылуу жаратты. 19  Муну билип алгыла, сүйүктүү бир туугандарым. Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө+, ачууланганга шашпасын+. 20  Себеби ачуулануу менен ал Кудай талап кылган адилдикти чагылдыра албайт+. 21  Ошондуктан ар кандай ыпыластыктан, кеңири жайылган жамандыктан арылып+, ичиңерге себилип жаткан+ жана жаныңарды куткара ала турган+ сөздү жумшактык менен кабыл алгыла. 22  Туура эмес ой жүгүртүү менен өзүңөрдү алдап+, сөздү угуучулардан гана болбой, аткаруучулардан болгула+. 23  Ким сөздү угуп, бирок аткарбаса+, ал жүзүн* көрүш үчүн күзгүгө каранган адамга окшош. 24  Андай адам күзгүгө каранып, ары басары менен өзүнүн кандай экенин унутуп коёт. 25  Ал эми ким эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзамды+ кылдат изилдеп, ага ылайык жашаса, ал унутчаак угуучу эмес, аткаруучу болот+, ошондуктан бактылуу болот+. 26  Ким Кудайга туура сыйынып жатам деп ойлоп+, бирок тилин ооздуктабаса+, ал өзүн өзү* алдап жатат+; анын сыйынуусу пайдасыз+. 27  Кудайыбыздын, Атабыздын, көз алдындагы арам деп эсептелбеген+ таза сыйынуу+ — бул кыйынчылыкка кабылган+ жетим-жесирлерге кам көрүү+ жана дүйнөнүн+ ыпылас жолдорунан өзүн таза сактоо+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «тубаса жүзүн».
Сөзмө-сөз: «өз жүрөгүн».