Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-бөлүк

Адамзаттын Топон суудан аман калышы

Адамзаттын Топон суудан аман калышы

Кудай бузулган дүйнөнү жок кылганда Нухту үй-бүлөсү менен аман алып калган

ЖЕР бетинде адам баласы көбөйгөн сайын жамандык менен бузуктук күч ала берген. Ошол учурдагы жападан жалгыз Энох деген пайгамбар замандаштарына Кудайдын ыймансыздарды жок кыларын эскерткен. Ошого карабай адамдар бузуктукка белчесинен батып, жамандык кеңири кулач жая берген. Ошондой эле периштелердин айрымдары Кудайга каршы чыгып, асмандагы жайын таштап кетишкен. Алар адам кейпин кийип жерге келип, аялдарга үйлөнүшкөн. Ошол периштелер менен аялдардын ортосунан дөөлөр төрөлгөн. Аларды нефилимдер деп аташчу. Нефилимдер доорон сүрүп турган учурда зордук-зомбулук күч алып, кан суудай аккан. Ошондо Кудай жердеги жаратууларынын кыйрап жатканын көрүп, өз ичинен өтө кайгырган.

Энох пайгамбардан кийин жер бетинде Нух деген дагы бир адил адам жашаган. Ал үй-бүлөсү менен Кудайдын көз алдында туура иштерди кылууга умтулган. Кудай ошол бузулган дүйнөнү жок кылууну чечкенде Нухту жана жан-жаныбарларды аман алып калууну ниет кылат. Ошондуктан Кудай Нухка чоң, төрт бурчтуу кеме курууну буйруйт. Жер бетин Топон суу каптаганда, Нух жана анын үй-бүлөсү, ошондой эле көп сандаган жаныбарлар ошол кемеге кирип аман калышмак. Нух Кудайдын тилин алып, ондогон жылдар бою кеме курган. Ошондой эле «адилдиктин кабарчысы» да болгон (2 Петир 2:5). Башкача айтканда, элге Топон суу каптаарын эскерткен, бирок алар кулак кагышкан эмес. Ошентип, арадан убакыт өтүп, Нухтун үй-бүлөсү жана жаныбарлар кемеге киришет. Алар кемеге киргенден кийин, Кудай кеменин эшигин жабат. Анан жамгыр жаай баштайт.

Нөшөрлөп төккөн жаан 40 күн, 40 түнгө созулуп, жер бетин суу каптап калат. Бузулган адамдардын баары кырылып жок болот. Арадан айлар өтүп, суу тартылып, кеме тоонун чокусуна келип токтойт. Кеменин суу үстүндө жүргөнүнө толук бир жыл болгондон кийин кемедегилер аман-эсен сыртка чыгышат. Нух Кудайга ыраазычылык билдирип, курмандык чалат. Кудай Нухка жана анын үй-бүлөсүнө мындан кийин эч качан жер үстүндөгү бардык тирүү жандарды Топон суу менен жок кылбаарын убада кылат. Ошол убадасын адамдардын эсине салып туруш үчүн асманга асан-үсөн чыгарат.

Топон суудан кийин Кудай адамдарга башка буйруктарды берген. Ал аларга жаныбарлардын этин жегенге уруксат берип, бирок канын жегенге тыюу салган. Ошондой эле, Жахабанын буйругу боюнча, Нухтун укум-тукуму бүт жер жүзүнө тарашы керек эле. Тилекке каршы, алардын айрымдары бул буйрукка баш ийген эмес. Алар жер бетине тарабай бир жерде жашаш үчүн, кийинчерээк Вавилон деп белгилүү болуп калган Бабыл шаарында Нимроттун жетеги астында чоң мунара кура башташат. Бирок алар ойлогон максатына жеткен эмес. Анткени Кудай бир тилде сүйлөгөн адамдарды ар кайсы тилде сүйлөтүп койгон. Ошондо алар бири бирин түшүнбөй куруу иши токтогон да, эл жер бетине тарап кеткен.

Башталыш китебинин 6—11-бөлүмдөрүнө жана Жүйүт 14, 15-аяттарга негизделди.