Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү ата-энелерди балдарын бузуку адамдардан коргоого үйрөтүп келет

Жахабанын Күбөлөрү ата-энелерди балдарын бузуку адамдардан коргоого үйрөтүп келет

Ыйык Китепте ата-энелердин балдарын Кудайдын белеги катары көрүп, аларды сүйүшү, акыл-насаат айтышы, коргошу керектиги айтылат (Забур 127:3; Накыл сөздөр 1:8; Эфестиктер 6:1—4). Ата-энелер балдарын коргошу керек болгон коркунучтуу нерселердин бири — бузуку адамдардын зордукташы.

Ондогон жылдардан бери Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөдөгү мамилени чыңдоого жардам берген адабияттарды басып чыгарып, таратып келет. Ошондой эле ата-энелерге балдарын бузуку адамдардын кол салуусунан коргоого жана балдарын ошондой адамдарга каршы турууга үйрөткөн ар кандай макалаларды чыгарышкан. Төмөндө ошол макалалардын тизмеси көрсөтүлдү. Алардын канча нускада, канча тилде чыкканына көңүл бурсаңар.

  • Темасы: «Жакын туугандардын ортосундагы жыныстык мамиле — жашыруун кылмыш»

    • Адабият: «Ойгонгула!» (англ.) журналы, 1981-жыл, 8-февраль

    • Нускасы: 7 800 000

    • Тилдер: 34

  • Темасы: «Жакын туугандардын ортосундагы жыныстык мамиледен жабыркагандарга жардам»

    • Адабият: «Күзөт мунарасы» (англ.) журналы, 1983-жыл, 1-октябрь

    • Нускасы: 10 050 000

    • Тилдер: 102

  • Темасы: «Балдардын зордукталышы. Ар бир эненин үрөйүн учурган коркунуч»; «Балдардын зордукталышы. Мындайга кимдер барат?»; «Балдардын зордукталышы. Балдарыңарды коргой аласыңар»

    • Адабият: «Ойгонгула!» (англ.) журналы, 1985-жыл, 22-январь

    • Нускасы: 9 800 000

    • Тилдер: 54

  • Темасы: «Бузуку адамдардын олжосуна айлангандар; Бала кезинде зордукталгандардын „айыкпаган жарасы“»

    • Адабият: «Ойгонгула!» (ор.) журналы, 1991-жыл, 8-октябрь

    • Нускасы: 12 980 000

    • Тилдер: 64

  • Темасы: «Балаңар коркунуч алдында!»; «Балдарыбызды кантип коргосок болот?»; «Балдарды үйдөн коргоо»

    • Адабият: «Ойгонгула!» (ор.) журналы, 1993-жыл, 8-октябрь

    • Нускасы: 13 240 000

    • Тилдер: 67

  • Темасы: «Балдарыңарды коргогула!»

    • Булагы: 2002-жылы чыгарылган №4 видеоролик (ор.)

    • Тилдер: 2

  • Темасы: «Кудай Исаны кантип коргогон?»

  • Темасы: «Ар бир ата-эненин тынчын алган коркунуч»; «Балдарыңарды кантип коргой аласыңар?»; «Үй-бүлөңөр коопсуз жай болсун!»

    • Адабият: «Ойгонгула!» (ор.) журналы, 2007-жыл, октябрь

    • Нускасы: 34 267 000

    • Тилдер: 81

  • Темасы: «Бузуку адамдардан өзүмдү кантип коргойм?»; «Ата-энелердин суроолору: Балам менен жыныстык катнаш жөнүндө сүйлөшүшүм керекпи?»

  • Темасы: «Ата-энелер балдарына канткенде туура жыныстык тарбия бере алышат?»

    • Булагы: jw.org сайты, 2013-жылы 5-сентябрда чыккан макала

    • Тилдер: 64

Жахабанын Күбөлөрү ата-энелерге балдарын бузуку адамдардын кол салуусунан коргоого жардам берген макалаларды мындан ары да чыгара берет.