Мазмунун көрсөтүү

Эмне үчүн Кудай Холокостко жол берген?

Эмне үчүн Кудай Холокостко жол берген?

 Ушул суроону Холокосттун (нацисттердин еврейлерди тукум курут кылуу аракети) айынан жакындарынан айрылып, эч соороно албай келгендердин көбү беришет. Бул суроо Кудайдын ушундай мыкаачылыкка эмне себептен жол бергенин түшүнбөй, ошондон улам Кудайдын бар экенине күмөн санагандарды да кызыктырат.

Кудай жөнүндөгү эл арасында кеңири тараган ойлор

 Айрымдардын ою: «„Кудай Холокостко эмне себептен жол берген?“ — деп сурабаш керек. Анткени бул Кудайга шек келтирүүгө жатат».

 Чынында кандай? Кудайга бекем ишенген адамдар да Кудайдын эмне үчүн азап-кайгыга жол берерин түшүнгүсү келип, ушул сыяктуу суроолорду берген. Мисалы, Хабакук деген бир пайгамбар Кудайга кайрылып: «Эмнеге талап-тоноочулук, зордук-зомбулук, чыр-чатак, уруш-талаштар болуп жатат?» — деп сураган (Хабакук 1:3). Кудай пайгамбарын ушундай суроо бергени үчүн жемелеген эмес, ал атүгүл анын суроолорун, кийин башкалар окушу үчүн, Ыйык Китепке жаздырып койгон.

 Айрымдардын ою: «Кудайга адамдардын азап чегип жатканы баары бир».

 Чынында кандай? Кудай адамдардын бири-бирине жамандык кылып жатканына кайдыгер карабайт. Ал жаман иштердин баарын жек көрөт (Накыл сөздөр 6:16—19). Алсак, Ыйык Китепте Нух пайгамбардын күндөрүндө жер бети жамандыкка толуп кеткенде, Кудайдын «жүрөгү ооруган» деп айтылат (Башталыш 6:5, 6). Андыктан Холокост учурунда миллиондогон адамдардын кырылып жатканын көрүп Кудайдын жүрөгү сыздаганы айтпаса да түшүнүктүү (Малаки 3:6).

 Айрымдардын ою: «Холокост Кудайдын еврейлерге берген жазасы болгон».

 Чынында кандай? Кудайдын 1-кылымда еврейлерди жазалап, Рим аскерлеринин Иерусалимди талкалап, жок кылышына жол бергени чын (Матай 23:37—24:2). Бирок ошондон кийин ал кайсы бир улутту тандап, өзүнүн эли кылган да эмес, жазалаган да эмес. Кудайдын көз алдында бардык улуттар бирдей (Римдиктер 10:12).

 Айрымдардын ою: «Эгер мээримдүү, кудурети күчтүү Кудайдын бар экени чын болсо, эмне үчүн ал Холокостту болтурбай койгон жок?»

 Чынында кандай? Кудай адамдарды эч качан азап-кайгыга салбайт, бирок азап-кайгыга убактылуу жол берип келет (Жакып 1:13; 5:11).

Эмне үчүн Кудай Холокостко жол берген?

 Кудай Холокостко, жалпы адамзаттын азап-кайгысына эмне себептен жол берип келсе, ошол эле себептен, тээ алмустакта көтөрүлгөн талаш маселеден улам, жол берген. Ыйык Китепте ачык эле жазылгандай, азыркы тапта дүйнөнү Кудай эмес, Шайтан Ибилис башкарууда (Лука 4:1, 2, 6; Жакан 12:31). Эмесе, Кудайдын Холокосттун болушуна жол бергенин Ыйык Китепте жазылган эки негизги себебине токтололу.

  1.   Кудай адамдарды чечим чыгаруу эркиндиги менен жараткан. Кудай баарыбыздын түпкү ата-энебиз Адам ата менен Обо энеге алардан эмнени талап кыларын айтканы менен, ал талаптарга баш ийүүгө мажбурлаган эмес. Алар болсо Кудайдын талабына баш ийбей, эмне жакшы, эмне жаман экенин өздөрү чечүүнү туура көрүшкөн. Бүгүнкү күндө биз ошонун кесепетин тартуудабыз. Негизинен эле, тарых бою жалпы адамзат, Адам ата менен Обо энеге окшоп, жаман-жакшыны өзү билип, өзү чечкен адамдардын айынан жапа чегип келет (Башталыш 2:17; 3:6; Римдиктер 5:12). Ушул сыяктуу ой бир китепте мындайча түшүндүрүлгөн: «Дүйнөдөгү азап-кайгынын көбү — чечим чыгаруу эркиндигибизди кыянат колдонгонубуздун натыйжасы» («Statement of Principles of Conservative Judaism»). Чечим чыгаруу эркиндигин кыянат колдонгону үчүн Кудай адамдарды ошол эркиндигинен ажыратып койбой, өздөрүнүн тандаган жолу менен жашап көрүүгө жол берип келүүдө.

  2.   Кудай Холокосттун кесепетин толугу менен жоё алат жана сөзсүз жоёт. Кудай көзү өтүп кеткен миллиондогон адамдарды, анын ичинде Холокосттун айынан каза болгондорду да тирилтүүнү убада кылууда. Ошондой эле ал Холокостту көргөндөрдү көкөйүндө калган жаман эскерүүлөрдөн арылтат (Ышая 65:17; Элчилер 24:15). Кудайдын адамзатка болгон сүйүүсү анын өз убадасын сөзсүз аткарарына кепилдик берет (Жакан 3:16).

 Холокост учурунда куугунтук жеп, аман калган көптөгөн адамдарга Кудайга болгон ишенимин, жашоосунун маңызын жоготпогонго Кудайдын эмне үчүн азап-кайгыга жол берип жатканын жана жакында бүт жамандыктын кесепетин жоёрун түшүнүп-билгени жардам берген.