Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 15-АВГУСТ
КОШМО ШТАТТАР

Финикс, Кошмо Штаттар. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Финикс, Кошмо Штаттар. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 9—11-август

  • Өткөрүлгөн жери: Финикс шаарындагы «Чейз-Филд» стадиону, Аризона, Кошмо Штаттар

  • Программанын тили: англис

  • Катышкандардын жогорку саны: 40 237

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 352

  • Эл аралык делегаттардын саны: 5 000

  • Чакырылган филиалдар: Австралазия, Борбордук Европа, Британия, Греция, Индия, Италия, Канада, Корея, Микронезия, Скандинавия, Таиланд, Таити, Тринидад жана Тобаго, Түркия, Франция, Чили, Шри-Ланка

  • Жергиликтүү окуя: Финикс аймагындагы жыйындарга, мейманканаларга, конок жайларына жооптуу «Визит Финикс» компаниясынын президенти Стив Мур мындай деген: «Мен бул жаатта көп жылдан берип эмгектенип келатам. Бул уюм мен кызматташкан уюмдардын ичинен эң эле мыкты уюшулганы болду. Мындан тышкары, силер жыйындан кийин артыңардан жыйнап кетериңерди айттыңар. Мындайды эч ким кылган эмес».

 

«Скай-Харбор» эл аралык аэропортунда бир туугандар делегаттарды жылуу тосуп алып жатышат

Мейманкананын алдында конокторду тосуп алып жаткан Финиксте жашаган бир туугандар

Жүздөгөн бир туугандар «Чейз-Филд» стадионунун алдында жума күнү эртең менен делегаттарды күлүп-жайнап тосуп алууда

Айрымдары улуттук кийим кийген делегаттар программаны угуп жатышат

Жаңы чөмүлгөн 352 бир туугандын экөө

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Сэмюэл Хёрд бир тууган жыйындын экинчи күнүнүн соңку баяндамасын айтууда

Штаттын сейил багында сүрөткө түшүп жаткан бир туугандар

19-кылымдагы Американын батышындагы илгерки шаардын көргөзмөсүндө ат арабада отурган бир туугандар

Атайын толук убакыт кызмат кылган кызматчылар жекшемби күндүн программасынын соңунда стадиондун аянтчасында турушат