Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?

Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?

1. Кудай жерди эмне үчүн жараткан?

Кудай жерди адамдар жашашы үчүн жараткан. Ал Адам ата менен Обо энени жаратканга чейин эле периштелерди жараткан. Анын ой-ниети боюнча, периштелер асманда, ал эми адамдар жерде жашашмак (Аюп 38:4, 7). Кудай Адам атаны Эйден деп аталган бакка аны иштетсин, карасын деп жайгаштырган (Башталыш 2:15—17). Адам ата менен анын урпактары эч качан өлбөй, жерде түбөлүк жашашмак. (Забур 37:29; 115:16-аяттарды окугула.)

Башында Эйден багы гана Бейиш болгон. Адам ата менен Обо эне укумдап-тукумдап, жер бетин толтурушу, бүт жерди Эйден багындай болгон кооз жерге айлантышы керек болчу (Башталыш 1:28). Жер эч качан жок болбойт. Жерде дайыма адамдар жашашат. (Забур 104:5-аятты окугула.)

«Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?» деген видеону көрүңүз

2. Жер азыр эмне үчүн Бейиш эмес?

Адам ата менен Обо эне Кудайга баш ийбей, күнөө кылышкандыктан, Кудай аларды Бейиш багынан кууп чыгарган. Ошентип, Бейиш багына алар да, алардын урпактары да кире албай калган. Ошондон тартып жерге жаман адамдар толуп кеткен (Аюп 9:24). (Башталыш 3:23, 24-аяттарды окугула.)

Анда Кудайдын ой-ниети ишке ашпай калабы? Жок. Ал кудурети күчтүү Кудай. Анын колунан баары келет (Ышая 45:18). Ал жерди кайрадан бейишке айлантат. (Забур 37:11, 34-аяттарды окугула.)

3. Жер кандайча кайрадан бейишке айланат?

Иса Машаяктын падышалык бийлиги алдында жер бети бейишке айланат. Кудайдын согушунда, Армагедондо, Иса Машаяк периштелерди жетектеп, Кудайга каршы чыккандарды жок кылат. Анан Шайтанды миң жылга туңгуюкка камап коёт. Иса Машаяк Кудайдын элин коргогондуктан, алар аман калат. Жер бейишке айланганда, алар түбөлүк өмүр сүрүшөт. (Аян 20:1—3; 21:3, 4-аяттарды окугула.)

4. Азап-кайгы качан жок болот?

Кудай жамандыкты качан жок кылат? Иса Машаяк дүйнөнүн акырына аз калганын эмнелерден билсе болорун айткан. Дүйнөдө болуп жаткан, адамзатка коркунуч туудурган окуялар акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды көрсөтүп турат. (Матай 24:3, 7—14, 21, 22-аяттарды окугула.)

Иса Машаяк миң жыл бийлик жүргүзгөн убакта азап-кайгыны түп-тамыры менен жок кылат (Ышая 9:6, 7; 11:9). Ал Падыша болгондон тышкары, Башкы дин кызматчы болуп, Кудайдан корккон адамдардын баарын күнөөдөн арылтат. Ооба, Кудай ушундайча Иса Машаяк аркылуу оору-сыркоону, карылыкты жана өлүмдү биротоло жок кылат. (Ышая 25:8; 33:24-аяттарды окугула.)

5. Бейиште кимдер жашайт?

Падышалык залдарынан Кудайдан корккон, ага жаккан иштерди кылгысы келген адамдарды жолуктурасыңар

Бейиште Кудайга баш ийген адамдар жашайт (1 Жакан 2:17). Иса Машаяк шакирттерине момун адамдарды издеп таап, аларга Кудайдын ырайымына ээ болуш үчүн эмне кылыш керектигин үйрөтүүнү буйруган. Бүгүнкү күндө Жахаба Кудай миллиондогон адамдарды Бейиште жашоого даярдап жатат (Сепания 2:3). Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышы өткөн Падышалык залдарынан адамдар жакшы күйөө, жакшы ата, жакшы аял, жакшы эне болгонго үйрөнүүдө. Ошондой эле ата-энелер балдары менен бирге Кудайга сыйынып, бактылуу жашаш үчүн эмне кылыш керектигин үйрөнүп жатышат. (Микей 4:1—4-аяттарды окугула.)