Мазмунун көрсөтүү

Кудай гомосексуализмге кандай карайт?

Кудай гомосексуализмге кандай карайт?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жараткан Кудай жыныстык мамиленин никеде турган эркек менен аялдын ортосунда гана болушун каалаган (Башталыш 1:27, 28; Лебилер 18:22; Накыл сөздөр 5:18, 19). Ошондуктан Ыйык Китепте күйөө менен аялдын ортосундагы жыныстык мамилелерден сырткаркы жыныстык мамилелердин бардыгы, мейли, карама-каршы жыныстагылардын ортосунда болобу же бир жыныстагылардын ортосунда болобу, айыпталат (1 Корунттуктар 6:18). Андай жыныстык мамилелерге башка бирөөнүн жыныстык органын сылап-сыйпалоо, оралдык, аналдык жыныстык мамилелер кирет.

 Кудай гомосексуализмди айыптаса да, андай адамдарды жек көрүүгө же алардан коркууга үндөбөйт. Ыйык Китепте Кудайга кызмат кылгандар «бардык адамдарды урматташы» керектиги айтылат (1 Петир 2:17).

Адам гомосексуал болуп төрөлүшү мүмкүнбү?

 

 Ыйык Китепте айрымдардын эмне себептен өзүнүн жынысындагыларга тартылары жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Бирок анда адам баласынын төрөлгөнүнөн тартып Кудайдын буйруктарына каршы иш кылууга жакын келери айтылат (Римдиктер 7:21—25). Ыйык Китептен мындай ыпылас каалоолордун себебин биле албасак да, анда Кудайдын андай ишке тыюу салары ачык эле жазылган.

Өзүнүн жынысындагыларга тартыла бергендер өзгөрө алабы?

 

 Ыйык Китепте «жыныстык кумарларга... азгырган» денелик каалоолорубуздун баарын «өлтүрүшүбүз» керектиги жазылган (Колосалыктар 3:5). Жаман иштерге түрткөн каалоолорду өлтүрүш үчүн оюбузду башкара билишибиз керек. Эгер акылыбызды жакшы, таза ойлорго толтурсак, ыпылас каалоолордон арылуу оңоюраак болот (Филипиликтер 4:8; Жакып 1:14, 15). Албетте, башында кыйын болушу мүмкүн, бирок Кудай андай адамдарга акылына «түрткү берүүчү күч менен... жаңыланууга» жардам берет (Эфестиктер 4:22—24).

 Ыйык Китептеги нормаларга ылайык жашагысы келген миллиондогон гетеросексуалдар да ар кандай азгырыктарга дуушар болушат. Аларга да өздөрүнүн туура эмес каалоолору менен күрөшүүгө туура келет. Мисалы, алардын арасында үй-бүлө курууну көздөп, бирок түгөй таба албагандыктан же дагы башка себептерден улам бойдок жүргөндөр бар. Ошондой эле кандайдыр бир кырсыктан улам жубайлардын бири жыныстык мамиледе болууга жөндөмсүз болуп калгандар да бар. Анткен менен алар өздөрүнүн каалоолорун ооздуктай билип бактылуу жашап жатышат. Демек, гомосексуалдар да, эгер чынында эле Кудайга жаккысы келсе, орунсуз каалоолорун башкара алышат (Мыйзам 30:19).