Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

124-ЫР

Берилгендик көрсөтөбүз

Берилгендик көрсөтөбүз

(Забур 18:25)

  1. 1. Көрсөткүбүз келет дайым

    Берилгендик Кудайга.

    Баш ийгибиз келет анын

    Мыйзам-буйруктарына.

    Кеңештери абдан баалуу.

    Аларды аткаралы.

    Кудайыбыз ишенимдүү.

    Андан алыстабайлы.

  2. 2. Берилгендик көрсөтөбүз

    Бир туугандарыбызга.

    Кыйынчылык учурларда

    Кубаттайбыз дайыма.

    Чын жүрөктөн урматтайбыз,

    Ишенебиз аларга.

    Күчтүү сүйүү көрсөтөлү

    Бир туугандарыбызга.

  3. 3. Берилгендик көрсөтөбүз

    Аксакалдарыбызга.

    Кеңештерин кабыл алып,

    Даярбыз аткарууга.

    Жахаба батасын берет,

    Күч-кайратка толобуз.

    Ишенимди бек сактасак,

    Ага таандык болобуз.