Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте достук тууралуу эмне делет?

Ыйык Китепте достук тууралуу эмне делет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Чыныгы достук бактылуу болушубузга, жашоодо ийгиликке жетишибизге өбөлгө түзөт. Жакшы достор жаманын жашырып, жакшысын ашырып, жакшы инсан болуп калыптанганга жардам берет (Накыл сөздөр 27:17).

 Бирок Кудайдын Сөзүндө досторду туура тандашыбыз керектиги айтылат. Анткени досторубуз начар кишилер болсо, мунун кесепетин тартпай койбойбуз (Накыл сөздөр 13:20; 1 Корунттуктар 15:33). Андай достор туура эмес чечим чыгарганга, туура эмес иштерди кылганга азгырат.

Бул макалада төмөнкүдөй суроолорго жооп алабыз:

 Жакшы дос кандай болот?

 Эки кишинин кызыккан, жактырган нерселери окшош болушу мүмкүн. Бирок, Ыйык Китепке ылайык, чыныгы достук мындан да көптү билдирет. Алсак, Забур 119:63тө: «Мен сенден a корккондордун, буйруктарыңды аткаргандардын баарына досмун»,— делет. Байкасаңар, бул сөздөрдү айткан киши Кудайдан корккон жана анын мыйзамдарына ылайык жашагандар менен дос экенин жазган.

 Кудайдын Сөзүндө чыныгы достордун кандай сапаттары болушу керектиги да айтылат. Мисалы:

  •   «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17).

  •   «Бири-бирин тытып жибергиси келген курбулар бар, бирок бир туугандан да жакын дос болот» (Накыл сөздөр 18:24).

 Бул аяттардан көрүнүп тургандай, жакшы дос берилген, жан аябас, боорукер жана берешен болот. Ошондой эле турмуштун оош-кыйыштарында дайыма сүйөп-таяйт. Мындан тышкары, жаман жолго бет алсак же туура эмес чечим чыгарганы жатсак, унчукпай койбойт (Накыл сөздөр 27:6, 9).

 Ыйык Китепте достуктун наркын билген кандай кишилер жөнүндө айтылган?

 Анда жаш-курагы, тек-жайы, маданияты жана ээлеген абалы ар кандай болгон адамдардын ортосундагы достук жөнүндө жазылган. Ушундай достуктун үчөөнө токтололу.

  •   Рут менен Наами. Рут Нааминин келини болгон. Ал кайненесинен бир топ эле кичүү болсо керек. Экөөнүн маданияты да эки башка болгон. Ушундай айырмачылыктарга карабай, Рут менен Наами жакын, ынак достордон болушкан (Рут 1:16).

  •   Дөөтү менен Жонатан. Кыязы, Жонатан Дөөтүдөн 30 жаштай улуу болгон. Ошентсе да Ыйык Китепте экөөнүн бири-бирине «бүт жүрөгү менен тартылган» кыйышпас достордон болгону жазылган (1 Шемуел 18:1).

  •   Иса менен элчилери. Иса элчилеринин устаты жана мырзасы болгон (Жакан 13:13). Бирок өзүн алардан жогору эсептеп, мени менен дос болууга татыктуу эмессиңер дегенчелик кылган эмес. Тескерисинче, Иса анын окуткан нерселерине ылайык жашагандар менен ынак достордон болгон. Ал: «Мен силерди досторум деп атадым, себеби силерге Атамдан уккандарымдын баарын ачып бердим»,— деген (Жакан 15:14, 15).

 Кудай менен дос болуу мүмкүнбү?

 Ооба, мүмкүн. Себеби анын Сөзүндө: «Жахаба... чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 3:32). Башкача айтканда, Кудай адептүү, чынчыл, башкаларды урматтаган жана анын нормаларына ылайык жашагысы келгендер менен дос болгусу келет. Алсак, Ыйык Китепте Кудайга ишенимдүүлүк менен кызмат кылган Ыбрайым пайгамбардын анын досу болгону жазылган (2 Жылнаама 20:7; Ышая 41:8; Жакып 2:23).

a Бул забурдун контекстинен көрүнүп тургандай, «сенден» деген сөз Кудайга тиешелүү.