Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨМҮР БАЯН

«Көрчүмүн, бирок түшүнчү эмесмин»

«Көрчүмүн, бирок түшүнчү эмесмин»

1975-жылы эки жашымда апам менин дени сак балдардан айырмаланарымды байкаптыр. Чочур-чочубасымды текшеребиз деп, апам мени көтөрүп турганда, анын курбусу оор бир нерсени жерге таштаптыр. Бирок мен чочумак турсун, кыймылдап да койбоптурмун. Үч жашка чыгып калсам да, тилим чыкпаптыр. Кийинчерээк доктурлар апама менин тубаса дүлөй экенимди айтыптыр.

Атам менен апам ымыркай кезимде эле ажырашып кетиптир. Ошондуктан апам мени, эки байкем менен эжемди жалгыз чоңойтту. Ошол учурда Францияда дүлөй балдарды азыркы учурдагыдай окутушчу эмес. Мугалимдердин колдонгон ыкмалары азапка сала тургандай эле. Бирок менде башка дүлөй балдарда жок мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Анда ошолор тууралуу айтып берейин.

Беш жаштарымда

Ошо кездерде мугалимдер кулагы укпаган балдар сүйлөгөндү жана эриндерди карап, кишинин айткандарын түшүнгөндү үйрөнүшү керек деп ойлошчу. Франциядагы мектептерде жаңдоо тилинде сүйлөгөнгө тыюу салынчу. Атүгүл, сабак учурунда айрым балдардын колун байлап коюшчу.

Мектепке барганга чейин бир нече жыл логопед окутуп жүрдү. Ал мени жумасына бир нече саат окутчу. Ээгимен же башыман кармап алып, мен уга албаган үндөрдү кайра-кайра кайталаттырчу. Мен башка балдар менен сүйлөшкөндү билчү эмесмин. Ошол жылдары аябай кыйналдым.

Алты жашымда дүлөй балдардын жатак мектебинде окуй баштадым. Кулагы укпаган башка балдарды ошондо биринчи жолу көрдүм. Ал жерде да жаңдоо тилинде сүйлөгөнгө тыюу салынган болчу. Эгер кимдир бирөөбүздүн жаңсап сүйлөп жатканыбызды көрүп калышса, колго чаап, чачыбызды жулушчу. Бирок биз эч кимге көрүнбөй, өзүбүз ойлоп тапкан жаңсоолор менен сүйлөшө берчүбүз. Ошентип, башка балдар менен пикирлеше баштадым. Ал бактылуу күндөр төрт жылга созулду.

Кийин 10 жашка чыкканымда кулагы уккан балдар окуган мектепке которулдум. Ошондо аябай кыйналдым. Дүлөй балдардан дүйнө жүзү боюнча жалгыз эле мен калгандай сезилген. Жаңдоо тилин үйрөнсө, сүйлөгөнгө эч качан үйрөнө албай калат деген доктурлардын кеңеши боюнча, үй-бүлөмдөгүлөр жаңдоо тилин үйрөнүшкөн жок. Дүлөй балдар менен сүйлөшкөнгө да уруксат беришчү эмес. Бир жолу дүлөйлөргө сүйлөгөндү үйрөткөн бир адистикине барганым эсимде. Анын столунда жаткан жаңдоо тилиндеги бир китепти көрүп калып, ага китептин сыртындагы сүрөттөрдү көрсөтүп, үйрөнгүм келерин билдирдим. Ошондо доктур ал китепти дароо ала коюп, катып койду *.

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРДЫ БИЛИШИМ

Апам бизди Кудайдын осуяттары боюнча тарбиялаганга аракет кылчу. Ал бизди Жахабанын Күбөлөрүнүн Бордого жакын жердеги «Мериняк» деп аталган жыйналышына алып барып турчу. Ал кезде кичинекей болгондуктан жыйналышта айтылгандарды жакшы түшүнчү эмесмин. Бирок жыйналыштагылардын айрымдары жаныма отуруп, айтылгандарды кагазга жазып көрсөтүп беришчү. Алардын сүйүүсүн, камкордугун сезчүмүн. Үйдөн болсо апам мени менен Ыйык Китепти изилдечү, бирок ал үйрөткөн нерселерди толук түшүнчү эмесмин. Өзүмдү аян алгандан кийин: «Мен уктум, бирок түшүнгөн жокмун»,— деп айткан Даниел пайгамбардай сезчүмүн (Даниел 12:8). Мен көрчүмүн, бирок түшүнчү эмесмин.

Ошондой болсо да Ыйык Китепте жазылгандар акырындык менен жүрөгүмө тамырлай берди. Ыйык Китептен түшүнгөндөрүмдү аябай баалачумун жана аларды иш жүзүндө колдонгонго аракет кылчумун. Башкалардын жүрүм-турумун көрүп да көп нерсени үйрөндүм. Мисалы, Ыйык Китепте чыдамдуу болушубуз керектиги айтылат (Жакып 5:7, 8). Мен чыдамдуулук деген эмне экенин жакшы түшүнчү эмесмин. Бирок ишенимдештеримдин ошол сапатты кантип чагылдырып жатканын көрүп, чыдамдуулук деген эмне экенин түшүндүм. Ооба, жыйналышка баруунун аркасында көп нерсени үйрөндүм.

КАЙГЫМДЫН КУБАНЫЧКА АЙЛАНЫШЫ

Стефан мага Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнгөнгө жардам берди

Бир жолу көчөдөн жаңдоо тилинде сүйлөшүп жаткан балдарды көрүп калдым. Ал кезде өспүрүм куракта болчумун. Мен алар менен сүйлөшүп, эч кимге билгизбей, француз жаңдоо тилин үйрөнө баштадым. Жыйналыштарга да барып жүрдүм. Ал жерден Стефан деген жаш бала мага чын ыкластан көңүл бурчу. Ал колунан келишинче мени менен сүйлөшкөнгө аракет кылчу. Ошонун аркасында ага аябай жакын болуп калдым. Тилекке каршы, бир күнү суук кабар уктум. Аскерге баруудан баш тартканы үчүн, Стефанды түрмөгө отургузуп коюшуптур. Ошондо кайгырып, көңүлүм чөктү. Стефан камалгандан кийин, аябай чөгүп кеткендиктен жыйналыштарга барбай калган күндөрүм көп болду.

Бактыга жараша, он бир айдан кийин Стефан камактан бошотулду. Анын мени менен жаңдоо тилинде сүйлөшүп жатканын көргөндө таң калганымды сурабагыла. Ошондо көргөн көзүмө ишенген жокмун. Көрсө, Стефан түрмөдөн француз жаңдоо тилин үйрөнүптүр. Стефандын жаңсап жатканын, бети-башынын кыймылдаганын көргөндө эми ал мага Ыйык Китепте жазылгандарды түшүндүрүп бере алат деп, төбөм көккө жете кубандым.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРДЫ ТҮШҮНҮШҮМ

Ошентип, Стефан менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Ошондо көзүм ачылгандай эле болду. Ыйык Китептен билгендеримдин байланышын ошондо айкыныраак түшүндүм. Бала кезимде Ыйык Китепке негизделген адабияттардагы кооз сүрөттөрдү көргөндү аябай жакшы көрчүмүн. Сүрөттө тартылган кишилерди бири-бирине салыштырып, сүрөттөрдү майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп, аларды эсиме сактап калганга аракет кылчумун. Ыбрайым пайгамбар, анын «тукуму» жана «эбегейсиз көп адамдар» жөнүндө билчүмүн, бирок алардын маани-маңызын жаңдоо тилинде түшүндүрүп беришкенден кийин гана толугу менен түшүндүм (Башталыш 22:15—18; Аян 7:9). Акыры, өзүмдүн тилимди, жүрөгүмө жакын тилди, таптым.

Жыйналышта айтылгандарды түшүнө баштаганда жүрөгүм козголуп, билимге болгон каалоом ого бетер өсө берди. Стефандын жардамы менен Ыйык Китепти тереңирээк түшүнүп, 1992-жылы өмүрүмдү Жахаба Кудайга арнап, анын Күбөсү болдум. Бирок жакшы ийгиликтерди кылсам да, бала чагымда башкалар менен көп сүйлөшпөгөндүктөн тартынып, көпчүлүккө аралаша алчу эмесмин.

ТАРТЫНЧААКТЫГЫМ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

Мен барып жүргөн жаңдоо тилиндеги чакан топ кийин Бордонун чет жакасындагы «Песак» деген жыйналыш менен бириктирилди. Бул мага Кудайдын жолунда андан ары да ийгилик кылганга  жардам берди. Бирок башкалар менен сүйлөшө албай дагы деле кыйналып жүрдүм. Ошондой болсо да кулагы уккан досторум түшүнүктүү сүйлөгөнгө аракет кылышчу. Жил жана Элоди деген жубайлар мени менен сүйлөшүш үчүн колунан келгендин баарын кылышар эле. Алар мени жыйналыштан кийин үйүнө тамакка же кофеге чакырып турушчу. Ошонун аркасында ынак достордон болуп калдык. Кудайдын осуяттары боюнча жашаган адамдардын арасында жүргөнүмө аябай кубанам.

Жубайым Ванеса мага жардам берип, дайыма колдоп турат

Ошол жыйналыштан Ванеса деген татынакай кыз менен тааныштым. Анын жароокер, адилеттүү экенин көрүп, жактырып калдым. Ал сүйлөй албаганымды тоскоолдук катары көрчү эмес, тескерисинче, дүлөй кишилер менен сүйлөшүш үчүн жаңдоо тилин үйрөнүүгө шарт түзгөн нерсе деп эсептечү. Ошентип, ал жүрөгүмдү ээлеп алды. Экөөбүз 2005-жылы баш коштук. Жакшы сүйлөшө албасам да, Ванесанын жардамы менен тартынчаактыгым менен күрөшкөнгө, оюмду айкыныраак билдиргенге үйрөнүп жатам. Милдеттеримди аткарганга жардам берип, жөлөк-таяк болуп жатканына жубайыма миң мертебе ыраазымын.

ЖАХАБА БЕРГЕН ДАГЫ БИР БЕЛЕК

Баш кошконубузга бир жыл болгондо Лувьедеги (Франция) Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы адабияттарды которууга байланыштуу бир ай билим алганга чакырды. Ошол жылдары филиал француз жаңдоо тилинде жаздырылган DVDлерди чыгарууга көп күч жумшап жаткан. Бирок алдыда көп жумуш бар болгондуктан, котормо тобу мурдагыдан да көп эмгектениши керек эле.

Француз жаңдоо тилинде баяндама айтып жаткан учурум

Филиалга чакырылганымды экөөбүз тең сыймык жана Жахаба Кудайдын белеги деп эсептедик. Ошентсе да тынчсызданбай койгон жокпуз. «Жаңдоо тилиндеги топ эмне болот? Үйүбүзчү? Ал жактан Ванеса жумуш таба алабы?» — деп ойлондук. Бирок Жахаба Кудайдын жардамы менен баары сонун чечилип калды. Ошондо Анын бизди да, кулагы укпаган адамдарды да сүйөрүнө дагы бир жолу ынандым.

ЫНТЫМАКТУУ ЭЛДИН КОЛДООСУ

Котормо ишине катышып жатып, ошонун баары дүлөй адамдарга Кудай жөнүндө билим алганга жардам бериш үчүн болгонун түшүнүп жатам. Ишенимдештеримдин мени менен сүйлөшкөнгө аракет кылып жатканы да кубандырбай койбойт. Алардын жаңдоо тилинде сүйлөгөнгө анча-мынча үйрөнүп, мени менен сүйлөшкөнгө аракет кылып жатканын көргөндө аябай ыраазы болом. Мунун аркасында такыр жалгызсырабайм. Алардын сүйүүсү Жахаба Кудайдын элинин ынтымактуу экенин тастыктап турат (Забур 133:1).

Филиалда котормо тобунда иштеп жаткан учурум

Жыйналыштагы ишенимдештерим аркылуу дайыма мага жардам берип келген Жахаба Кудайыма чексиз ыраазымын. Кулагы укпагандарга Жаратканыбызды таанып-билип, ага жакындашына кичине болсо да салымымды кошууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн да ага алкыш айтам. Мен пикирлешкенге тоскоолдук кылган нерселердин баары жок кылынып, баарыбыз бир үй-бүлөдөй болуп «таза тилди» үйрөнө турган убакты — Жахаба Кудай жана анын ой-ниети жөнүндө билим ала турган убакты — чыдамсыздык менен күтүп келем (Сепания 3:9).

^ абз. 9 Дүлөй балдарга жаңдоо тилинде билим берүүнү Франция өкмөтү расмий түрдө 1991-жылы гана киргизген.