Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-бөлүк

Кудай ниетин пайгамбарлар аркылуу билдирет

Кудай ниетин пайгамбарлар аркылуу билдирет

Пайгамбарлар Кудайдын сот өкүмүн жарыялашкан. Ошондой эле таза сыйынуу жана келечек жөнүндө айтышкан

ЫСРАЙЫЛДА жана Жүйүттө падышалар башкарып турган маалда Кудайдын кабарын элге жеткирип турган пайгамбарлар болушкан. Алар Кудайга бекем ишенген жана анын өкүмдөрүн эр жүрөктүк менен жарыялаган адамдардан болушкан. Келгиле, алардын пайгамбарлыгынын төртөөнө токтолуп көрөлү.

1. Иерусалимдин талкаланышы. Көптөгөн жылдар мурун эле Ышая жана Жеремия деген пайгамбарлар Иерусалим шаарынын талкаланып, ээн каларын пайгамбарлык кылышкан. Шаар эмне себептен Кудайдын каарына каларын алар ушунчалык курч сөздөр менен айтышкан. Ысрайылдыктар Кудайдын тандап алган элибиз деп ырасташканы менен, жалган кудайларга сыйынышып, адеп-ахлаксыздыкка жана зордук-зомбулукка барышкан (2 Падышалар 21:10—15; Ышайа 3:1—8, 16—26; Жеремия 2:1—3:13).

2. Чыныгы сыйынуунун калыбына келтирилиши. Кудайдын эли 70 жылдан кийин Бабыл туткунунан бошотулмак. Алар ээн калган өлкөсүнө кайтып келген соң Жахабанын Иерусалимдеги ибадатканасын калыбына келтиришмек (Жеремия 46:27; Амос 9:13—15). Ышая пайгамбар Иерусалим талкаланганга чейин 200 жылдай мурун Бабылды багындыра турган падышанын аты Кореш болорун жана ал Кудайдын элин азаттыкка чыгарып, таза сыйынуунун калыбына келишине өбөлгө түзөрүн айткан. Ал атүгүл Корештин шаарды кандайча басып аларын майда-чүйдөсүнө чейин пайгамбарлык кылган (Ышайа 44:24—45:3).

3. Машаяктын келиши жана ага байланыштуу окуялар. Машаяк Бейт-Лехем шаарында төрөлмөк (Михей 5:2). Ал момун падыша катары Иерусалимге эшек минип кирмек (Захария 9:9). Иса жумшак жана боорукер адам болсо да, аны баары эле жактыра бермек эмес, атүгүл көптөр аны четке какмак (Ышайа 42:1—3; 53:1, 3). Ошондой эле мыкаачылык менен өлтүрүлмөк. Ошону менен эле баары бүтөт беле? Жок, Иса өз өлүмү менен көптөрдүн күнөөлөрүнүн кечирилишине жол ачмак (Ышайа 53:4, 5, 9—12). Андыктан ал өлгөндөн кийин кайра тирилиши керек эле.

4. Машаяктын жер үстүнөн бийлик кылышы. Жеткилең эмес адамдардын жүргүзгөн бийлиги тынчтык орното албайт. Ал эми Машаяктын бийлиги астында бардык жерде тынчтык болот. Ал — Тынчтыктын Төрөсү (Ышайа 9:6, 7; Жеремия 10:23). Машаяк башкарып жаткан учурда адамдар бири-бири менен эле эмес, жаныбарлар менен да тынчтыкта жашашат (Ышайа 11:3—7). Оору деги эле болбойт (Ышайа 33:24). Өлүм түп орду менен жок кылынат (Ышайа 25:8). Андан сырткары, өлгөндөр тирилтилет (Даниел 12:13).

Ышайа, Жеремия, Даниел, Амос, Михей жана Захария китептерине негизделди.