Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Хэллоуин эмне болгон майрам?

Хэллоуин эмне болгон майрам?

Силер жашаган жакта Хэллоуинди белгилешеби? Жыл сайын 31-октябрда белгиленген бул майрам Кошмо Штаттарда жана Канадада кеңири тараган. Бирок Хэллоуинге байланыштуу каада-салттар дүйнөнүн чар тарабына жайылган. Айрым жерлерде, аты эле башка болгону болбосо, рухтардын дүйнөсү менен, анын ичинде арбактар, сыйкырчы аялдар, жез кемпирлер, ал тургай Шайтан жана жин-перилер менен байланышкан ушу сыяктуу майрамдар белгиленет. ( «Хэллоуинге окшогон майрамдар» деген кутучаны карагыла.)

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ көптөгөн адамдар Хэллоуинди жана башка ушу сыяктуу майрамдарды рухтарга ишенгендиктен эмес, көңүл ачканга же балдарынын чыгармачылыгын арттырганга өбөлгө түзгөн майрам катары көргөндүктөн эле белгилешет. Бирок төмөнкү себептерден улам айрымдар аны зыяндуу деп эсептешет:

  1. Бир энциклопедияда: «Хэллоуин — рухтар менен, көбүнчөсү коркутуп-үркүткөн каардуу рухтар менен түздөн-түз байланышууга шарт түзгөн майрам»,— делет. ( «Хэллоуиндин тарыхы» деген кутучаны  карагыла.) Ал майрамга окшогон көптөгөн майрамдар ар кандай кудайларга жана ата-бабаларына сыйынган байыркы элдердин ишенген нерселеринен келип чыккан. Атүгүл бүгүнкү күндө да арбактарды пир туткан адамдар андай майрамдарда маркумдар менен байланышууга аракет кылышат («Encyclopedia of American Folklore»).

  2. Хэллоуин негизинен америкалыктардын майрамы деп саналса да, аны белгилегендердин саны жыл өткөн сайын өсүүдө. Бирок алар Хэллоуинде колдонулган, көпчүлүгү сыйкырдуу күчтөр менен байланышы бар символдордун, жасалгалардын, каада-салттардын ар кайсы кудайларга сыйынган байыркы элдер ишенген нерселерден келип чыкканын билишпейт ( «Каяктан келип чыккан?» деген кутучаны карагыла).

  3. Байыркы кельттердин каада-салтына карманган, Викка динин (табиятты кастарлоого негизделген дин) туткан миңдеген адамдар Хэллоуинди Самайн деген байыркы аты менен аташат жана аны жылдын эң ыйык түнү деп эсептешет. «Ю-Эс-Эй тудей» гезитинде ошол динди туткан бир кишинин: «Христиандар өздөрү  билбей эле биздин майрамды биз менен чогуу белгилеп жатышат... Бул бизге жагат»,— дегени жазылган.

  4. Хэллоуин сыяктуу майрамдар Ыйык Китепке каршы келет. Анда: «Элиңдин арасында... төлгө ачкандар, сыйкырчылык кылгандар, белгилерди карап көзү ачыктык кылгандар, бирөөлөрдү дубалагандар, өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар, келечекти алдын ала айткандар, өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр болбосун»,— делет (Мыйзам 18:10, 11; Лебилер 19:31; Галатиялыктар 5:19—21).

Жогорудан анык болгондой, Хэллоуин жана ошол сыяктуу майрамдардын зыяндуу экенин билүү маанилүү. Хэллоуин жөнүндө жакшы билсеңер, аны белгилебей эле коюуну чечишиңер мүмкүн.

«Христиандар өздөрү билбей эле биздин майрамды биз менен чогуу белгилеп жатышат... Бул бизге жагат» (Викка динин туткан кишинин «Ю-Эс-Эй тудей» гезитине чыккан сөздөрү).

^ абз. 37 «Хэллоу» деген англисче сөз «ыйык» дегенди билдирген эскирген сөз. «Ол хэллоус дэй» (Бардык ыйыктардын күнү) майрамы өлгөн ыйыктардын урматына белгиленет. Анын алдындагы кеч «Ол хэллоу ивин» (Бардык ыйыктардын кечи) деп аталчу, кийин «Хэллоуин» деп аталып калган.