Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ

JW телеберүүсүн Roku плееринен Видеоархивди көрүңүз

JW телеберүүсүн Roku плееринен Видеоархивди көрүңүз

Видеоархив деген куржундан JW телеберүүсүндөгү кайсы бир тасманы башынан көрө аласыз, токтото аласыз, артка же алдыга түрдүрө аласыз. Ал жерден бир эле тасманы же бөлүктөгү тасмалардын баарын көрсөңүз болот.

(Эске алчу нерсе: Ушул бөлүктө камтылган көрсөтмөлөр сиз колдонгон Roku плееринен айырмаланышы мүмкүн.)

Тасма бөлүктөрүн көрүү үчүн башкы беттен Видеоархив дегенди басыңыз. Тасманы тандоо жана көрүү үчүн төмөнкү көрсөтмөлөргө карманыңыз:

 Тасманы табуу

Каалаган бөлүктү тандаш үчүн плеериңиздин жебечелерин басыңыз. Белгиленген бөлүктү көрүш үчүн OK дегенди басыңыз.

Айрым тасмалар бир нече бөлүктөргө салынган. Мисалы, «Адашкан уулдун кайтып келиши» деген тасманы «Үй-бүлө», «Өспүрүмдөр», «Тасмалар» деген бөлүктөрдөн табууга болот. Ар бир катарда тасмалардын топтому бар. Ар бир топтомдун аталышы катардын үстүнө чыгат.

Плеериңизди колдонуп, топтомдорду тандай аласыз.

  • Өйдө же Ылдый дегенди басып, башка топтомду тандай аласыз.

  • Оңго же Солго дегенди басып, топтомдун ичиндеги каалаган тасманы тандасаңыз болот.

  • Ар бир топтомдо Баарын ойнотуу деген баскыч бар. Топтомдогу видеотасмалардын баарын ойнотуу үчүн ошол баскычты басыңыз. Ошондо тасмалардын биринчисинен баштап ойной баштайт. Топтомдогу бардык видеотасмалар ойнотулгандан кийин токтоп калат.

Тасма тууралуу кошумча маалыматты көрүш үчүн видеотасманы белгилеңиз.

Анан ушул эле экрандан төмөнкүлөрдү кылсаңыз болот:

  • Улантуу. Бул баскыч видеотасманы аягына чейин көрбөй токтотуп койгондо иштейт. Аны бассаңыз, видеотасма кайсы жерден токтосо, ошол жерден улантып көрсөтүлөт.

  • Ойнотуу же Башынан ойнотуу. Тасманы башынан коюу үчүн ушул баскычты басыңыз.

  • Субтитр менен ойнотуу. Бул функция тасманын субтитри болгондо иштейт. Бул функцияны иштетсеңиз, Эфирдеги же Видеоархивдеги бардык тасмалардын субтитрлери (эгер бар болсо) көрсөтүлөт. Субтитрлерди алып салыш үчүн Субтитри жок ойнотуу дегенди басыңыз.

  • Топтомдогу тасмалардын баарын ойнотуу. Бул баскычты басып, белгиленип турган тасмадан баштап топтомдогу тасмалардын баарын көрсөңүз болот. Топтомдогу тасмалардын баары көрсөтүлүп бүткөндөн кийин токтойт.

Тасма тууралуу кошумча маалымат берген экранга ошол топтомдогу башка тасмалар да чыгат. Аларды көрүш үчүн Ылдый дегенди басыңыз, кайра Тасма тууралуу кошумча маалымат берген экранга барыш үчүн Өйдө дегенди басыңыз.

 Тасманы көрүүдө баскычтарды жөндөө

Видеоархивдеги тасмалар көрсөтүлүп жатканда баскычтарды плеериңиздин пультунун жардамы менен төмөндөгүдөй башкарсаңыз болот:

  • Ойнотуу/Тыным. Тасманы токтотуу үчүн ушул баскычты басыңыз. Улантуу үчүн ошол эле баскычты кайра басыңыз.

  • Оңго. Бул баскычты бассаңыз, тасманы бир нече секундага алдыга түрдүрө аласыз. Батыраак түрдүрүш үчүн аны басып туруп алдыга тартыңыз. Тасманын кайсы жерине келгенин көрсөткөн белги сиз каалаган жерге жеткенде Ойнотуу же OK дегенди басыңыз.

  • Батыраак көрүү. Бул баскычты бассаңыз, тасма автоматтык түрдө алдыга түрдүрүлөт. Тасманын кайсы жерине келгенин көрсөткөн белги сиз каалаган жерге жеткенде Ойнотуу же OK дегенди басыңыз.

  • Солго. Бул баскычты бассаңыз, тасманы бир нече секундага артка түрдүрө аласыз. Тасманын башына батыраак түрдүрүш үчүн басып туруп артка тартыңыз. Тасманын кайсы жерине келгенин көрсөткөн белги сиз каалаган жерге жеткенде Ойнотуу же OK дегенди басыңыз.

  • Түрдүрүү. Тасманын башына тезирээк түрдүрүш үчүн ушул баскычты басыңыз. Тасманын кайсы жерине келгенин көрсөткөн белги сиз каалаган жерге жеткенде Ойнотуу же OK дегенди басыңыз.

  • Артка. Муну басканда Тасма жөнүндө маалымат жазылган экранга барасыз.

 Акыркы же тандамал тасмаларды көрүү

JW телеберүүсүнүн башкы бетиндеги Видеоархив деген куржундун ичиндеги тасмалар эки бөлүккө бөлүнгөн.

  1. Тандамал тасмалар. Бул топтомго өзгөчө тасмалар, мисалы, жума сайынкы жолугушууларыбызга байланышы бар тасмалар кирет.

  2. Акыркы тасмалар. Бул топтомго акыркы мезгилде кошулган тасмалар кирет.