Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Түшүм жыйноо мыйзамы эмнени билдирген жана ал кимдерге пайда алып келген?

Мусанын мыйзамы дыйкандарга талаасындагы түшүмүнүн эч нерсесин калтырбай жыйнап кетүүгө тыюу салган. Ал мыйзамга ылайык, талаадан эгин оргондор талаасынын четин жыйнабай калтырып коюшчу. Жүзүм жыйнагандар жерге түшүп калган жүзүмдөрдү терип алышчу эмес, быша электерин да тербей калтырып коюшчу. Ошондой эле зайтун дарагынын мөмөлөрүн күбүп жатканда даракта калган мөмөлөрдү калтырып кетишчү (Лебилер 19:9, 10; Мыйзам 24:19—21). Аларды кедейлер, жетимдер, жесирлер жана башка келгиндер терип алышчу.

Түшүм жыйноого байланыштуу мыйзам бүткүл ысрайыл элине пайда алып келген. Алсак, мунун аркасында талаа ээлери ач көз болбоого, тескерисинче, берешен болууга жана Кудайга таянууга үйрөнүшкөн. Ал эми калган эгинди оруп, түшүм тергендер эмгекчил болууга үйрөнүшкөн, анткени түшүмдүн калдыгын жыйноо мээнетти талап кылган (Рут 2:2—17). Түшүм жыйноо менен кедей-кембагалдар ачка калышмак эмес же элге жүк болушмак эмес. Ошондой эле ал мыйзам аларды кадыр-баркын түшүрүп, башкалардан кайыр сурап калуудан коргогон.

Сулайман Иерусалимдеги ибадаткананы куруу үчүн эмне себептен жыгачтарды алыскы Лебанондон алдырчу?

1 Падышалар 5:1—10-аяттарда Сулайман менен Тир падышасы Хирамдын макулдашканы жөнүндө билдирүү жазылат. Ошол макулдашууга ылайык, кедр жана кипарис жыгачтары Лебанондон Ысрайылга деңиз аркылуу алынып келип, ибадаткананы курууда колдонулмак.

Байыркы Ортоңку Чыгышта кедр жыгачы менен соода кылуу кеңири жайылган. Египетте жана Месопотамияда кедр жыгачтары ибадатканаларды жана ак сарайларды кооздоодо, ошондой эле тирөөчтөр катары колдонулчу. Падышанын архивтеринде, адабий чыгармаларда жана жазууларда кедр жыгачтарынын түштүк Месопотамиянын шаарларына дайым келип турганы, айрым учурларда олжо же салык катары алынып келгени ырасталат. Египетте кедр жыгачтарынан падышалардын кемелерин, табыттарын жана маркумду коюуда колдонулган башка буюм-тайымдарды жасашчу.

Лебанондун кедр жыгачтары сапаттуу, кооз болгону жана жыпар жыт аңкытып турганы менен белгилүү болгон. Зыянкеч курт-кумурскаларга да байымдуу болгон. Демек, Сулайман ибадаткананы курууга эң жакшы курулуш материалдарын колдонгон. Учурунда Лебанон тоолорун жаап турган жыш өскөн кедр токойлору бүгүнкү күндө аябай эле суюлуп кеткен.

[15-беттеги сүрөт]

Лебанон жыгачтарын ташуу, Саргондун ак сарайынан бошонгон ашурлуктар

[Булак жөнүндө маалымат]

Erich Lessing/Art Resource, NY