Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

SMS жазганда эмнелерди эске алышым керек?

SMS жазганда эмнелерди эске алышым керек?
  • :-) SMS жазуу мүмкүнчүлүгүн туура колдонсоң, досторуң менен дайыма байланышып тура аласың.

  • :-( Туура колдонбосоң, досторуңдан да айрыласың, аброюң да кетет.

SMS жазганда эске алышың керек болгон үч нерсе:

Ошондой эле бул макалада:

 Кимге жазасың?

 Көптөгөн өспүрүмдөр SMSсиз жашоосун элестете алышпайт. Анткени SMS аркылуу каалаган адамың менен пикирлеше аласың. Бирок ата-энең дайыма эле баары менен SMS жазууга уруксат бербеши мүмкүн.

 «Атам сиңдим экөөбүзгө балдардын чалганын жактырбайт. Ошон үчүн балдар менен сүйлөшө турган болсок, үйдөгү телефон аркылуу гана, анан баарыбыз бөлмөдө чогуу отурганда гана сүйлөшөбүз» (Линора).

 Эмнени эске алышың керек? Телефон номуруңду баарына эле ылгабай бере берсең, сөзсүз бир балээге кабыласың.

 «Телефон номуруңду көрүнгөндүн баарына бере берсең, бир күнү болбосо, бир күнү бирөө жаман сөздөрдү жазып же жаман сүрөттөрдү салып жибериши мүмкүн» (Скотт).

 «Эгер карама-каршы жыныстагы адам менен дайыма SMS жазышсаң, бат эле сезимдериң өрчүп, ага байланып каласың» (Стивен).

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат» (Накыл сөздөр 22:3). Айрым нерселерди эске алсаң, жүрөктү ооруткан көп кыйынчылыктан кача аласың.

 Болгон окуя: «Мен бир бала менен дос болчумун. Экөөбүз SMS көп жазышчубуз. Мен аны дос катары эле көрчүмүн. Анан бир күнү эч ойдо жок жерден мени жакшы көрөрүн айтканда, оозум ачылып калды. Азыр ойлосом, аны менен ошентип телефон менен көп сүйлөшүп, тынбай SMS жазышып туура эмес кылыптырмын» (Мелинда).

 Ойлонуп көр: Кандай деп ойлойсуң, Мелинданын ал баланын сезимин өрчүтүп алганы алардын достугуна кандай таасир эткен?

 Башкача элестетип көр: Мелинда ал бала менен жөн эле дос болгусу келсе, кандай кылышы керек эле?

 Эмне деп жазасың?

 SMS жазуу ары оңой, ары кызык болгондуктан, көптөр алардын жазгандарын башкалар туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн экенин эстен чыгарып коюшат.

 Эмнени эске алышың керек? SMSиңди кимдир бирөө туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн.

 «SMS жазганда эмоцияларды билдирген кандайдыр бир символдор же сүрөттөр колдонулса да, адамдын үнүнүн тонун же сезимин биле албагандыктан, туура эмес ойдо калышың мүмкүн» (Бриана).

 «Кээ бир кыздар балдарга жөнөткөн SMSтеринен улам тийишип жаткандай сезилип калышат да, аброюн түшүрүп алышат» (Лаура).

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет» (Накыл сөздөр 15:28). Мындан кандай тыянак чыгарса болот? Бирөөгө SMS жөнөтөрдөн мурда жазганыңды сөзсүз текшерип кой.

 Качан жазасың?

 SMS жазууга байланыштуу акылга сыярлык белгилүү бир «эрежелерге» карманууну, башкача айтканда, SMS жазуу адебин сактоону адат кылып алганың жакшы.

 Эмнени эске алышың керек? Эгер кайсы учурда SMS жазышып жатканыңа көңүл бурбасаң, адеби жок көрүнүп, башкалардын көңүлүн иренжитип алышың мүмкүн.

 «SMS жазуу адебин сактоону унутуп калыш бат эле. Кээде өзүм байкабай эле кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатып деле же дасторкон үстүндө отуруп деле SMS жаза берем» (Эллисон).

 «Машине айдап баратып SMS жазган аябай кооптуу. Анткени ошого алаксып жатып бир паста эле жол кырсыгына учурап калышың мүмкүн» (Энн).

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Бардык нерсенин өз убагы бар... унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар» (Насаатчы 3:1, 7). Бул сөздөрдү SMS жазууга да колдонсо болот.

 Кеңештер

Кимге жазасың?

  •  ;-) Ата-энеңдин айтканын ук (Колосалыктар 3:20).

  •  ;-) Телефон номуруңду көрүнгөндүн баарына бере бербе. Чоочун бирөөлөргө жеке маалыматыңды, анын ичинде телефон номуруңду бере албай турганыңды сылыктык менен айтууну азыртан үйрөнүп алсаң, мунун сага кийин да пайдасы тиет.

  •  ;-) Карама-каршы жыныстагы бирөөгө SMS жазганда ыгы жок эркин болуудан сак бол. Сезимдер өрчүп кетсе, өзүң эле кыйналасың.

 «Ата-энем телефонду туура колдонорумду билгендиктен мага толук ишенишет. Алар менин телефон номурумду туш келди бирөөгө бере бербесимди билишет» (Бриана).

Эмне деп жазасың?

  •  ;-) Бирөөгө SMS жазардан мурда: «Мындай учурда SMS жазганым туура болобу же телефон чалып сүйлөшкөнүм туура болобу? Же жүзмө-жүз жолугуп сүйлөшкөнүм жакшыбы?» — деп ойлонуп көр.

  •  ;-) Бирөөгө SMS жазганда демейде ага айтпай турган сөздөрдү жазба. «Айтпай турган нерсени жазбашың да керек»,— дейт 23 жаштагы Саара деген бир кыз.

 «Эгер кимдир бирөө адепсиз сүрөттөрдү жөнөтсө, ал тууралуу ата-энеңе айт. Ошентсең, өзүңдү да коргогон болосуң, ата-энең да сага көбүрөөк ишенет» (Сирван).

Качан жазасың?

  •  ;-) Телефонду колдонууга байланыштуу өзүңө чек коюп ал. «Мен башкалар менен чогуу тамактанып жатканда, сабак жазып же Ыйык Китепти окуп жатканда жаныма телефонумду албайм,— дейт Оливия деген бир кыз.— Жыйналышка барганда да, ким эмне жазды болду экен деп алаксыбаш үчүн, телефонумду өчүрүп коём».

  •  ;-) Башкалардын көңүлүн эске ал (Филипиликтер 2:4). Кимдир бирөө менен сүйлөшүп отуруп SMS жазганың адепсиздикке жатат.

 «Досторум менен чогуу сүйлөшүп отурганда, аябай эле зарыл болбосо, эч ким менен SMS жазышпайм деп чечип алгам. Ошондой эле жакшы тааныбагандарга телефонумду бербейм» (Янелли).