Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн порнографияны четке кагыш керек?

Эмне үчүн порнографияны четке кагыш керек?

 Порнографияны четке кага аласыңбы?

 Интернетти дайыма колдонгондор бир күнү болбосо, бир күнү порнографиянын кайсы бир түрүнө кабылары турган иш. 17 жаштагы Хэйли деген бир кыз: «Азыркы күндө порнографяны сен издебейсиң, ал өзү сени издейт»,— деп айткан.

 Порнография көрбөйм деп жүрөгүндө чечип алгандар деле азгырылып кетиши мүмкүн. 18 жаштагы Грег деген бала мындай дейт: «Мен өзүмө эч качан порнография көрбөйм деп сөз бергем, бирок бир жолу азгырылып кеткем. Эч качан азгырылбайм деп айта албайт экенсиң».

 Бүгүнкү күндө порнографияны каалаган жерден, каалаган учурда көрүү мүмкүн болуп калды. Ал эми секстинг пайда болгондон бери бул ого бетер жайылууда. Анткени өспүрүмдөр өздөрү порнография «жаратып», аны башкаларга таратышууда.

 Жыйынтык: Сен азыр чоң атаң, чоң энең же ата-энең сендей кезинде кабылбаган азгырыктарга кабылып жатасың. Сен ошол азгырыктарга, мисалы, порнография көрүү азгырыгына туруштук бере аласыңбы? (Забур 97:10).

 Ооба, туруштук бере аласың. Бул өзүңдөн көз каранды. Бирок алгач порнографиянын зыяндуу экенине көзүң жеткидей болушу керек. Анда эмесе, порнография жөнүндөгү жаңылыш ойлорду фактылар менен салыштырып көрөлү.

 Жаңылыш ойлор жана факт

 Жаңылыш ой: Порнографиянын зыяны жок.

 Факт: Тамеки өпкөгө зыян келтиргендей эле, порнография адамдын акылына зыян келтирет. Ал адамдын ой жүгүртүүсүн бузат. Ошондой эле Кудай эки адамды түбөлүккө бириктирип турсун деп жараткан нерсенин кадырын түшүрөт (Башталыш 2:24). Убакыттын өтүшү менен адамдардын эмне туура, эмне туура эмес экенине болгон көз карашынын бурмаланышына да алып келет. Мисалы, айрым адистер айткандай, порнография көрүп жүргөн эркектер аялдарга кордук көрсөтүүнү боло жүргөн нерседей көрүп калышы мүмкүн.

  Ыйык Китепте айрымдардын «уят-сыйытты жыйыштырып» койгончолук деңгээлге жетип калары айтылат (Эфестиктер 4:19). Алардын абийири ушунчалык мокоп калгандыктан, жаман иштерди кылгандан эч уялбай калышат.

 Жаңылыш ой: Порнография көрсөң, жыныстык мамиле жөнүндө көбүрөөк түшүнүгүң болот.

 Факт: Порнография жыныстык каалоолорду ач көздүк менен канааттандырууга түртөт. Андан сырткары, порнография көргөндөр башкаларды өзүнүн кумарын кандырыш үчүн колдоно турган нерсе катары гана көрүп калышат. Ошондуктан, бир изилдөөгө ылайык, порнография көрүүнү адат кылып алгандар үй-бүлө кургандан кийин жыныстык мамиледен азыраак канааттануу алышат.

  Ыйык Китеп бизди бузуктуктан, ыпыластыктан, жыныстык кумарлардан, жаман каалоолордон, ач көздүктөн алыс болууга чакырат. Ал эми порнография ушундай иштерге түртөт (Колосалыктар 3:5).

 Жаңылыш ой: Порнография көрбөгөндөр — элден артта калгандар.

 Факт: Чынында, порнография көрбөгөндөр — жыныстык мамилеге туура көз карашта болгон адеп-ахлактуу адамдар. Алар жыныстык мамилени бири-бирине берилгендигин сактаган жубайлардын ортосундагы түйүндү бекемдей турган Кудайдын белеги катары көрүшөт. Ушундай көз карашта болгондор үй-бүлө курганда жыныстык мамиледен көбүрөөк канааттануу алышат.

  Ыйык Китепте жыныстык мамилелер тууралуу ачык эле айтылат. Мисалы, күйөөлөргө: «Жаш кезиңде алган аялың менен кубан... Анын махабатынан дайыма ырахат ал»,— деген кеңеш берилет (Накыл сөздөр 5:18, 19).

 Канткенде порнографияны четке кага аласың?

 Порнографияны четке кагууга күчүң жетпечүдөй сезилип жатса, эмне кылсаң болот? Бул жагынан сага «Канткенде порнографияны четке кага аласың?» деген планды колдонуу жардам берет.

 Порнография көрүү азгырыгына туруштук бере аларыңа толук ишенсең болот. Атүгүл порнография көрүп жүргөн болсоң да мындай жаман адатты таштай аласың. Аны таштасаң, сөзсүз пайдасын көрөсүң.

 13 жашынан баштап порнография көрө баштаган Калвин деген бир бала мындай дейт: «Порнография зыяндуу экенин билчүмүн, бирок аны четке какканга эрким жетчү эмес. Ыпылас нерселерди көргөндөн кийин өзүмдү аябай жаман сезип калчумун. Ошентип жүрүп, порнография көрүп жүргөнүмдү атам билип калды. Чынын айтсам, атама баарын ачык айткандан кийин жеңилдеп калдым. Акыры, атамдын жардамы менен жаман адатымды таштадым».

 Калвин порнография көрүү азгырыгына туруштук берүүгө үйрөнгөн. Ал мындай дейт: «Порнография көргөнүмө аябай өкүнөм. Анткени мурун көргөндөрүм азыр деле көз алдыма элестей берет. Кээде кайра көрcөм, эмнелерди көрмөктүгүм жөнүндө ойлонуп кетем. Бирок андайда Жахабага жаккандай иш кылсам, бактылуу болорумду, акылымды таза сактай аларымды, жаркын келечекке үмүттөнө аларымды ойлоном».