Мазмунун көрсөтүү

Кудай менин эмне кылышымды каалайт?

Кудай менин эмне кылышымды каалайт?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Кудай сиздин аны жакыныраак таанып-билип, аны менен жакын мамиледе болушуңузду, аны сүйүп, айткандарын бүт жүрөгүңүз менен аткарышыңызды каалайт (Матай 22:37, 38; Жакып 4:8). Кудайдын эркин, башкача айтканда, талабын Иса пайгамбардын жашоосунан жана окуткан нерселеринен билүүгө болот (Жакан 7:16, 17). Иса пайгамбар Кудайдын талаптарын башкаларга айтып эле койбостон, өзү да аткарган. Ал: «Мен асмандан өз эркимди эмес, мени жибергендин эркин аткарыш үчүн келгем»,— деп айткан (Жакан 6:38).

Менин эмне кылышымды каалаарын билдириш үчүн Кудай мага жышаан же аян берет деп күтүшүм керекпи?

Жок. Анткени Кудай дегеле бардык адамдардан эмнени талап кыларын Ыйык Китепке жаздырып койгон. Ал китепте жазылгандар адамга «ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болууга» жардам берет (2 Тиметей 3:16, 17). Ошондуктан Кудай сиздин Ыйык Китепти окушуңузду, ошону менен бирге «акыл жөндөмүңүздү» колдонуп, анын талабы менен буйруктарын түшүнүшүңүздү каалайт (Римдиктер 12:1, 2; Эфестиктер 5:17).

Мен Кудайдын буйруктарын аткара аламбы?

Ооба. Анткени Ыйык Китепте: «Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»,— деп айтылат (1 Жакан 5:3). Албетте, Кудайдын буйруктарын аткаруу дайыма эле оңой боло бербеши мүмкүн. Бирок жумшаган аракетиңиздин акыбети кайтарына эч шектенбесеңиз болот. Анткени Иса пайгамбар: «Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айткан (Лука 11:28).