Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Порнография — никени талкалаган жоо

Порнография — никени талкалаган жоо

 Бир аял жолдошунун порнография көрүп жүргөнүн билип калган. Ошондо күйөөсү андан жалынып кечирим сураган. «Мындан ары антпейм» деп сөз берип, бир канча убакытка чейин сөзүнө турган. Анан бир күнү эски адатына кайра алдырып койгон. Жубайынан кайра кечирим сураган. Ошентип, бул бир нече жолу кайталанган.

 Эгер сен да ушул адаттан арыла албай жүрсөң, эмне кылсаң болот? Ан үчүн порнография көрүү жубайыңдын жүрөгүн канчалык жаралаарын түшүнүшүң керек. Ошондой эле бул жаман адаттан кантип биротоло арылса болорун билип алганың жакшы a.

Бул макалада:

 Эмнелерди билишиң керек?

 Порнография никени быркыратып талкалайт. Аны көрүп жүргөн киши бейкүнөө жубайын ызалантат жана анын ишеничинен чыгып калат b.

 Порнография көрүп жүргөн кишинин зайыбы төмөнкүдөй сезимдерди туюшу мүмкүн:

  •   Чыккынчылык кылынгандай. Сара деген зайып мындай дейт: «Күйөөң порнография көрсө, өзүңдү ал кайра-кайра көзүңө чөп салгандай сезесиң».

  •   Тебелендиде калгандай. Күйөөсү порнография көргөн дагы бир аял өзүн «ага жакпагандай, уятка калгандай» сезет.

  •   Ишенбей калат. «Эми күйөөмдүн жүргөн-турганына шек саначу болдум»,— дейт Хелен.

  •   Тынчсызданат. Кэтрин: «Күйөөмдүн ушул жаман адатынын айынан жан дүйнөмдөн тынчтык кетти»,— дейт.

 Ойлонуп көр. Ыйык Китепте күйөө аялын сүйүшү керектиги айтылат (Эфестиктер 5:25). Эгер анын жубайы жогорудагы сезимдерди туюп жатса, анда ал ушул сөздөрдү аткарып жатат деп айтса болобу?

 Эмне кылсаң болот?

 Бул жаман адаттан арылуу оңой-олтоң иштерден эмес. «Күйөөм тамекини, баңгизатты, ичимдикти таштады. Бирок порнографияны дагы деле таштай албай келет»,— дейт Стейси.

 Эгер сен да порнографиядан баш тарта албай жүрсөң, төмөнкү кеңештер аны биротоло жеңгенге жардам бериши мүмкүн:

  •   Порнографиянын эмне үчүн залакалуу экенин айкын түшүн. Порнография көргөн киши өз кумарын кандырууну эле ойлоп калат. Бул болсо никенин пайдубалы болгон сүйүүнү, ишеничти, берилгендикти кыйратат. Ошондой эле никени негиздеген Жахаба Кудайды сыйлабастыкка жатат.

     Ыйык Китептеги принцип: «Баары никени баалашсын» (Еврейлер 13:4).

  •   Күнөөңдү өмүрлүк жарыңа оодарба. «Аялым мага назигирээк мамиле кылса, порнография көрмөк эмесмин»,— дебе. Күнөөнү аялыңа оодарганың туура эмес. Бул сага аялың капа кылып койгондо жаман адатыңа салганга жакшы шылтоо болуп калышы мүмкүн.

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат» (Жакып 1:14).

  •   Чынчыл болуп, түгөйүң менен ачык сүйлөш. Кэвин мындай дейт: «Аялым экөөбүз күн сайын „кумарды ойготкон эч нерсеге көз агыткан жокмунбу“ деп ачык сүйлөшүп турабыз. Ошонун аркасында аялым „менден бир нерсе жашырып жатат“ деп кыйналбайт».

     Ыйык Китептеги принцип: «Бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз» (Еврейлер 13:18).

  •   Абдан сак бол. Эчак эле жеңгем деген адатың кайра кармашы мүмкүн. Жогоруда сөз кылынган Кэвин мындай дейт: «Порнография көрбөй күч жумшап келгениме он жылдай болгон. Аны жеңдим деп ойлогом. Бирок ал башын кылтыйтып, баса калганга даяр турган жырткычтай болуп жатыптыр».

     Ыйык Китептеги принцип: «Ким туруп турам деп ойлосо, жыгылып калбашы үчүн сак болсун» (1 Корунттуктар 10:12).

  •   Азгырылганда өзүңдү карма. Ыпылас ойлордун кылт этишине бөгөт коё албашың мүмкүн. Бирок азгырыкка алдырбай коюш колуңан келет. Ойлоруңду башка нукка бурганды үйрөнсөң, ыпылас ойлор сен ойлогондон да тез тарап кетиши ыктымал.

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар бириңер өз денеңерди ыйык сактап, сый тутуп, башкара билгиле,.. ээ-жаа бербеген жыныстык кумарларга берилбегиле» (1 Тесалоникалыктар 4:4, 5).

  •   Жаман адатыңды ойгото турган жагдайлардан оолак бол. «Күчтүү эрк жетишсиз» деген китепте мындай деп жазылган: «Азгырык баш бакканда ширеңкени чаккандай болосуң. Өрт чыгып кеткенге... кичине эле май чачканың жетиштүү болот» («Willpower’s Not Enough»).

     Ыйык Китептеги принцип: «Мага эч кандай жамандык үстөмдүк кылбасын» (Забур 119:133).

  •   Үмүтүңдү үзбө. Зайыбың кайрадан сага ишенгенге узак убакыт, атүгүл жылдар кетиши мүмкүн. Анткен менен, тажрыйба көрсөтүп тургандай, бул мүмкүн.

     Ыйык Китептеги принцип: «Сүйүү чыдамкай» (1 Корунттуктар 13:4).

a Бул макала күйөөлөргө арналса да, жогорудагы кеңештер порнография көрүп жүргөн аялдарга да тиешелүү.

b Кээ бир жубайлар порнографияны чогуу көрүү мамилебизди жакшыртат деп айтышат. Бирок бул Ыйык Китептеги принциптерге каршы келет (Накыл сөздөр 5:15—20; 1 Корунттуктар 13:4, 5; Галатиялыктар 5:22, 23).