Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ

Roku электрондук каражатына JW телеберүүсүн орнотуу

Roku электрондук каражатына JW телеберүүсүн орнотуу

JW телеберүүсүн Roku плейеринен көрүш үчүн адегенде Roku плейерин жөндөп, андан кийин JW телеберүүсүнүн програмдык жабдыгын орнотуш керек. Ан үчүн төмөнкү көрсөтмөлөргө карманыңыз.

 Roku плейерин жөндөө

Roku плейерин Интернетке туташтырууга жана жөндөөгө жардам берген көрсөтмөлөрү болушу керек. Roku плейер Интернетке туташкандан кийин, экранга чыккан көрсөтмөлөрдү аягына чейин аткарыңыз.

Эске алчу нерсе: Көрсөтмөлөргө ылайык иш кылыш үчүн компьютериңизден же мобилдик каражатыңыздан Интернетке киришиңиз керек.

Экранга чыккан көрсөтмөлөрдү аткарыш үчүн Roku плейериңизди телевизоруңузга туташтырышыңыз керек. Ан үчүн www.roku.com/link сайтына кирип, телевизордун экранындагы кодду жазыңыз. Андан кийин компьютериңиздеги же мобилдик каражатыңыздагы көрсөтмөлөргө карманып, Roku аккаунтуңузду ачыңыз.

Roku плейериңиз аккаунтуңуз менен байланышканда, телевизордун экраны жаңырат.

Жардам керек болсо, Roku плейерин жөндөө жөнүндөгү тасманы көрүңүз.

 JW телеберүүсүн компьютерден орнотуу

Roku плейери — бул тасмаларды (же каналдарды) көрүүгө шарт түзгөн програмдык жабдыктарды иштеткен электрондук каражат. Өзүңүзгө жаккан тасмаларды көрсөткөн каналдарды кошо аласыз. Жаңы каналды компьютер же Roku плейери аркылуу кошо аласыз.

  • Каалаган Интернет браузерди колдонуп, Roku каналынын кампасынан JW телеберүүсүнүн барагына кириңиз.

  • Эгер Roku аккаунтуңуз жок болсо, аны ачыңыз.

  • Каналды кошуу дегенди басыңыз. Канал кошулгандан кийин Каналды кошуу деген жерге Орнотулду деген жазуу чыгат.

Веб-браузерден каналды кошкондо ал Roku плейериңизге дароо эле орнотулбайт. Ал тек гана каналдардын тизмесине кошулуп калат. Аны Roku плейериңизге орнотушуңуз керек.

  • Roku плейерин башкарган пультундагы Home деген баскычты басыңыз.

  • Өйдө же Ылдый кеткен жебечелерди колдонуп, Жөндөөлөр дегенге токтоңуз.

  • OK дегенди басыңыз.

  • Жөндөөлөр деген жерге киргенде ылдый же өйдө жылып, Системаны жаңыртуу дегенди таап OK дегенди басыңыз. Системаны жаңыртуу деген бет ачылат. Экрандын оң жагындагы Азыр текшерүү дегенди белгилеңиз.

  • OK дегенди басыңыз.

Roku плейериңиз жаңы кошкон каналыңызды тизмеден таап, орнотуп коёт.

  • Телевизордун экранынан Roku плейериңиздин башкы бетине барып, негизги менюдан Каналдарым дегенди тандаңыз. Ошондо Roku плейериңизге орноткон бардык каналдар, анын ичинде JW телеберүүсүнүн каналы чыгат.

  • Анан JW телеберүүсүн иштетиш үчүн jw.org деген белгиге барып, OK дегенди басыңыз.

 JW телеберүүсүн Roku плейеринен орнотуу

JW телеберүүсүн дароо эле Roku плейеринен да орнотсоңор болот.

  • Телевизордун экранынан Roku плейериңиздин башкы бетине барыңыз.

  • Roku плейериңиздин Өйдө же Ылдый кеткен жебечелерин басып, менюдан Издөө дегенди табыңыз.

  • OK дегенди басыңыз.

Издөө дегендин ичинен жазган нерселериңизге жараша тасмалардын, телеберүүлөрдүн, оюндардын, каналдардын аталыштары жана актёрлор менен режиссёрлордун аттары чыгат. JW телеберүүсү канал болгондуктан, сунуш кылынган тизмеден жанында Каналдын белгиси турганын издеңиз. Анан JW телеберүүсүн табыш үчүн төмөндөгү негизги сөздөрдүн бирин жазыңыз.

  • jw телеберүүсү

  • jw.org

  • jwtv

  • Жахаба

  • Тизмеден JW телеберүүсү чыкканда Оңго кеткен жебечени каналдын аталышы белгиленгенге чейин басып туруңуз, анан OK дегенди басыңыз. Аягында Каналды кошуу дегенди басыңыз.

  • JW телеберүүсүн орнотуу үчүн OK дегенди дагы бир жолу басыңыз.

JW телеберүүсүн көрүү үчүн Каналды коюу дегенге же Roku плейериңиздин башкы бетине барып, Каналдарым дегенден JW телеберүүсүн табыңыз.