Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Жашагым келбей калды. Эмне кылсам болот?

Жашагым келбей калды. Эмне кылсам болот?

 «Бир нече жыл мурун ичимдеги ой-санаалар алоолонгон оттой жан дүйнөмдү кыйнай берчү. Күн сайын ал отту өчүргөнгө аракет кылчумун. Ошол учурда „өмүрүмө кол салсамбы“ деп көп ойлончумун. Бирок, чынында, өлгүм келчү эмес. Болгону, кыйынчылыктарымдан эле арылгым келчү. (Жонатан, 17 жаш).

 Жогорку класста окуган 14 миң окуучунун арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, акыркы жылдын ичинде дээрлик ар бир окуучу «өмүрүмдү кыйсамбы» деп ойлонгон a. Эгер сен да «жашап эмне кереги бар» деп ойлонуп жатсаң, эмне кылсаң болот?

  •   Шашпа. Сезимдерге алдырып, шашылыш иш-аракет кылбайм деп чечип ал. Атүгүл чечилбечүдөй көрүнгөн көйгөйлөрүңдү да чечүүнүн жолдору бар.

 Өзүңдү лабиринтте адашып, жол таппай жаткандай сезишиң мүмкүн. Бирок дайыма эле биз ойлогондой болбошу ыктымал. Ар бир жагдайдан чыгуунун жолу бар. Көйгөйлөрүң сен күткөндөн да тез эле чечилип калышы этимал. Болгону, сага жардам керек болуп жаткандыр.

  •  Ыйык Китептеги принцип: «Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да, жарга такалган жокпуз; эмне кыларыбызды билбей турсак да, үмүт үзгүдөй абалда калган жокпуз» (2 Корунттуктар 4:8).

     Кеңеш: «Өмүрүмдү кыйсамбы» деген ойлор такыр кетпей жатса, жардамды каяктан алсаң болот? Мисалы, ишеним телефонуна же тез жардам кызматына чалсаң болот. Ал жакта ишин жакшы билген адистер иштешет. Алар ден соолугуңа кызыкдар болгондуктан тийиштүү көмөк көрсөтө алышат.

  •   Сезимдериңди кимдир бирөө менен бөлүш. Жаныңда камыңды ойлогон, сага жардам бергиси келген кишилер бар. Мисалы, досторуң же үйүңдөгүлөр. Алар, сен өзүң айтып бермейинче, башыңдан эмнелерди өткөрүп жатканыңды билбеши мүмкүн.

 Айрымдарга айланасын тунук көрө алышы үчүн көз айнек керек. Досуң да көз айнек сымал сага жагдайыңа туура баа бергенге жардам бере алат. Ошондо кайра жашагың келип калат.

  •  Ыйык Китептеги принцип: «Чыныгы дос... кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17).

     Кеңеш: Маекти минтип баштап көр: «Акыркы учурда мени жаман ойлор басып жатат. Ушул тууралуу сени менен сүйлөшсөм болобу?» же болбосо «Аябай кыйналып кеттим. Өзүм жалгыз жеңе албачудай сезилип жатат. Мага жардам бере аласыңбы?»

  •   Доктурга кайрыл. Тынчсыздануу же депрессия сыяктуу көйгөйлөрдөн улам көптөр жашагысы келбей калат. Бирок ал көйгөйлөрдү чечсе болот!

 Сасык тумоонун айынан табитиң жоголуп, эч нерсе жегиң келбей калгандай эле, депрессияга кабылганда да жашагың келбей калышы ыктымал. Бирок бул эки орууну тең дарыласа болот.

  •  Ыйык Китептеги принцип: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж» (Матай 9:12).

     Кеңеш: Жетиштүү уктап, көнүгүү жаса жана туура тамактан. Ден соолугуң маанайыңа таасир этиши мүмкүн.

  •   Тилен. Ыйык Китепте Жаратканыбыз «жүрөгүбүздөн чоң жана баарын билет» деп жазылган (1 Жакан 3:20). Анда бүгүн Жараткан Кудайдан тиленип көрбөйсүңбү? Ага ысмынан кайрылып, жүрөгүңдөгүнү төк.

 Айрым кыйынчылыктар менен өз алдынча күрөшүү кыйын. Жаратканың Жахаба сага жардам бергиси келет.

  •  Ыйык Китептеги принцип: «Бардык өтүнүчүңөрдү... Кудайга... билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды... сактайт» (Филипиликтер 4:6, 7).

     Кеңеш: Кудайга көйгөйлөрүң тууралуу айткандан тышкары, бери дегенде, бир жакшылыгы үчүн ыраазычылык билдир. Ыраазы боло билүү жашоодо жакшы нерселерге көңүл топтоп, келечекке үмүт менен караганга көмөк кылат.

 Жашагың келбей калса, жардам сура. Макаланын башындагы сөздөрдү айткан Жонатан да ушундай кылган. Ал мындай деген: «Ата-энем менен көп жолу сүйлөшкөм жана доктурга кайрылгам. Азыр өзүмдү кадимкидей жакшыраак сезип калдым. Маал-маалы менен көңүлүм чөгүп турса да, „өмүрүмдү кыйсамбы“ деген ойлор келбей калды».

a Сурамжылоону 2019-жылы АКШдагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору жүргүзгөн.