Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Корутунду

Корутунду

«Ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында убадаларды алгандардан үлгү алгыла» (ЕВРЕЙЛЕР 6:12).

1, 2. Ишенимди эмне үчүн создуктурбай өрчүтүшүбүз зарыл?

ИШЕНИМ — адам баласына таандык эң сонун сапаттардын бири. Бирок ишенимге байланыштуу эки маанилүү нерсени унутпашыбыз керек. Биринчиден, бизде ишеним жок болсо, аны тезинен өрчүтүшүбүз зарыл. Экинчиден, ал сапат бизде бар болсо, аны сактап калууга дайыма күч жумшашыбыз керек. Эмне үчүн?

2 Учу-кыйырсыз чөлдө кетип баратканыңды элестетсең. Каның катып, тамчы сууга зар болуп жатасың. Эгер кичине эле суу таап алсаң, бууланып кетпеши үчүн, аны дароо күндөн калкалап, бара турган жериңе жеткенчелик өлчөмдө идишиңе куюп алмаксың, чынбы? Азыркы дүйнөнү чөлгө, чыныгы ишенимди болсо күндүн аптабынан калкалап, идишиңе куюп алышың керек болгон сууга салыштырса болот. Биз ал сууга абдан муктажбыз. Суусуз жашай албаганыбыздай эле, ишенимсиз Жахаба менен эч кандай мамиле өрчүтө албайбыз (Рим. 1:17).

3. Жахаба бизге ишеним өрчүтүүгө кантип жардам берип келет жана бизден эмне талап кылынат?

3 Жахаба бизге ишенимдин аябай керек экенин жана бүгүнкү күндө аны өрчүтүп, бекем сактоо оңой эмес экенин жакшы билет. Мына ошондуктан ал Ыйык Китепке бизге үлгү боло турган кишилер жөнүндө жаздырып койгон. Анын Сөзүндө: «Ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында убадаларды алгандардан үлгү алгыла»,— деп айтылган (Евр. 6:12). Ал бизди ишеними күчтүү инсандардан үлгү алууга бүт күчүбүздү жумшоого уюму аркылуу да үндөп келет. Бизден эмне талап кылынат? Биз мындан ары да ишенимибизди өрчүтө беришибиз жана үмүтүбүздү бекем сакташыбыз керек.

4. Шайтан ишенимибизди кыйратыш үчүн эмне кылат, бирок эмне үчүн андан коркпошубуз керек?

4 Мындан ары да ишенимиңди өрчүтө бер. Шайтан ишенимибизди кыйратууну көздөп келет. Ал өзүнүн бийлиги астында жаткан дүйнөнү ишенимди бекем сактоого кыйын болгудай кылып «какшыган чөлгө» айландырып салган. Ал бизден алда канча күчтүү. Бирок бул ишенимибизди өрчүтүп, бекем сактай албай турганыбызды билдиреби? Албетте, жок. Анткени Жахаба чыныгы ишеним өрчүткүсү келгендердин баарын жакын Досу катары колдоп турат. Анын жардамы менен Ибилиске каршы тура алабыз. Керек болсо, ал бизден качат (Жкп. 4:7). Эгер ишенимибизди өрчүтүп, аны бекемдегенге күнүгө убакыт бөлсөк, Шайтан бизди жеңе албайт. Күчтүү ишеним өрчүтүш үчүн эмне кылышыбыз керек?

5. Кудайдын байыркы убактагы кызматчылары ишенимин кантип өрчүтүшкөн?

5 Бул китептен окуп-билгенибиздей, Кудайдын кызматчыларынын эч кимиси күчтүү ишеним менен төрөлгөн эмес. Алардын жашоосунан ишеним Жахабанын ыйык рухунун жардамы менен гана өрчүй турган сапат экенин көрүүгө болот (Гал. 5:22, 23). Жардам сурап тиленишкенде, Жахаба алардын ишенимин бекемдеген. Келгиле, биз да аларды туурайлы. Жахаба андан ыйык рух сурагандарга жана тиленүүсүнө ылайык иш кылгандарга ыйык рухун берешендик менен берерин эсибизден чыгарбайлы (Лк. 11:13). Тиленгенден тышкары, дагы эмне кылсак болот?

6. Ыйык Китепти изилдөөдөн канткенде толук пайда алабыз?

6 Бул китепке ишеними күчтүү инсандардын айрымдары гана жазылды. Ыйык Китепте Кудайдын дагы көптөгөн кызматчылары жөнүндө айтылат. (Оку: Еврейлер 11:32.) Алардын ар бири тууралуу терең изилдеп, көп нерсени билсе болот. Бирок алар жөнүндө үстүртөн эле окуп койсок, ишенимибизди бекемдей албайбыз. Толук пайда алышыбыз үчүн окуянын кантип өрчүгөнүн, кандай жагдайда болгонун терең изилдегенге убакыт бөлгөнүбүз маанилүү. Эгер Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларынын «биздикиндей эле сезимдери бар» жеткилеңсиз адамдардан болгонун унутпасак, аларды көбүрөөк түшүнө алабыз (Жкп. 5:17). Ошондой эле алардын сезимдерин туюп көргөнгө аракет кылсак, биздикиндей кыйынчылыктарга туш болгондо кандай иш-аракет кылышмактыгын да элестете алабыз.

7—9. а) Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларына биздин күндөрдөгүдөй сыйынууга мүмкүнчүлүк берилсе, кандай сезимде болушмак? б) Кудайга болгон ишенимибизди эмне үчүн иш жүзүндө көрсөтө беришибиз керек?

7 Биз ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтүүнүн аркасында аны бекемдей алабыз. Эгерде ишенимибиз иштер менен коштолбосо, ал «өлүп» калат (Жкп. 2:26). Жахаба бизге тапшырган ишти ушул китепте талкууланган ишенимдүү кызматчыларына тапшырса, алардын канчалык сүйүнмөктүгүн элестетип көрсөң.

8 Ыбрайым пайгамбарга эми Кудайына элсиз ээн жердеги таштан жасалган курмандык жайынын жанында эмес, жакшынакай Падышалык залдарында жана чоң жыйындарда ишенимдештери менен чогуу сыйынса болору айтылса жана ал жактан мурун ага бүдөмүк болгон пайгамбарлыктардын майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлүп жатканын укса, кандай сезимде болмок? (Оку: Еврейлер 11:13.) Ал эми Илияс пайгамбарга Кудайдан баш тарткан падышанын тушунда Баалдын жалган пайгамбарларын өлтүрүү эмес, адамдарга үмүт берип, жүрөктү тынчтандыра турган жакшы кабар жарыялашы керектиги айтылса, сүйүнөт беле? Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларына биздин күндөрдөгүдөй сыйынууга мүмкүнчүлүк берилсе, аябай кубанышмактыгы шексиз.

9 Келгиле, мындан ары да Кудайга болгон ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтө берели. Эгер ошентсек, Ыйык Китепте айтылган ишенимдүү инсандарды туураган болобуз. Ошондо, кириш сөздө айтылгандай, андай ишенимдүү кызматчылар менен ынак достордой болуп калабыз. Ал эми жакында алар менен сөздүн түз маанисинде да дос болобуз.

10. Бейиште кандай кубанычтуу окуя болот?

10 Үмүтүңдү бекем сакта. Кудайдын ишенимдүү кызматчыларына үмүт дайыма күч-кубат берип турган. Сагачы? Адил адамдар тирилип, алар менен жолукканыңда кандай гана кубанарыңды элестетесиңби? (Оку: Элчилер 24:15.) Аларга кандай суроолорду бергиң келет?

11, 12. Жаңы заманда а) Абылга, б) Нух пайгамбарга, в) Ыбрайым пайгамбарга, г) Рутка, д) Абигейилге жана е) Эстерге кандай суроолорду берет элең?

11 Абылдан Адам ата менен Обо эне кандай болгону жөнүндө сурагың келеби? Ага: «Эйден багын кайтарып турган керуптар менен сүйлөшүп көрдүңүз беле? Алар сизге жооп берчү беле?» — деген суроолорду бергиң келеттир. Нух пайгамбардан болсо: «Нефилимдерден коркчу белеңиз? Кемедеги жаныбарларды бир жыл бою кантип бактыңыз эле?» — деп сурайттырсың. Ал эми Ыбрайым пайгамбарга: «Шемди канчалык жакын таанычу элеңиз? Жахаба жөнүндө кимден уктуңуз эле? Урдан көчүп кетиш кыйын болду беле?» — деген суроолорду даярдап койгондурсуң.

12 Кудайга ишенимдүүлүк менен кызмат кылган аялдарга да кызыктуу суроолоруң бардыр. Мисалы, Руттан: «Жахабага кызмат кылууга сизге эмне түрткү берди эле?», Абигейилден: «Дөөтү пайгамбарга жардам бергениңизди Набалга айткандан корктуңуз беле?», Эстерден: «Агаңыз Мордохай экөөңөрдүн андан аркы жашооңор кандай болду эле?» — деп сурагың келеттир.

13. а) Тирилгендер сага кандай суроолорду бериши мүмкүн? б) Кудайдын байыркы убактагы кызматчылары менен жолугарыңды ойлогондо сени кандай сезимдер чулгайт?

13 Ал ишенимдүү кызматчылардын сага да толтура суроолорду жаадырары шексиз. Акыркы күндөрдө жашоо кандай болгонун жана ошондой оор учурда Жахабадан кандай баталарды алганыбызды толкунданып айтып берерибиз турган иш. Алар Жахабанын өз убадаларынын баарын кандайча аткарганын билгенде аябай таасирленет болуш керек. Ошондо мурун китеп бетинен окуп жүргөн адамдарды өз көзүбүз менен көрөбүз! Алар менен бирге Бейиште жашайбыз. Андыктан азыртадан эле алар жөнүндө көбүрөөк билүүгө, алардан үлгү алууга умтула бер. Биз сенин ошондой сонун адамдар менен дос болуп, Жахабага алар менен бирге түбөлүктөн түбөлүккө кызмат кылышыңа тилектешпиз!