Мазмунун көрсөтүү

Иса Машаяк кантип куткарат?

Иса Машаяк кантип куткарат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Иса өз өмүрүн кун катары берип, ишенимдүү адамдарды куткарган (Матай 20:28). Ошондуктан Ыйык Китепте ал «дүйнөнүн Куткаруучусу» деп аталган (1 Жакан 4:14). Андан сырткары, Ыйык Китепте: «Адамдарды андан башка эч ким куткара албайт, анткени куткарылышыбыз үчүн асман астында адамдарга берилген башка ысым жок»,— деп жазылган (Элчилер 4:12).

 Иса Машаяк ага ишенген бардык адамдар үчүн «өлүмдү башынан кечирген» (Еврейлер 2:9; Жакан 3:16). Ошондон кийин «Кудай аны тирилтип», периште катары асманга алып кеткен (Элчилер 3:15). Ал асмандан «өзү аркылуу Кудайга жакындагандарды толугу менен куткара алат, себеби ар убак тирүү болгондуктан алар үчүн арачылык кыла алат» (Еврейлер 7:25).

Исанын арачылык кылышына эмне үчүн муктажбыз?

 Баарыбыз — күнөөкөр пендебиз (Римдиктер 3:23). Күнөө адамдар менен Кудайдын ортосундагы тосмого окшош жана ал өлүмгө алып барат (Римдиктер 6:23). Бирок Иса анын куткаруу курмандыгына ишеним арткандарга жардам берет, башкача айтканда, арачылык кылат (1 Жакан 2:1). Иса Кудайдан алардын тиленүүсүн угушун жана күнөөлөрүн куткаруу курмандыгынын негизинде кечиришин суранып, арачылык кылат (Матай 1:21; Римдиктер 8:34). Кудай Исанын өтүнүчүн орундатат, анткени бул анын эркине ылайык келет. Кудай Исаны жерге адамзатты «куткарыш үчүн жиберген» (Жакан 3:17).

Куткарылыш үчүн Исага ишенип коюу эле жетиштүүбү?

 Жок. Куткарылыш үчүн Исага ишенишибиз керек болсо да, бул жетиштүү эмес (Элчилер 16:30, 31). Ыйык Китепте: «Дене демсиз өлүк болгондой эле, ишсиз ишеним да өлүк»,— деп жазылган (Жакып 2:26). Куткарылыш үчүн:

  •   Исаны жана анын атасы Жахабаны таанып-билүү зарыл (Жакан 17:3).

  •   Аларга ишенишибиз керек (Жакан 12:44; 14:1).

  •   Алардын осуяттарын аткарып, ишенерибизди көрсөтүшүбүз кажет (Лука 6:46; 1 Жакан 2:17). Иса аны «Мырзам» деп атагандардын баары эле эмес, асмандагы Атасынын «эркин аткаргандар гана» куткарыларын айткан (Матай 7:21).

  •   Канчалык кыйын болбосун, ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтө беришибиз керек. Муну Исанын: «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деген сөздөрү баса белгилеп турат (Матай 24:13).