Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса пайгамбардын өлүмүн эскерүү кечеси кандайча өткөрүлөт?

Иса пайгамбардын өлүмүн эскерүү кечеси кандайча өткөрүлөт?

Кудай Сөзүнөн билим алгыла

Иса пайгамбардын өлүмүн эскерүү кечеси кандайча өткөрүлөт?

Балким, бул макаладагы суроолор силерди кызыктыраттыр. Алардын жообун Ыйык Китептен таба аласыңар. Аларды Жахабанын Күбөлөрү менен талкууласаңар болот.

1. Иса пайгамбардын өлүмүн эскерүү кечесин кантип өткөрүш керек?

Иса пайгамбар нан менен шарапты символ катары колдонуп, өзүнүн шакирттерине анын өлүмүн эскерүүнү айткан. Нан анын денесин, ал эми шарап канын символдоштурат. (Оку: Лука 22:19, 20.)

Иса пайгамбар ачыткы кошулбай жасалган нан колдонгон. Ыйык Китепте ачыткы күнөөнү билдирет. Ошондуктан ачытылбаган нан анын жеткилең денесинин ылайыктуу символу болуп эсептелет. Ал өзүнүн денесин курмандык катары берген. Ошондон кийин Муса пайгамбарга берилген мыйзамдагы курмандык чалууга байланыштуу көрсөтмөлөр күчүн жоготкон (Еврейлер 10:5, 9, 10). Шарап болсо биздин күнөөлөрүбүз үчүн төгүлгөн Иса пайгамбардын кымбат баалуу канын символдоштурат. (Оку: 1 Петир 1:19; 2:24; 3:18.)

2. Иса пайгамбардын өлүмүн эскерүү кечесин качан белгилеш керек?

Иса пайгамбар жүйүттөрдүн Пасах майрамы болгон күнү, нисан айынын он төртүндө, өлгөн. Жүйүттөрдүн күнү күн баткандан кийин башталчу. Иса пайгамбар өлөр түнү шакирттери менен Пасах майрамына даярдалган тамакты жеген. Андан соң шакирттерине өзүнүн өлүмүн эскерип турууну айткан. (Оку: Лука 22:14, 15.)

Кудайдын эли бүгүнкү күндө Пасах майрамын белгилешпейт. Алар Жахаба Кудай Иса пайгамбар аркылуу бүт адамдарды күнөө менен өлүмдөн куткарган күндү белгилешет (Чыгуу 12:5—7, 13, 17). Пасах майрамы жылына бир жолу белгиленчү. Эскерүү кечеси да жылына бир жолу, еврей календары боюнча, 14-нисанда белгиленет. (Оку: Жакан 1:29.)

3. Нан менен шараптан кимдер ооз тиет?

Иса пайгамбар шарап куюлган чөйчөктү шакирттерине сунуп жатып: «Бул чөйчөк... жаңы келишимди билдирет»,— деген (1 Корунттуктар 11:25). Жаңы келишим Муса пайгамбар аркылуу түзүлгөн Мыйзам келишимин алмаштырган. Ал келишимине ылайык, ысрайылдыктар Кудайга баш ийишсе, анын эли болушмак (Чыгуу 19:5, 6). Бирок алар Кудайга баш ийбей коюшкан. Ошондуктан Кудай башка эл менен жаңы келишим түзгөн. (Оку: Жеремия 31:31.)

Жаңы келишим аркылуу көп элдер бата алышат. Ал келишим 144000 киши менен түзүлгөн. Алар аркылуу ар улуттагы миллиондогон адамдар бата алып, жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт. 144 000ге кирген кишилердин айрымдары азыр жерде Жахаба Кудайга кызмат кылып жатышат. Эскерүү кечесиндеги нан менен шараптан ошолор гана ооз тие алышат, себеби жаңы келишим алар менен түзүлгөн. (Оку: Лука 12:32; Аян 14:1, 3.)

4. Эскерүү кечесине катышуу менен кандай пайда алабыз?

Жыл сайын өткөрүлгөн Иса пайгамбардын өлүмүн эскерүү кечесине катышуу Жахаба Кудайдын бизге көрсөткөн сүйүүсүнө ыраазычылыгыбызды арттырат. Ал өзүнүн Уулун биздин күнөөлөрүбүз үчүн курмандык катары берген. Ошондуктан Эскерүү кечесине барганда Иса пайгамбардын өлүмү биз үчүн эмнени билдирери жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Ошондой эле Жахаба Кудайдын жана Иса пайгамбардын биз үчүн кылган жакшылыктарына ыраазы экенибизди кантип көрсөтсөк болору жөнүндө ойлонгонубуз маанилүү. (Оку: Жакан 3:16; 2 Корунттуктар 5:14, 15.)

[17-беттеги сүрөт]

Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул китептин 206—208-беттерин карагыла.

[17-беттеги сүрөт]

ЫЙЫК КИТЕП чынында ЭМНЕГЕ ОКУТАТ?