Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепти түшүнүүгө эмне жардам берет?

Ыйык Китепти түшүнүүгө эмне жардам берет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китеп өзүн-өзү түшүндүрөт. Адамдын билими, жөндөмү кандай болбосун, Кудайдын Ыйык Китепке жаздырып койгон кабарын түшүнө алат. Анткени ал кабар адам «аткара албагыдай оор эмес, алыс да эмес» (Мыйзам 30:11).

Ыйык Китепти түшүнүш үчүн эмне талап кылынат?

  1.   Туура маанай. Ыйык Китепти түшүнүш үчүн аны Кудайдын Сөзү экенине ишенүү маанилүү. Ошондой эле момун болуу зарыл. Анткени Кудай бой көтөргөндөрдү жаман көрөт (1 Тесалоникалыктар 2:13; Жакып 4:6). Кудай сокур ишенимди да жактырбайт. Ал адамдын өзүнүн «акыл жөндөмүн» колдонушун каалайт (Римдиктер 12:1, 2).

  2.   Кудайдан акыл сурап тиленүү. Накыл сөздөр 3:5те: «Өз түшүнүгүңө ишеним артпа»,— деп жазылган. Андыктан Ыйык Китепти түшүнгүсү келген киши Кудайдан акыл сурашы керек (Жакып 1:5).

  3.   Үзгүлтүккө учуратпай изилдөө. Ыйык Китепти жакшыраак түшүнүш үчүн аны анда-санда гана эмес, үзгүлтүккө учуратпай окуп-изилдеш керек (Жашыя 1:8).

  4.   Тема боюнча изилдөө. Ыйык Китеп эмнеге окутарын билиш үчүн кайсы бир тема боюнча ал китепте эмне деп айтыларын изилдеп-окуу натыйжалуу. Ан үчүн эң алды жөнөкөй темадан баштаган оң (Еврейлер 6:1, 2). Ыйык Китепти изилдеп жатып бир аятты экинчи аят менен салыштыра турган болсок, анын бир бөлүгү башка бир бөлүгүн түшүндүрөрүн байкоого болот. Ошондой изилдөөнүн аркасында атүгүл «кыйын нерселерди» да түшүнүүгө болот (2 Петир 3:16).

  5.   Башкалардын жардамы. Ыйык Китеп бизди аны жакшы түшүнгөндөргө жардам сурап кайрылууга үндөйт (Элчилер 8:30, 31). Жахабанын Күбөлөрү каалоочулардын баарына Ыйык Китепти алар менен чогуу акысыз изилдөөнү сунуш кылышат. Башкаларга Ыйык Китеп чынында эмнеге окутарын түшүндүрүш үчүн алар, Иса Машаяктын алгачкы жолдоочуларына окшоп, Ыйык Китептеги аяттарды колдонушат (Элчилер 17:2, 3).

Эмнелер талап кылынбайт?

  1.   Жогорку билим жана өзгөчө жөндөмдүүлүк. Айрымдар Иса пайгамбардын 12 элчисин «билими жок карапайым кишилер» деп эсептешкен. Анткен менен элчилер Ыйык Китепти өздөрү түшүнгөндөн тышкары, башкаларды да окутушкан (Элчилер 4:13).

  2.   Акча. Ыйык Китеп эмнеге окутарын билиш үчүн эч кандай акча талап кылынбайт. Анткени Иса пайгамбар өзүнүн шакирттерине: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— деп айткан (Матай 10:8).