Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 11-ИЮЛЬ
ГРЕЦИЯ

Афин, Греция. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Афин, Греция. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 5—7-июль

  • Өткөрүлгөн жери: «Афин олимпиадалык стадиону» Афин, Греция

  • Жыйын өткөн тилдер: албан, англис, грек, грек жаңдоо тили, орус, цыган (Грециянын түштүгү)

  • Катышкандардын жогорку саны: 36 873

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 406

  • Эл аралык делегаттардын саны: 6 000

  • Чакырылган филиалдар: Австралазия, Албания, Армения, Болгария, Борбордук Америка, Борбордук Европа, Жапония, Кошмо Штаттар, Кыргызстан, Түндүк Македония, Түркия, Фижи

  • Жергиликтүү окуя: Саякат агенттигинде иштеген бир киши мындай деген: «Саякат жаатында өмүр бою иштеп келатам. Бирок эч жерден конокторду ушунчалык уюшкандыкта тосуп алып, жайгаштырганын көргөн эмесмин. Кечөө бир нерсеге күбө болдум. Ошондо көргөн көзүмө ишене албай, таң калып жаттым. 2 600 делегатты бир нече сааттын ичинде эле жайгаштырып койдуңар. Муну толтура адистер да ушунчалык мыкты кыла албайт болчу. Бирок баарынан да жылмайганыңар өзгөчө таасир этти. Бул жумушта иштегениме көп жыл болду. Кимдир бирөөнүн жылмайымыш эткенин чын жүрөктөн жылмайганынан дароо эле айырмалай алам. Силер, чындап эле, чын жүрөктөн жылмаят экенсиңер».

 

4 000ден ашуун ыктыярчылардын айрымдары жыйындын алдында стадионду даярдоодо

Балдар, кыздар делегаттарды тосуп алып жатышат

406 жаңы ишенимдешибиздин бири чөмүлтүлүүдө

Стадиондун цыган тилиндеги бөлүгүндө бир туугандар сүрөткө түшүп жатышат. Бул жыйын — программа цыган тилине которулган, Грецияда өткөн эл аралык жыйындардын эң алгачкысы

Жергиликтүү бир туугандар менен кызматта жүргөн делегаттар

Делегаттар Грециядагы байыркы имараттын урандыларын кыдырып жүрүшөт

Достук кечеде элчи Пабылдын Грециядагы кызматы жөнүндөгү ыйык китептик драма көрсөтүлүп жатат

Жергиликтүү бир туугандар делегаттар үчүн Грецияда белгилүү болгон «Сиртаки» бийин бийлеп жатышат

Ишенимдешибиз «Бузуки» деп аталган грек улуттук аспабында ойноодо

Грек сөздөрүн үйрөнүп жаткан делегаттар

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Дэйвид Сплэйн Ыйык Китепке негизделген жана грек тилине которулган жыйындын үчүнчү күнүнүн жыйынтыктоочу баяндамасын айтууда

Атайын толук убакыт кызмат кылган бир туугандар жыйындын акыркы күнүндө жыйынга келгендер менен кол булгалап коштошууда