Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?

Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?

«Мен Микти көптөн бери таанычумун, Жахабанын Күбөсү экенин да билчүмүн. Бирок анын динин такыр түшүнчү эмесмин. „Жахабасы ким? Эмне үчүн майрамдарды майрамдашпайт? Мик бир сектага кирип алган эмеспи?“ — деп ойлочумун» (Бэки, Калифорния, АКШ).

«Кошуналарыбыз Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти окуй баштаганда: „Жахабанын Күбөлөрү дегени эмнеси? Ушундай да дин болобу?!“ — деп таң калгам» (Зенон, Онтарио, Канада).

«Жубайым экөөбүз Жахабанын Күбөлөрү биздин чиркөөгө барбай өзүбүздү күнөөлүү сезгенибизден пайдаланышат деп ойлочубуз. Ошондой эле чоң-чоң диндерден таппаган нерсебизди Жахабанын Күбөлөрү сыяктуу бир кызыктай сектадан тапмак белек деп ойлочубуз» (Кент, Вашингтон, АКШ).

«Чынын айтсам, алардын ким экенин деле, эмнеге ишенерин деле билчү эмесмин» (Сесилия, Эсбьерг, Дания).

Балким, силер да Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китепке негизделген адабияттарды алып алып, Ыйык Китепти окуп-изилдеп көрүүнү сунуштап үймө-үй кыдырып же көчөлөрдө жүргөнүн көргөндүрсүңөр. Бул журналды да алардан алган чыгарсыңар. Анткен менен алар жөнүндө анча жакшы билбейттирсиңер. Ошондуктан алар туурасындагы оюңар жогоруда жазылгандай болушу мүмкүн.

Эгер ошондой болсо, алар жөнүндө так маалыматты кайдан тапса болот? Алар эмнеге ишенишет, жүргүзгөн ишин, сыйынган жерлеринин курулушун ким каржылайт, эмне үчүн үймө-үй кыдырып же көчөлөрдөн эл менен сүйлөшүшөт?

«Мен Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө Интернеттен көп нерселерди окугам. Ар кандай ушак-айыңдарды, жамандаган сөздөрдү көп уккам. Ошондуктан алар жөнүндө жаман ойдо болчумун»,— дейт жогоруда сөзү келтирилген Сесилия. Бирок кийинчерээк ал алардын өздөрү менен сүйлөшүп, көп суроосуна жооп алган.

Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө чындыкты билгиңер келеби? Анда биз силерди аларды эң жакшы билгендерге — ушул журналды чыгарган Жахабанын Күбөлөрүнүн өздөрүнө — кайрылууга үндөйбүз (Накыл сөздөр 14:15). Кийинки макалалар силерге биздин ким экенибизди, эмнеге ишенерибизди, эмне иш жүргүзөрүбүздү түшүнүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз.