Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепти окуу графиги

Ыйык Китепти окуу графиги

Ыйык Китеп адам баласынын жашоосуна керектүү болгон даанышман кеңештерге бай. Анда жазылгандарды дайыма окуп, ой жүгүртүп, аларды иш жүзүндө колдонсоңор, «ийгиликке жетесиңер» (Жашыя 1:8; Забур 1:1—3). Ошондой эле Кудайды жана анын Уулу Иса Машаякты таанып-билесиңер. Мындан сырткары, Ыйык Китептеги билим куткарылышыңарга жол ачат (Жакан 17:3).

Ыйык Китептеги китептерди кандай тартипте окусаңар болот? Бул графикти колдонуп, Ыйык Китептеги китептерди жайгашкан тартиби боюнча же тема боюнча окуй аласыңар. Маселен, Кудайдын байыркы ысрайыл элине кандай мамиле кылганын жалпы жонунан билиш үчүн айрым бөлүктөрүн тандап окусаңар болот. Ал эми Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын жыйналышы кантип уюшулганы жана кантип өскөнү жөнүндө билгиңер келсе, Ыйык Китептин башка бөлүктөрүн окугула. Күнүнө бир нече бөлүм окуп турсаңар, Ыйык Китепти бир жылдын ичинде окуп бүтөсүңөр.

Ыйык Китепти күндө окууга же бир жылда окуп бүтүүгө, же болбосо окуп баштаганга жардам бере турган графикти издеп жүрсөңөр, бул графиктен зор пайда аласыңар. Кагаз жүзүндө чыгарып алса боло турган бул Ыйык Китепти окуу графигин жүктөп алып, бүгүнтөн баштап колдоно баштасаңар болот.