Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аз эле киши аркылуу көптөрдү азыктандырууда

Аз эле киши аркылуу көптөрдү азыктандырууда

«[Иса] нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратты» (МТ. 14:19).

1—3. Иса пайгамбардын Бетсаиданын жанында көп элди кантип тойгузганын айтып бергиле. (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

КӨЗ алдыбызга бир окуяны элестетели. (Оку: Матай 14:14—21.) Б.з. 32-жылы. Пасах майрамына аз эле калган. Аялдар менен кичинекей балдарды кошпогондо, 5 000дей киши Иса пайгамбар менен анын шакирттерин ээрчип, Галилея деңизинин түндүк жээгинде жайгашкан Бетсаиданын жанындагы ээн жерге барат.

2 Элди көргөндө Иса пайгамбардын боору ооруп, оорулууларды айыктырат жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көп нерселерди айтып берет. Кеч киргенде, шакирттери ага: «Элди тарат, айыл-кыштактарга барып, тамак-аш сатып алышсын»,— дешет. Бирок ал: «Аларга тамак-ашты силер бергиле»,— деп айтат. Буга шакирттери аябай таң калышса керек, анткени аларда жегенге беш нан менен эки кичинекей балыктан башка эч нерсе жок болчу.

3 Ошондо Иса пайгамбар элди аяп, керемет жасайт. Ошол керемет гана төрт Инжилде тең баяндалат (Мр. 6:35—44; Лк. 9:10—17; Жкн. 6:1—13). Иса пайгамбар шакирттерине элди көк чөпкө 50дөн, 100дөн кылып отургузууну айтат. Андан соң Кудайдан бата сурап тиленет да, нандарды сындырып, балыктарды бөлөт. Анан аларды түз эле элге эмес, «шакирттерине берет», «алар болсо элге таратат». Таң калыштуусу, баары тоё жегенден кийин да, нан менен балык артып калат. Ойлонуп көрсөңөр, Иса Машаяк ошондо аз эле кишини — шакирттерин — колдонуп, көптөрдү тойгузган *.

4. а) Иса пайгамбар жолдоочуларынын биринчи кезекте кандай тамак менен камсыз болушуна кам көргөн жана эмне үчүн? б) Ушул жана кийинки макалада эмнелерди карап чыгабыз?

4 Анткен менен Иса пайгамбар жолдоочуларынын биринчи кезекте рухий тамак менен камсыз болушуна кам көргөн. Себеби рухий тамактын, Кудайдын Сөзүндө жазылган чындыктын, түбөлүк өмүргө алып барарын жакшы билген (Жкн. 6:26, 27; 17:3). Ал боорукердигинен улам элди нан жана  балык менен тойгузгандай эле, так ошол боорукердигинен улам аларды окутуп-үйрөтүүгө көп убактысын жумшаган (Мр. 6:34). Иса пайгамбар жерде аз эле убакыт болорун жана кайра асманга кетерин билген (Мт. 16:21; Жкн. 14:12). Анда ал асманга баргандан кийин жердеги жолдоочуларын рухий жактан кантип азыктандырмак? Аларды азыктандырыш үчүн да аз эле кишини колдонмок. Кимдерди? Бул суроого жооп алыш үчүн, келгиле, анын 1-кылымдагы майланган жолдоочуларын азыктандырыш үчүн кандайча аз эле кишини колдонгонун карап көрөлү. Кийинки макалада болсо Машаяк бизге рухий тамак бериш үчүн бүгүнкү күндө кимдерди колдонуп жатканын кантип аныктасак болорун карап чыгабыз.

Аз эле киши аркылуу миңдегендерди тойгузган (4-абзацты карагыла)

ИСА МАШАЯК ШАКИРТТЕРИНИН БИР НЕЧЕСИН ТАНДАЙТ

5, 6. а) Иса Машаяк жолдоочуларына, өзү өлгөндөн кийин да, рухий жактан жакшы кам көрүлүшү үчүн эмне кылган? б) Иса Машаяк элчилерин абдан маанилүү ишке кантип даярдаган?

5 Камкор киши, кокус көзү өтүп кете турган болсо, үйүндөгүлөрү кароосуз калбашы үчүн, алдын ала чара көрөт. Анын сыңарындай, Иса Машаяк жыйналыштын келечектеги Башчысы катары жолдоочуларына, өзү өлгөндөн кийин да, рухий жактан жакшы кам көрүлүшүнө күн мурун чара көргөн (Эф. 1:22). Алсак, өлөрүнө эки жылдай калганда, ал абдан маанилүү чечим чыгарган, тактап айтканда, кийинчерээк көптөрдү азыктандыра тургандардын алгачкыларын тандаган. Кантип?

6 Ал түнү бою тиленгенден кийин шакирттерин чогултуп, алардын арасынан 12 элчисин тандаган (Лк. 6:12—16). Кийинки эки жыл бою 12 элчисин сөзү менен да, иши менен да көп нерсеге үйрөтүп, алар менен өзгөчө жакын мамиледе болгон. Ал элчилеринин дагы көп нерсеге үйрөнүшү керектигин билген. Ошондуктан алар андан ары да «шакирттер» деп атала берген (Мт. 11:1; 20:17). Иса Машаяк аларга баалуу кеп-кеңештерин айтып, кызматын жакшы аткарууну майда-чүйдөсүнө чейин үйрөткөн (Мт. 10:1—42; 20:20—23; Лк. 8:1; 9:52—55). Ошентип, элчилерин өзү асманга кеткенден кийин аткарыла турган абдан маанилүү ишке даярдаган.

7. Иса Машаяк элчилери баарынан мурда эмнеге көңүл бурушу керектигин кантип көрсөткөн?

7 Элчилер кандай маанилүү ишти аткарышмак? Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамы жакындаганда, алардын «көзөмөлчүлүк кызматты» аткарары айкын болгон (Элч. 1:20). Алар ошол кызматты аткарууда баарынан мурда эмнеге көңүл бурушу керек эле? Бул суроого Иса Машаяктын тирилгенден кийин элчи Петирге айткан сөздөрүнөн жооп табууга болот. (Оку: Жакан 21:1, 2, 15—17.) Ал бир нече элчисинин көзүнчө Петирге: «Койлорумду бак»,— деп айткан. Муну менен ал көптөрдү рухий тамак менен азыктандырыш үчүн элчилерин колдонорун көрсөткөн. Мындан анын өзүнүн «койлорун» канчалык жакшы көрөрү көрүнүп турат *.

ЭЛҮҮНЧҮ КҮН МАЙРАМЫНАН БЕРИ КӨПТӨРДҮ АЗЫКТАНДЫРУУДА

8. Элүүнчү күн майрамында чөмүлгөндөрдүн Машаяктын кимдерди колдонуп жатканын айкын түшүнүшкөнү эмнеден көрүнгөн?

8 Тирилгенден кийин Иса Машаяк б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан тартып жолдоочуларын азыктандырыш үчүн элчилерин колдоно баштаган. (Оку: Элчилер 2:41, 42.) Жүйүттөр менен алардын динин кабыл алгандардын арасынан ошол күнү ыйык рух менен майланып, Машаяктын жолдоочусу болгондор муну айкын түшүнүшкөн. «Алар элчилердин насааттарын түшүнүүгө... дайыма ынтызар» болушкан. Бир окумуштуунун айтымында, бул аятта «ынтызар» деп берилген грек тилиндеги сөз «кайсы бир ишке туруктуулук менен, максаттуу түрдө берилүү» деген маанини туюнтат. Жаңы чөмүлгөн шакирттер Кудайдын  Сөзүндөгү чындыкты таанып-билүүнү аябай каалашкан жана ошол чындыкты кимдер үйрөтөрүн жакшы билишкен. Андыктан алар Иса Машаяктын айткан сөздөрү менен кылган иштерин, ошондой эле ал жөнүндө жазылган аяттардын маанисин түшүнүү үчүн дайыма элчилерге кайрыла турган * (Элч. 2:22—36).

9. Элчилердин Машаяктын койлорун азыктандырууга олуттуу караганы эмнеден көрүнгөн?

9 Элчилер Машаяктын койлорун азыктандырууга олуттуу карашкан. Мисалы, жаңы уюшулган жыйналышта бир туугандардын бөлүнүп-жарылышына алып бара турган бир көйгөй пайда болгондо, алардын эмне кылганын карап көрөлү. Кызыктуусу, ал көйгөй тамак-ашка байланыштуу болчу. Күнүмдүк тамак-аш бөлүштүрүүдө еврейче сүйлөгөн жесирлерге кам көрүлүп, грекче сүйлөгөн жесирлер көңүлгө алынбай калып жаткан эле. Элчилер ал көйгөйдү кантип чечишкен? Алар тажрыйбалуу жети бир тууганды тамак-аш бөлүштүрүүнү көзөмөлдөөгө дайындашкан. Мындан көрүнүп тургандай, Машаяк көп элди тойгузганда тамак-аш таратууга катышкан элчилер башкаларды рухий тамак менен азыктандыруу алда канча маанилүү экенин түшүнүшкөн. Андыктан алар «Кудайдын сөзүн үйрөтүп, кызмат кыла берүүнү» чечишкен (Элч. 6:1—6).

10. Иса Машаяк Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдарды кандай максатта колдонгон?

10 Б.з. 49-жылы элчилерге айрым тажрыйбалуу аксакалдар кошулган. (Оку: Элчилер 15:1, 2.) Иерусалимдеги ал «элчилер менен аксакалдар» жетектөөчү кеңеш катары кызмат кылышкан. Жыйналыштын Башчысы Иса Машаяк Ыйык Жазмадагы окууларга байланышкан маселелерди чечүүдө, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу жана окутуу ишин жетектөөдө тажрыйбалуу жолдоочуларынан турган ошол чакан топту колдонгон (Элч. 15:6—29; 21:17—19; Кол. 1:18).

11, 12. а) Жахаба Уулунун 1-кылымдагы жыйналыштарды азыктандыруу үчүн көргөн чарасына батасын бергени эмнеден көрүнүп турат? б) Машаяктын рухий тамак берүүдө кимдерди колдонуп жатканы кандайча башкаларга айкын көрүнүп турган?

11 Жахаба Уулунун 1-кылымдагы жыйналыштарды азыктандыруу үчүн көргөн чарасына батасын берди беле? Ооба. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Элчилер китебинде: «Алар [элчи Пабыл менен анын шериктери] шаарларды кыдырып, бир туугандарга алар карманышы керек болгон чечимдерди, Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар чыгарган чечимдерди, айтып  жүрүштү. Мунун аркасында бир туугандардын ишеними бекемделип, жыйналыштар сан жагынан күндөн күнгө өсүп жатты»,— деп айтылат (Элч. 16:4, 5). Көңүл бурсаңар, жыйналыштар Иерусалимдеги жетектөөчү кеңешке баш ийгенинин аркасында өркүндөп-өскөн. Мындан Жахаба Уулунун жыйналыштарды азыктандыруу үчүн көргөн чарасына батасын бергени көрүнүп турат. Андыктан жыйналыштар Жахаба батасын бергенде гана өркүндөп-өсөрүн унутпайлы (Накыл 10:22; 1 Кор. 3:6, 7).

12 Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, Иса Машаяк өзүнүн жолдоочуларын азыктандырууда аз эле кишини колдонуп келген. Анын кимдерди колдонуп жатканы башкаларга айкын көрүнүп турган. Анткени жетектөөчү кеңештин алгачкы мүчөлөрү болгон элчилерди Кудай колдоп жатканы айдан ачык болгон. Алсак, Элчилер 5:12де: «Элчилер эл арасында көптөгөн керемет-жышаандарды көрсөтүп жатышты»,— делет *. Ошондуктан Машаяктын жолдоочусу болгондордо анын койлорун азыктандыруу үчүн кимдерди колдонуп жатканына байланыштуу суроо туулган эмес. Бирок, өкүнүчтүүсү, 1-кылымдын соңунда жагдай өзгөргөн.

1-кылымда Машаяктын жыйналыштарды азыктандырууда кимдерди колдонуп жатканы айкын көрүнүп турган (12-абзацты карагыла)

БУУДАЙДЫ ОТОО ЧӨП БАСЫП КЕТКЕН УБАК

13, 14. а) Иса Машаяк эмнени алдын ала айткан жана анын сөздөрү качан аткарыла баштаган? б) Жыйналыш кайсы эки жактан кыйынчылыктарга дуушар болмок? (Шилтемени карагыла.)

13 Иса Машаяк өзүнүн жолдоочуларынын жыйналышы кыйынчылыктарга дуушар болорун алдын ала айткан. Анын пайгамбарлык мааниси бар мисалында жаңы себилген буудайдын (Машаяктын майланган жолдоочуларынын) арасына отоо чөп (Машаяктын жолдоочусу атангандар) себилмектигин айтканын эстесеңер. Ал «бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченинде» баштала турган орок маалына чейин экөө тең өсө берерин айткан (Мт. 13:24—30, 36—43). Көп өтпөй эле анын сөздөрү аткарыла баштаган *.

14 1-кылымда чындыктан четтегендер жыйналыштарга таасир этүүгө аракет кылышкан, бирок Машаяктын ишенимдүү элчилери жыйналыштарды алардын терс таасиринен коргоп, жалган окуулардын жайылышына жол беришкен эмес (2 Тес. 2:3, 6, 7). Анткен менен акыркы элчи көз жумгандан кийин, чындыктан четтөөчүлүк тамыр жайып, кылымдар бою дүркүрөп өсө берген. Ошол убак аралыгында отоо чөп каптап, буудай дээрлик байкалбай калган. Башкаларды рухий жактан азыктандыра турган уюшулган, туруктуу топ жок болгон. Бирок жагдай жакшы жакка өзгөрмөк. Бул качан болмок?

ОРОК МААЛЫНДА РУХИЙ ТАМАК КИМ АРКЫЛУУ БЕРИЛМЕК?

15, 16. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн аракети кандай натыйжа берген жана буга байланыштуу кандай суроо туулат?

15 Отоо чөп менен буудай чогуу өскөн убак соңуна чыгайын деп калганда, айрымдар Ыйык Китептеги чындыкка абдан кызыга баштаган. 1870-жылдары чындыкты чын жүрөктөн издегендер чогулуп, чакан топ пайда болгон. Алар отоо чөптөн, башкача айтканда, христиан дүйнөсүндөгү чиркөөлөр менен секталардан бөлүнүп, Ыйык Китепти изилдешкен. Өзүлөрүн Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр деп атаган ошол момун, калыс кишилер аяттарды тиленүү менен кылдат изилдешкен (Мт. 11:25).

16 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн ушундай аракети жакшы натыйжа берген. Алар Ыйык Китепке негизделген адабияттарды басып чыгарып, аларды дүйнөнүн чар тарабына таратуу менен жалган окууларды ашкерелеп, чындыкты жайылтышкан. Анын аркасында чындыкка суусап жүргөн көптөгөн адамдардын жүрөгү козголуп, көзү  ачылган. Анда 1914-жылга чейин жашаган ошол Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Машаяк өзүнүн койлорун азыктандырыш үчүн колдонгон топ болгон деп айтууга болобу? Жок. Ал кезде буудай менен отоо чөп дагы деле чогуу «өсүп жаткан» жана рухий тамакты бере турган топ калыптанып бүтө элек болчу. Отоо чөптү буудайдан бөлө турган убак али келе элек эле.

17. 1914-жылдан тартып кандай маанилүү окуялар болгон?

17 Мурунку макалада талкуулангандай, орок маалы 1914-жылы башталган. Ошол жылы бир катар маанилүү окуялар болгон: Иса Машаяк Падыша катары такка отурган жана бул дүйнөнүн акыркы күндөрү башталган (Аян 11:15). 1914-жылдан 1919-жылдын башына чейин Иса Машаяк Атасы менен бирге аябай маанилүү ишти, рухий ибадаткананы текшерүү жана тазалоо ишин, жүргүзгөн * (Мал. 3:1—4). Ал эми 1919-жылдан тартып буудай чогултула баштаган. Так ошондо Машаяк өзүнүн койлорун азыктандыра турган топту дайындай турган убак келген.

18. Иса Машаяк эмнени алдын ала айткан жана баарыбызды кайсы суроо кызыктырат?

18 Иса Машаяк бул дүйнөнүн аягы жөнүндөгү пайгамбарлыгында жолдоочуларына «өз убагында тамак берип тура» турган топту дайындаарын алдын ала айткан (Мт. 24:45—47). Ал аларды азыктандыруу үчүн кимдерди колдонмок? 1-кылымдагыдай эле, аз эле кишини колдонмок. Акыркы күндөр соңуна чыгып бараткандыктан, баарыбызды: «Машаяк ал ишке кимди дайындамак?» — деген суроо кызыктырат. Анын пайгамбарлыгына байланыштуу ушул жана башка суроолор эмки макалада талкууланат.

 

^ абз. 3 3-абзац: Иса пайгамбар кийинчерээк, аялдар менен кичинекей балдарды кошпогондо, 4 000дей кишини керемет жолу менен тойгузганда да нан менен балыкты бөлүп, «шакирттерине берген», «алар болсо элге таратышкан» (Мт. 15:32—38).

^ абз. 7 7-абзац: Элчи Петирдин убагында Машаяктын «койлорунун» баары асманда жашоого үмүттөнүшкөн.

^ абз. 8 8-абзац: Жаңы чөмүлгөн шакирттердин «элчилердин насааттарын түшүнүүгө... дайыма ынтызар» болгонунан элчилердин туруктуулук менен окутушканы көрүнүп турат. Элчилер үйрөткөн айрым окуулар ыйык рухтун жетеги менен жазылган Грек Жазмаларына кирген китептерде камтылган.

^ абз. 12 12-абзац: Элчилерден башка шакирттер да ыйык рух аркылуу берилүүчү табияттан тыш жөндөмдүүлүктөргө ээ болушса да, көп учурда андай жөндөмдүүлүктөр башкаларга элчилер аркылуу же алардын көзүнчө берилчү (Элч. 8:14—18; 10:44, 45).

^ абз. 13 13-абзац: Пабылдын Элчилер 20:29, 30дагы сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, жыйналыш эки жактан кыйынчылыктарга дуушар болмок. Биринчиден, Машаяктын жолдоочусу атангандар («отоо чөп») анын чыныгы жолдоочуларынын арасына «кирип» кетмек. Экинчиден, жыйналыштагылардын эле арасынан «чындыкты бурмалап сүйлөгөндөр» чыкмак.

^ абз. 17 17-абзац: Ушул сандагы «Мен ар дайым силер менен болом» деген макаланын 6-абзацын карагыла.