Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга ишеним артасыңарбы?

Кудайга ишеним артасыңарбы?

СИЛЕРДИН аябай кадырлап-сыйлаган досуңар бар деп коёлу. Бирок ал бир күнү силерге түшүнүксүз болгон бир иш кылат. Башкалар анын ниетинин тазалыгынан шек санап, кылган ишин сындап, аны таш боор деп айтышат. Ошондо силер да дароо эле алардыкындай жыйынтык чыгарат белеңер же досуңар эмне үчүн ошондой иш кылганын түшүндүрүп бермейинче, күтөт белеңер? Ал эми досуңар жаныңарда жок болуп калса, аны айыптап, ал жөнүндө жаман ойлоп кирет белеңер же жакшыга үмүттөнөт белеңер?

Жыйынтык чыгарардан мурун анын эмне үчүн ошондой иш кылганы жөнүндө билгенге аракет кылмак болушуңар керек. Балким: «Аны канчалык жакшы билем, аны эмне үчүн кадырлайм?» — деп ойлонмоктурсуңар. Ушинткениңер адилеттүүлүккө жатмак. Анда Кудайды таш боор деп айтардан мурун да ушинтип ойлонгонубуз туура болбойбу?!

Кээде Кудайдын эмне үчүн тигиндей же мындай иш кылганын же кайсы бир нерсеге эмне үчүн жол бергенин түшүнбөшүңөр мүмкүн. Кудайды таш боор деп айткан адамдар аябай көп. Алар силерди да ошондой ойго түртүшү ыктымал. Кудайды жакшы билбей туруп ал жөнүндө туура эмес жыйынтык чыгарат белеңер? Кандай жыйынтык чыгарарыңар Кудайды канчалык жакшы билериңерден көз каранды. Андыктан: «Кудай мага кандай жакшылыктарды кылып жатат?» — деп ойлонуп көргүлө.

Кыйынчылыктарды баштан кечирип жатсаңар, Кудай жакшылык кылып жатат деп айтыш оңой болбошу мүмкүн. Бирок бир саамга ойлонуп көрсөңөр, Кудай силер кабылган кыйынчылыктарга жооптуубу же ал силерге жакшылык эле кылабы? Буга чейин билгенибиздей, бул дүйнөнү Жахаба Кудай эмес, Шайтан башкарып жатат (Жакан 12:31). Ошондуктан азап-кайгыга, адилетсиздикке Шайтан күнөөлүү. Андан тышкары, кыйынчылыкка туура эмес иш кылып алгандыктан жана күтүлбөгөн жагдай-шарттардан улам да кабылабыз.

Кудай силер кабылган кыйынчылыктарга жооптуубу же ал силерге жакшылык эле кылабы?

Анда Кудай кандай жакшылыктарды кылып келет? Ыйык Китепте Кудайдын «асман менен жерди жаратканы» айтылат. Ошондой эле адам баласын «ары таң каларлык, ары кереметтүү» кылып жаратканы жазылат Андан сырткары, Ыйык Китептен демибиз Жахаба Кудайдын колунда экенин окуйбуз (Забур 124:8; 139:14; Даниел 5:23). Мунун баары эмнени билдирет?

Биз анын аркасы менен жашап, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз (Элчилер 17:28). Өмүрүбүз, бизди курчап турган кооз табият, ыракат тартуулаган сүйүү сезими, достук мамилелер, туюу сезими, даам сезүү, угуу, жыт билүү органдары — Кудайдын белеги (Жакып 1:17). Ушундай жакшылыктарды кылып жаткан Кудайдын урматтап-сыйлашыбызга, ишеним артышыбызга татыктуу Дос экенине кошулбайсыңарбы?!

Силерге Кудайга ишеним артыш кыйынга турушу мүмкүн. Кудайды ага ишеним арта тургандай деңгээлде жакшы билбейм дешиңер ыктымал. Силерди түшүнсө болот. Кыскача жазылган бул макалаларда айрымдардын Кудайды эмне үчүн таш боор деп эсептээрине байланыштуу себептердин баарына жооп берүү мүмкүн эмес. Андыктан Кудайды жакшыраак таанып-билгенге күч жумшаганыңар абзел *. Ошентсеңер, Кудай жөнүндөгү чындыкты билесиңер. Кудай таш боорбу? Жок. «Кудай — сүйүү» (1 Жакан 4:8).

^ 8-абз. Кудайдын жамандыкка эмне үчүн жол берип жатканы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 11-бөлүмүн карагыла.