Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Канткенде аралыктан жакшы окуй алам?

Канткенде аралыктан жакшы окуй алам?

 Азыркы учурда көп окуучулар өзгөчө «класстарда» — үйлөрүндө — окуп жатышат. Эгер сен да үйдөн билим алып жатсаң, канткенде жакшы окуй аласың? Анда төмөндөгү кеңештерди колдонуп көр a.

 Жакшы окуганга жардам берген беш кеңеш

  •   Күнүмдүк иштериңди пландаштыр. Мектепте окуп жатканыңдай эле, күн тартипке карманганга аракет кыл. Сабак окуганга, үй иштерин жана башка маанилүү иштерди кылганга убакыт бөлүп кой. Зарыл болсо, күн тартибиңди өзгөртүп алсаң болот.

     Ыйык Китептеги принцип: «Бардыгы... өз тартиби менен болсун» (1 Корунттуктар 14:40).

    «Иштериңди мектепте окуп жатканыңдагыдай кылып уюштур. Кайсы ишти качан кыларыңды аныктап ал» (Кэтти).

     Ойлонуп көр: Күн тартибиңди жазып алып, аны көрүнүктүү жерге коюп койгонуң эмне үчүн жакшы?

  •   Өзүңдү тартипке салганды үйрөн. Кээде өзүңдү кыйнап, кайсы бир ишти кылганга үйрөнүшүң керек болот. Антпесе, жетилбейсиң. «Анан кылам»,— дегенден кач!

     Ыйык Китептеги принцип: «Ынталуу болгула, ишиңерди кечеңдетпегиле» (Римдиктер 12:11, шилтеме).

     «Баарынан да өзүңдү тарбиялоо аябай кыйын. Шылтоо издеп: „Сабагымды анан кылып коём“,— деп коюу оңой эле. Бирок анан кылбайсың деле. Иштериң болсо үйүлө берет» (Александра).

     Ойлонуп көр: Сабагыңды күн сайын бир жерде, бир учурда кылганың өзүңдү тарбиялаганга кандайча жардам берет?

  •   Окуганга ылайыктуу бурч даярда. Зарыл окуу куралдарынын баарын жаныңа алып ал. Окуган жериң ыңгайлуу, бирок магдырата тургандай болбосун. Себеби ал тук эте турган эмес, сабак окуй турган жер! Эгер сабак окуй турган өзүңчө бөлмөң жок болсо, үйүңдүн бир бурчун сабак окуганга ылайыкташтырып алсаң болот.

     Ыйык Китептеги принцип: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет» (Накыл сөздөр 21:5).

     «Тобуңду, видеооюндарды башка жакка коюп кой. Телефонуңду алаксытпагыдай абалга кой. Гитараңды кабына салып кой. Сени эч нерсе алаксытпашы керек» (Элизабет).

     Ойлонуп көр: Эч нерсе алаксытпаш үчүн окуй турган жериңдин эмнелерин өзгөртүшүң керек?

  •   Көңүл топтогонго үйрөн. Бир учурда бир нече иш менен алек болбой, көңүлүңдү бир эле нерсеге топто. Бир учурда көп нерсени кылганга аракет кылсаң, сөзсүз ката кетиресиң. Убактың да көп кетип калышы мүмкүн.

     Ыйык Китептеги принцип: «Убакытты пайдалана билгиле» (Эфестиктер 5:16).

     «Телефонум жанымда болгондо, көңүлүмдү такыр топтой алчу эмесмин. Болбогон нерселерди кылып, убактымдын баарын талаага кетирчүмүн» (Оливия).

     Ойлонуп көр: Эч нерсеге алаксыбай бир иш менен алектенип канча убакыт отура аласың? Бара-бара ошол убакытты көбөйтө аласыңбы?

  •   Тыным кылып тур. Сейилде, велосипед теп же көнүгүү жаса. Кызыккан нерсең менен алек болгондо да кадимкидей эс алып каласың. «Мектептин таасири» деген бир китепте мындай делет: «Адегенде ишти бүтүр. Антпесе бүтпөй калган иштерди ойлоп, бош убактыңда жакшы эс ала албай каласың».

     Ыйык Китептеги принцип: «Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык» (Насаатчы 4:6).

     «Мектепте жүргөндө музыкалык аспапта ойногонду, сүрөт тартканды үйрөнчүбүз. Ошол нерселерди кылганды аябай сагынып жатам. Окугандан тышкары, ушул сыяктуу чыгармачылык иштер менен да алектениш керек экен» (Тейлор).

     Ойлонуп көр: Кантип эс алганың мээңди сергитип, жакшы окуганга жардам берет?

a Аралыктан окуунун ар кандай ыкмалары бар. Бул макаладагы кеңештерди өзүңдүн жагдайыңа жараша колдонсоң болот.