Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Байыркы убактагы түстөр жана кездемелер

Байыркы убактагы түстөр жана кездемелер

Байыркы убактагы түстөр жана кездемелер

ЫЙЫК КИТЕПТЕН байыркы убактагы адамдардын кандай кийингенин, кандай түстөгү кийимдерди кийгенин, кандай кездемеден кийим тигишкенин биле алабыз.

Албетте, Ыйык Китеп байыркы убактагы адамдардын кандай кийингенин сүрөттөгөн китеп эмес. Ошентсе да анда ушул сыяктуу майда-чүйдө маалыматтар жазылган. Алар Ыйык Китепти окуган адамга байыркы убактагы жашоону жана адамдарды айкын элестеткенге жардам берет.

Мисалы, Ыйык Китепте айтылгандай, Адам ата менен Обо эне анжыр дарагынын жалбырактарын бириктирип, белинен ылдый жаап алышкан. Бирок кийинчерээк Кудай аларга андан жакшы кийим — «териден узун кийим» — кийгизген (Башталыш 3:7, 21).

Ошондой эле Чыгуу китебинин 28, 39-бөлүмдөрүнөн башкы дин кызматчынын кийими кандай болгонун биле алабыз. Ал зыгырдан токулган ич кийим, ак көйнөк, жеңи жок узун көк көйнөк, эфод кийчү. Анын сыртынан кур курчанып, төш жапкыч тагынчу. Башына жалтырап турган алтын тасмасы бар чалма кийчү. Ушуларды окуп жатканда дин кызматчынын кийими канчалык кооз болгонун элестете алабыз (Чыгуу 39:1—5, 22—29).

Илияс пайгамбар замандаштарынан кийген кийими менен өзгөчөлөнүп тургандыктан, башкалар аны кийиминен таанышчу. «Ал түктүү кийим кийип, белине кайыш кур курчанып» жүргөн. Кылымдар өткөндөн кийин Чөмүлдүрүүчү Жакан жашаган убакта кээ бир жүйүттөр аны Илияс пайгамбар деп ойлошкон. Чөмүлдүрүүчү Жакан менен Илияс пайгамбардын кийингени окшош болгондуктан, алар ошондой ойдо болушса керек (2 Падышалар 1:8; Матай 3:4; Жакан 1:21).

Кездемелер жана түстөр. Ыйык Китептен байыркы убакта кийим тигүүдө кездеменин кандай түрлөрү, кандай түстөгү кездеме колдонулганын, аны кантип боёшконун биле алабыз. Ошондой эле анда жип ийирүү, кездеме токуу, кийим тигүү жөнүндө да айтылат *. Ошол убакта колдонулган кездеменин көбү койдун же эчкинин жүнүнөн жана зыгыр буласынан токулчу. Адам ата менен Обо эненин уулу Абыл койчу болгон (Башталыш 4:2). Ал койду жүнүн кыркып алыш үчүн бакканбы же ал үчүн эмеспи, Ыйык Китепте айтылбайт. Ал эми зыгыр буласы жөнүндө биринчи жолу Ыйык Китептен фараон Жусупка кийим кийгизгени жөнүндөгү билдирүүдөн окуйбуз. Ошол учур б.з.ч. 18-кылым болчу (Башталыш 41:42). Анда жүйүттөрдүн кебезден токулган кездемелерди колдонгону жөнүндө дээрлик эч нерсе айтылбайт. Бирок андай кездемелерди Ортоңку Чыгышта байыртадан бери эле кеңири колдонуп келишкен.

Ал убакта зыгыр буласы менен жүндү чыйратып, ар кандай жоондукта жип ийиришчү. Анан ал жиптен кездеме токушчу. Жиптерди жана токулган кездемелерди түрдүү түстөргө боёп, андан соң даяр кездемеден ар кандай кийимдерди бычышчу. Тигилген кийимдерге кийимдин көркүн ачкан, ар кандай түстөгү жиптерден сайма сайылчу. Саймасы бар кийимдер жогору бааланган (Бийлер 5:30).

Ыйык Китепте кездемелердин көбүнчө көк, кызгылт көк жана кочкул кызыл өңдө болгону жөнүндө айтылат. Ысрайылдыктарга кийимдеринин этегиндеги чачыларынын үстүнөн «көк жип өткөрүшү» керектиги буйрук кылынган. Бул ысрайыл элине Жахаба Кудай менен өзгөчө мамиледе экенин эскертип турган (Сандар 15:38—40). Еврей тилиндеги текхелет деген сөз көгүлтүр деп которулат, ал эми аргаман деген сөз, адатта, кызгылт көк деп которулат. Башкы дин кызматчынын кийимдери, жыйын чатыры менен ибадаткана кооздолгон нерселер көбүнчө ушул түстөрдө болчу.

Жыйын чатыры менен ибадаткананын жабуулары жана көшөгөлөрү. Жыйын чатыры жана кийинчерээк Иерусалимде курулган ибадаткана ысрайылдыктардын сыйынуу борбору болгон. Ошондуктан жыйын чатыры менен Сулайман пайгамбар курдурган ибадаткананы курууда колдонулган жана аларга керектелген нерселер жөнүндө Ыйык Китепте майда-чүйдөсүнө чейин так жазылганы таң калыштуу эмес. Анда кандай курулуш материалдары жана кайсы түстөр колдонулганы жөнүндө айтылгандан тышкары, жыйын чатырынын жабуулары менен көшөгөлөрү кантип токулганы, тигилгени, боёлгону, саймаланганы жөнүндө да жазылат.

Жахаба Кудай Олиап менен Безелел деген кишилерге ыйык рухун берип, бардык ишке жөндөмдүү кылгандыктан, алар башка кишилер менен бирге өзгөчө ишти — жыйын чатырын куруу ишин — берилгендик менен аткарышкан (Чыгуу 35:30—35). Чыгуу китебинин 26-бөлүмүндө жыйын чатырын курууда кандай курулуш материалдары колдонулганына жана анын ар бир бөлүгү кандайча курулганына байланыштуу маалыматтар ийне-жибине чейин айтылган. Мисалы, жыйын чатырынын аябай кооз, кымбат баалуу жабуусу «чыйратылган жогорку сапаттагы зыгыр буласынан, көк жиптен, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жүндөн» токулган. Кыязы, ал нерселерди ысрайылдыктар Мисирден чыгып баратканда алып кетишкен. Жыйын чатырынын ичиндеги «Ыйык жайды Ыйыктын ыйыгынан» бөлүп турган, керуптардын сүрөтү түшүрүлгөн калың көшөгө кылдаттык менен жасалган (Чыгуу 26:1, 31—33). Сулайман пайгамбар курдурган Иерусалимдеги ибадаткананын айрым нерселерин да кызгылт көк, кочкул кызыл жүндөн, көк жиптен токушкан (2 Жылнаама 2:1, 7).

Ыйык Китептеги билдирүүлөрдөн ысрайылдыктардын колдо бар нерселерин тапкычтык, чебердик менен колдонушканын көрө алабыз. Ал билдирүүлөр күңүрт, бозомук тартып турган өңдөрдөн кийим кийген адамдарды эмес, ар кандай түстөгү кийимдерди кийген, жагдайга жана мезгилге жараша, колунда болгонуна жараша жарашыктуу кийинген адамдарды элестеткенге жардам берет.

Ыйык Китепте ысрайылдыктарга эң жакшы жер — «сүт менен бал аккан жер» — мураска берилгени жазылган (Чыгуу 3:8; Мыйзам 26:9, 15). Ысрайылдыктар Жахаба Кудайга жаккандай сыйынганда, ал аларга батасын берген. Алар бактылуу болуп жашашкан. Ыйык Китепте: «Жүйүт менен Ысрайыл бейкапар жашады, Дандан Беир-Шебага чейин жашагандардын ар бири өзүнүн жүзүм сабагынын, анжир дарагынын астында отурду»,— деп айтылган (1 Падышалар 4:25).

[Шилтеме]

^ 7-абз. Булар тууралуу көбүрөөк билиш үчүн ушул макаладагы кутучаларды карагыла.

[26, 27-беттердеги кутуча/сүрөттөр]

Жүн жана зыгыр

Байыркы убакта көптөр койду, негизинен, сүтүн ичиш үчүн, жүнүн кыркып алыш үчүн багышчу. Бир үй-бүлөнүн кийим-кечесине бир нече эле койдун жүнү жетиштүү болгон. Көп кой баккандар ашып калган жүндү кездеме токугандарга сатышчу. Кээ бир шаарлар менен кыштактарда кездеме токуган ишканалар болгон. Байыркы убактан тартып эле адамдар жыл сайын кой кыркып келишкен (Башталыш 31:19; 38:13; 1 Шемуел 25:4, 11).

Көптөргө белгилүү болгон зыгыр кездемелери зыгыр өсүмдүгүнүн буласынан токулган (Чыгуу 9:31). Зыгыр бышканда аны чогултуп алып, сабагын күнгө кургатышчу. Анан сөңгөгүн жумшартыш үчүн сууга чылап коюшчу. Аны кургаткандан кийин жанчып, булаларын өзүнчө бөлүп алып, чыйратышчу. Падышалар, бийлик башындагылар көбүнчө зыгырдан кийим кийишчү.

[Сүрөт]

Чылана элек кургатылган зыгыр буласы

[27-беттеги кутуча/сүрөт]

Жип ийирүү

Ысрайылдыктар койдун, эчкинин жүнүн, зыгыр буласын чыйратып, ар кандай жоондуктагы жиптерди ийиришчү. Ыйык Китепте «жакшы аял» жөнүндө: «Колун жип ийирүүчү чарыкка сунат, колуна ийик алат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 31:10, 19). Бул аяттан жипти кантип ийиришкенин билүүгө болот. Алар жип ийириш үчүн була оролгон чарык жана ийик колдонушкан.

Жип ийиригенде аял колтугуна була оролгон чарыкты кысып алып, берки колу менен чарыкка оролгон, ийирүүгө даяр буланы чубап, чимириги бар ийиктин башына илип алып, ийикти чимирчү. Ал ийикти ылдый салаңдата кармап, буланы керектүү жоондуктагы жип болгудай кылып даярдап алып, чимирчү. Анан ийирилген жипти ийиктин сабына түрчү. Ошентип, чарыкка оролгон була түгөнүп, жип ийирилгенден кийин жиптер боёлчу жана алардан ар нерсе токулчу.

[28, 29-беттердеги кутуча/сүрөттөр]

Боёо

Жүндөн, зыгыр буласынан жасалган жиптер же токулган кездемелер жуулуп-тазалангандан кийин ар кандай түстөргө боёлчу. Кездеме же жип боёкко канчалык көп чыланса, боёк ошончолук жакшы сиңчү. Боёкчулар кездемени же жипти боёгондон кийин ошол эле боёкту дагы бир жолу колдоно алышкан. Боёк кымбат болсо, аны экинчи жолу колдонушчу, арзан болсо, колдонушчу эмес. Боёлгон кездемени же жипти жайып кургатышчу.

Байыркы убактагы адамдар жасалма жол менен боёк жасаганды билишчү эмес. Алар өңү өчпөй турган түркүн түстүү боёкторду өсүмдүктөрдөн жана ар кандай жандыктардан алышчу. Мисалы, сары өң бадам дарагынын жалбырагынан жана анардын кабыгынан, ал эми кара түс анар дарагынын кабыгынан алынган. Кызыл өң марена деген өсүмдүктүн тамырынан же кермес деген курттан, көк түс индигофера деген өсүмдүктөн алынчу. Деңиз үлүлдөрүнүн ар кандай түрлөрүнөн алынган боёкторду аралаштырып, түрдүү өңдөрдү мисалы, кызгылт көк, көк, кызыл, кочкул кызыл өңдөрдү алууга мүмкүн болгон.

Бир кийимди боёш үчүн канча деңиз үлүлү керек болгон? Бир деңиз үлүлүнөн аябай эле аз өлчөмдө боёк алынчу. Жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, бир эле узун көйнөктү эң мыкты деп эсептелген кызгылт көк түскө боёш үчүн 10 000дей деңиз үлүлү керек болгон. Бабылды Набонид деген падыша башкарган убакта кызгылт көк түскө боёлгон жүн башка өңгө боёлгон жүнгө караганда 40 эсе кымбат турган. Байыркы Тир шаары ушул боёкту чыгарган жагынан атагы чыккан. Ошондуктан ал өң кийинчерээк «Тирдин кызгылт көк өңү» деп белгилүү болуп калган.

[Сүрөттөр]

Деңиз үлүлүлүн кабыгы

Б.з.ч. 2 же 3-кылымга таандык тель дордон (израиль) табылган кызгылт көк боёктун челеги

[29-беттеги сүрөт]

The Tel Dor Project

[29-беттеги кутуча/сүрөт]

Кездеме токуу

Кийим жана башка нерселерди тигиш үчүн жүндөн же буладан ийрилген жиптен кездеме токулчу. Атайын кездеме токуш үчүн жасалган жыгачка жиптерди узатасынан илип, туурасынан башка жиптерди өткөрүшчү. Туурасынан өткөрүлө турган жиптерди узатасынан илинип турган жиптердин ар биринин арасынан өткөрүп чыгышчу.

Кездеме токуй турган жыгачты жерге жаткырып алып же тикесинен тургузуп алып токуганга ылайыктуу кылып жасашчу. Тикесинен туруп турган жыгачка илинген жиптердин учуна салмактуу нерселерди байлап коюшчу. Израилдин көп жерлеринен жиптердин учуна байланчу ошондой салмактуу нерселер табылган.

Кездемени ар бир эле үй-бүлө токучу. Айрым жерлерде болсо кыштакта жашаган адамдар чогулуп, кездеме токуп, иш жүргүзүшчү. Мисалы, 1 Жылнаама 4:21де «өзгөчө чебердик менен кездеме токуган кишилер» жөнүндө айтылат. Алардын кездеме токуган чакан ишканасы болгон көрүнөт.

[26, 27-беттердеги сүрөт]

Көк жип жана кызгылт көк жүндөн токулган кездеме (Чыгуу 26:1).