Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү дарылануудан баш тартышабы?

Жахабанын Күбөлөрү дарылануудан баш тартышабы?

Окурмандардын суроолору

Жахабанын Күбөлөрү дарылануудан баш тартышабы?

▪ Иса «дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж» экенин айткан (Матай 9:12). Демек, ал дарылануудан баш тартууга ыйык китептик эч кандай себеп жок экенин баса белгилеген. Андыктан Жахабанын Күбөлөрү догдурларга кайрылышат. Алар ден соолугун чыңдап, көп жашагысы келет. Чынында, алардын арасында Исанын биринчи кылымдагы жолдоочусу Лукадай болгон дарыгерлер да бар (Колосалыктар 4:14).

Бирок Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги принциптерге карама-каршы келген дарылоо ыкмаларын кабыл албайт. Маселен, алар кан куйдуруудан баш тартышат, анткени Ыйык Китепте өмүрдү сактап калуу үчүн канды колдонууга тыюу салынат (Башталыш 9:4; Лебилер 17:1—14; Элчилер 15:28, 29). Ошондой эле анда сыйкырчылык же спиритизм менен байланышы бар дарылоо ыкмалары да айыпталат (Галатиялыктар 5:19—21).

Көптөгөн дарыгерлер Ыйык Китептеги принциптерге карама-каршы келбеген дарылоо ыкмаларын сунуш кылышат. Жахабанын Күбөлөрү кабыл алган андай дарылоо ыкмалары Кудайдын талаптарына карама-каршы келген ыкмалардан алда канча сапаттуу келет.

Албетте, дарылануунун ар кандай жолдору бар. Бирине жардам берген нерсе, экинчисине жардам бербеши мүмкүн. Андыктан ден соолугунун абалын текшертип, так диагноз койдурууну жана сапаттуу дарыланууну каалагандар бир эле дарыгердин айтканы менен чектелбестен, бир нече дарыгерге кайрылышат (Накыл сөздөр 14:15).

Жахабанын Күбөлөрүнүн баары дарыланууга байланыштуу бирдей чечим чыгарбайт. Ыйык китептик мыйзам бузулбаса, ар ким абийирине жараша ар кандай чечим чыгара алат (Римдиктер 14:2—4). Ошондуктан ар бир адам сунуш кылынган дарылануу ыкмасын жакшылап талдап көрүп, анын Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирине туура келер-келбесине ынангыдай болушу керек (Галатиялыктар 6:5; Эврейлер 5:14).

Жахабанын Күбөлөрү чечим чыгарарда машине көп жүргөн жолдун кесилишине жакындап калган айдоочудай иш аракет кылышат. Эгер айдоочу ылдамдыгын азайтпай, алдындагы машинени ээрчип кете берсе, кырсыкка учурашы мүмкүн. Ал эми тажрыйбалуу айдоочу шашылбастан, кесилиштен өтөр алдында токтоп, эки жагын карайт. Анын сыңарындай эле, Жахабанын Күбөлөрү дарылануу ыкмаларын кабыл алууга байланыштуу чечим чыгарарда шашылбайт жана көпчүлүктү ээрчибейт. Тескерисинче, баарын таразалап көрүп, ыйык китептик принциптерди эске алат.

Жахабанын Күбөлөрү дарыгерлердин күжүрмөн эмгегин жана өз кесибине берилгендик менен мамиле кылганын жогору баалашат. Ошондой эле алардын ар кандай оорулардан сакаюуга жардам берип жатканына абдан ыраазы.