Азап чегип жатканыбызга Кудай күнөөлүүбү?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Ыйык Китепте биздин азап чеккенибизге Кудай күнөөлүү эмес экени ачык эле айтылат. Жахаба Кудай адамзаттын азап-кайгыга батышын эч качан каалаган эмес. Чын-чынында, азап-кайгынын баары адамзаттын биринчи түгөйү Адам ата менен Обо эненин Кудайдын бийлигине каршы чыгып, эмне жакшы, эмне жаман экенин өздөрү чечүүнү каалаганынын айынан башталган. Алар Кудайдан баш тартып кеткендиктен азап-кайгыга малынышкан.
Алардын урпактары болгондуктан бүгүнкү күндө биз алардын туура эмес чечиминин залакасын тартуудабыз. Ошондуктан адамзаттын азап тартып жатканына Кудай себепкер деп айтууга болбойт.
Ыйык Китепте: «Сыналып жатканда эч ким: „Мени Кудай сынап жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт, Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт
»,— деп айтылат (Жакып 1:13). Ушу тапта азап-кайгыны ар бир киши, атүгүл Кудайдын жолунда жүргөндөр да башынан кечирет.