Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

Алла-таала бизге кам көрөбү?

Алла-таала бизге кам көрөбү?

БҮГҮНКҮ күндө миллиондогон адамдар согуштардан, табигый кырсыктардан, оорудан, жакырчылыктан, мыйзамсыздыктан жана башка көптөгөн кыйынчылыктардан азап чегип жатышат. Силер да күн сайын ар кандай көйгөйлөргө кабылып жаткандырсыңар. Ушу сыяктуу кыйынчылыктарды көтөрүүгө ким жардам бере алат? Бизге кимдир бирөө кам көрөбү?

Алла-тааланын пендесине болгон сүйүүсү эненин баласына болгон сүйүүсүнөн да күчтүү

Ооба, бизге өмүр берген Кудай өзү кам көрөт. Анын пайгамбарларга жаздырган Ыйык Китебинде: «Аял эмчектеги баласын унутабы? Курсагында көтөрүп жүргөн уулуна боор оорубай коёбу? Ал унутушу мүмкүн, бирок мен сени унутпайм»,— делет *.

Бул сөздөр жүрөктү козгобой койбойт, чынбы? Алла-тааланын пендесине болгон сүйүүсү эненин баласына болгон сүйүүсүнөн да күчтүү. Мээримдүү Кудай бизди эч качан таштабайт. Ал бизге мурунтан эле кам көрүп койгон деп айтууга болот. Кандайча? Ал Ыйык Китепке Ага чындап ишенгендер бактылуу өмүр сүрөрүн жаздырып койгон.

Ооба, Алла-таалага чын жүрөктөн ишенсек, бактылуу болобуз. Көптөгөн көйгөйлөрдөн алыс болуп, оор кыйынчылыктарды оңой көтөрүп кете алабыз. Ошондой эле Кудайга жакындап, жан дүйнөбүз тынч болот. Мындан сырткары, келечекте Бейиште түбөлүк өмүр сүрөбүз.

Кудайга чындап ишенүү деген эмнени билдирет? Канткенде ага чындап ишене алабыз?

^ Ышая 49:15ти карагыла. (Ыйык Китеп бөлүмдөргө жана аяттарга бөлүнгөн. Мисалы, Ышая 49:15 деген Ышая китебинин 49-бөлүмүнүн 15-аятын билдирет.)