Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙСЫЗ ЖАШАЙ АЛАБЫЗБЫ?

Кудайсыз жашай алабызбы?

Кудайсыз жашай алабызбы?

Психологдордун айтканына ылайык, адам чындап бактылуу болушу үчүн үстүндө үйү, жегенге тамагы, кийгенге кийими жана башка ушу сыяктуу нерселери болгону жетишсиз. Бул алардын өздөрүнөн жогору турган кимдир бирөөгө кызмат кылгысы же бүт өмүрүн бир нерсеге арнагысы келгенинен көрүнүп турат. Ошон үчүн алар бош убактысын искусствого, музыкага, жаратылышты изилдөөгө жана башка нерселерге жумшашат. Бирок алардан чындап канааттануу алышпайт, канааттанган күндө да, ал сезим узакка созулбайт.

Кудай адамдардын азыр жана түбөлүк бактылуу болушун каалайт

Адамдын жарык дүйнөгө ошондой каалоо менен келери Ыйык Китепти окугандарга белгилүү. Башталыш китебинин алгачкы бөлүмдөрүндө Кудай биринчи түгөйдү жараткандан кийин алар менен дайыма сүйлөшүп турганы жана ынак мамиледе болгону айтылат (Башталыш 3:8—10). Адамдар Кудайсыз жашай алгыдай болуп жаралган эмес, алар аны менен жакын мамиледе болгонго муктаж болуп жаралган. Бул Ыйык Китепте көп жолу баса белгиленет.

Алсак, Иса Машаяк: «Кудай жөнүндөгү билимге суусагандар бактылуу»,— деп айткан (Матай 5:3, шилтеме). Бул сөздөрдөн бактылуу өмүр сүрүш үчүн жана жашообуз маңыздуу болушу үчүн, Кудай жөнүндө билим алууга болгон каалообузду канааттандыруу зарыл деген жыйынтык чыгарсак болот. Ал каалообузду канааттандырыш үчүн эмне кылышыбыз керек? Иса пайгамбар бул суроого: «Адам нан менен гана эмес, Жахабанын * оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деп жооп берген (Матай 4:4). Кудайдын оозунан чыккан сөз, башкача айтканда, анын Ыйык Китепте жазылган сөздөрү, көрсөтмөлөрү бактылуу болушубузга жана жашообуздун маңыздуу өтүшүнө кандайча жардам берет? Келгиле анда, үч негизги нерсеге көңүл буралы.

Жакшы жетекчиликке муктажбыз

Бүгүнкү күндө өз ара мамиле түзүүгө, сүйүүгө, үй-бүлөгө, көйгөйлөрдү чечүүгө, бактылуу болууга,  атүгүл жашоонун маңызын табууга байланыштуу кеңештерин сунуштаган адистер чачтан көп. Бирок адамзатты жараткан Жахаба Кудайдан башка ким акылга сыярлык, даанышман кеңештерди бере алат?

Ыйык Китептен зарыл болгон жетекчилик жана жардам ала алабыз

Мисалы, видеокамера же компьютер сыяктуу буюм сатып алып жатканда аны кантип колдонсо болору түшүндүрүлгөн көрсөтмөсү кошо берилет. Ыйык Китепти ошондой көрсөтмөгө салыштырса болот. Анда эмне үчүн жаралганыбыз жана канткенде туура иш кылып, жакшы жашай аларыбыз түшүндүрүлгөн. Аны Жахаба Кудай берген.

Ар бир көрсөтмөдө эмне кылбаш керектиги айтылгандай эле, Ыйык Китепте да бактыбызга балта чаба турган иштерден оолак болушубуз керектиги эскертилет. Айрымдар туурадай сезилген, колдонууга оңой көрүнгөн кеңештерди бериши ыктымал. Бирок Жараткандын гана жетекчилигине баш ийсек, жашообуз жакшы болоруна жана көптөгөн кыйынчылыктардан кача аларыбызга ишенсек болот.

«Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм. Оо, эгер осуяттарыма көңүл бурсаң кана! Ошондо тынчтыгың дарыядай, адилдигиң деңиз толкундарындай болмок» (Ышая 48:17, 18).

Ыйык Китепти көрсөтмөгө салыштырууга болот

Жахаба Кудай жашообузга керектүү көрсөтмөлөрдү берсе да, аларды аткарууга мажбурлабайт. Ал бизди сүйгөндүктөн жана бизге жардам бергиси келгендиктен мындай дейт: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм. Оо, эгер осуяттарыма көңүл бурсаң кана! Ошондо тынчтыгың дарыядай, адилдигиң деңиз толкундарындай болмок» (Ышая 48:17, 18). Бир сөз менен айтканда, Кудайдын жетекчилигине баш ийсек гана жакшы жашап, бактылуу болобуз.

Кыйынчылыктардын эмне үчүн болуп жатканын билишибиз зарыл

Кудайдын мээримдүү, камкор экендигине шек туудурган көйгөйлөр көп болгондуктан, айрымдар Кудайдан жардам күтпөй эле коюш керек деген ойдо. Аларды, мисалы: «Жакшы адамдар эмне үчүн азап тартышы керек? Бейкүнөө наристелер эмне үчүн майып болуп төрөлүшөт? Адилетсиздик эмне үчүн мынчалык көп?» — деген суроолор түйшөлтүшү мүмкүн. Булар чынында эле маанилүү суроолор жана аларга жооп алуу жашообузга зор таасир этет. Бирок жамандыктын болуп жатканына шак эле Кудайды күнөөлөгөнүбүз туура эмес болуп калат. Андан көрө, Ыйык Китепте эмне делерин карап көргөнүбүз абзел.

Башталыш китебинин 3-бөлүмүнөн Шайтандын жылан аркылуу сүйлөп, Адам ата менен Обо энени азгырганын окуйбуз. Кудай аларга жакшы менен жаманды айырмалап турган дарактын жемишинен жесе өлөрүн айткан болчу. Бирок Шайтан Обо энеге: «Жок, өлбөйсүңөр. Кудай силердин андан жеген күнү көзүңөр ачыларын, жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каларыңарды билет» — деп, ал буйрукту бузганга түрткөн (Башталыш 2:16, 17; 3:4, 5).

Ушундай деп айтуу менен Шайтан Кудайды жалганчы деп каралагандан тышкары, ага адилетсиз бийлик жүргүзөт деп жалаа жапкан. Шайтан адамзат ага баш ийсе, жакшы жашамактыгын кыйытып айткан. Бул маселе кантип чечилмек? Жахаба Кудай Шайтандын айткандары чын же калп экенин баары түшүнүшү  үчүн убакыт берүүнү туура көргөн. Ал ушундайча Шайтанга жана анын тарабын ээлегендерге адамзат Кудайсыз жашап кете алар-албасын далилдегенге мүмкүнчүлүк берген.

Шайтандын айткандары туура деп ойлойсуңарбы? Адамдар Кудайсыз эле жакшы жашап, ийгиликтүү бийлик жүргүзө алабы? Азап-кайгынын, адилетсиздиктин, оорунун, өлүмдүн, кылмышкерликтин, адеп-ахлаксыздыктын, согуштун, геноциддин жана адамзатты мүңкүрөтүп кыйнаган дагы башка нерселердин нечендеген кылымдардан бери уланып келе жатканы адам баласынын өз алдынча жашай албасын тастыктап турат. Ыйык Китепте кайгы-касиреттин болушуна Кудай күнөөлүү деп айтылбайт. Анда азап-кайгынын негизги себеби эмнеде экени көрсөтүлүп: «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет»,— делет (Насаатчы 8:9).

Мындан көрүнүп тургандай, кыйынчылыктардын эмне үчүн болуп жатканын эле эмес, алардын кантип чечилерин билиш үчүн да Кудайга кайрылышыбыз керек. Жакында Кудай кандай иш-аракет кылат?

Кудайдын жардамына муктажбыз

Адамдар байыртан бери оорудан, карылыктан, өлүмдөн арылууну самап келишкен. Көксөгөнүнө жетиш үчүн убактысын, күчүн, каражатын аяшпаса да, аракетинен майнап деле чыккан эмес. Айрымдар өлбөстүктүн дарысын, мүрөктүн суусун тапканга умтулушкан. Бирок мунун баары куру кыял болгон.

Кудай биздин жакшы жашап, бактылуу болушубузду каалайт. Ал ошондой болушун башында эле ниет кылган жана ал муну эч качан унутпайт (Башталыш 1:27, 28; Ышая 45:18). Жахаба Кудай эмнени ниет кылбасын, аны сөзсүз аткарарына ынандырат (Ышая 55:10, 11). Ыйык Китепте Кудайдын жерди Адам ата менен Обо эне жашаган убактагыдай бейишке айлантарын убада кылганы айтылат. Аян китебинде: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти»,— делет (Аян 21:4). Кудай муну кантип жүзөгө ашырат жана ал убаданын аткарылганынын канткенде көрө алабыз?

Кудайдын Уулу Иса Машаяк өзүнүн жолдоочуларына Кудайдын эркинин аткарылышын сурап тиленүүнү үйрөткөн. Көптөр: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленишет (Матай 6:9, 10). Ооба, Жахаба Кудай адамзаттын бийлик жүргүзгөнүнүн кесепетинен болгон жамандыктын баарын өзүнүн Падышалыгы аркылуу жок кылып, адилеттик өкүм сүргөн заманды орнотот * (Даниел 2:44; 2 Петир 3:13). Ошол заманда жашаш үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

Иса Машаяк ал үчүн жөнөкөй эле нерсе талап кылынарын айтып: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген  Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деген (Жакан 17:3). Ырас, Кудайдын жардамы менен ал убада кылган жаңы заманда түбөлүк жашай алабыз. Ушул себептен улам да «Кудайсыз жашай алабызбы?» деген суроого «жок» деп жооп берүү акылдуулукка жатарына кошулат чыгарсыңар.

Кудайды издегенибиз маанилүү

Элчи Пабыл мындан эки миң жыл мурун эркин ой жүгүрткөн афиндиктерге Афин шаарындагы Ареопагда, Марс деген дөбөдө, сөз сүйлөгөндө мындай деген: «Ал... өмүрдү да, демди да жана бүт баарын бардыгына өзү берет. Себеби: „Биз баарыбыз анын тукумубуз“,— деп айрым акындарыңар айткандай, биз анын аркасы менен жашап, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз» (Элчилер 17:25, 28).

Элчи Пабылдын афиндиктерге айткандарынын калетсиз экенине бүгүнкү күндө да ынанууга болот. Жаратканыбыз абасын, суусун, азыгыбызды берип келет. Ушулардын баарын бербесе, жашай алмак эмеспиз. Бирок эмне үчүн ал бардык адамдарга — ал жөнүндө ойлонгондорго да, ойлонбогондорго да — кам көрөт? Элчи Пабыл: «Анткени Кудай адамдардын аны издешин, сезип көрүшүн жана табышын каалайт. Бирок, чынында, ал ар бирибизге жакын»,— деген (Элчилер 17:27).

Кудайды жакшыраак таанып-билгиңер келеби, тагыраак айтканда, анын ой-ниети, азыр жана түбөлүк жакшы жашашыбыз үчүн берген кеңештери жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалайсыңарбы? Эгер кааласаңар, ушул журналды бергендер менен сүйлөшсөңөр же басып чыгаргандар менен байланышсаңар болот. Алар силерге чын жүрөктөн жардам беришет.

^ абз. 5 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

^ абз. 20 Кудайдын Падышалыгы аркылуу анын эрки жерде кандайча аткарылары жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 8-бөлүмүн карагыла. Аны ошондой эле www.ps8318.com/ky сайтынан окуп же жүктөп алсаңар болот.