Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Жакан 1:1. «Эң башында Сөз бар болгон»

Жакан 1:1. «Эң башында Сөз бар болгон»

 «Башында Сөз болгон, Сөз Кудай менен болгон жана Сөз Кудайдай болгон» (Жакан 1:1, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон» (Жакан 1:1, «Үмүт нуру» котормосу).

Жакан 1:1дин мааниси

 Бул аяттан Иса Машаяктын жерге адам болуп келгенге чейинки жашоосу жөнүндө билүүгө болот (Жакан 1:14—17). 14-аяттагы «Сөз» (же «Логос», грекче хо Ло́гос) деген сөз наам катары колдонулган. Бул наам, сыягы, Исанын кандай роль аткарарын көрсөтүп турат. Ал Кудайдын буйруктарын, көрсөтмөлөрүн башкаларга жеткирип турган. Иса жерде кызмат кылып жүргөндө да, кийин асманга кайтып барганда да ошол ролун аткара берген (Жакан 7:16; Аян 1:1).

 «Башында» деген сөз Кудай жаратуу ишин баштап, Сөздү жараткан убакты билдирет. Андан кийин Кудай Сөз аркылуу башка нерселердин бардыгын жараткан (Жакан 1:2, 3). Ыйык Китепте анын «бардык жаратылгандардын туңгучу» экени жана «баары ал аркылуу... жаратылганы» айтылат (Колосалыктар 1:15, 16).

 «Сөз Кудайдай болгон» деген сөздөр Исанын жерге келгенге чейинки табияты Кудайдыкына окшош болгонун, Кудайдыкындай болгонун көрсөтүп турат. Анын ушинтип сүрөттөлгөнүнүн себеби ал Кудайдын өкүлү жана туңгуч Уулу катары өзгөчө абалды ээлейт. Кудай ал аркылуу жандуу-жансыздын баарын жараткан.

Жакан 1:1дин контексти

 Ыйык Китептеги Жакан китебинде Исанын жердеги жашоосу жана кызматы тууралуу баяндалат. Биринчи бөлүмдүн алгачкы аяттарында Исанын жерге келгенге чейинки жашоосу, анын Атасы менен болгон өзгөчө мамилеси жана Кудай менен адамдардын ортосундагы маанилүү ролу жөнүндө айтылат (Жакан 1:1—18). Ал китепте жазылгандар Исанын жерде жүргөндө айткан сөздөрүн, кылган иштерин жакшыраак түшүнгөнгө жардам берет (Жакан 3:16; 6:38; 12:49, 50; 14:28; 17:5).

Жакан 1:1ге байланыштуу жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: «Жакан 1:1деги акыркы сөздөр: „Сөз Кудай болгон“ деп которулушу керек».

 Чындык: Ыйык Китепти которгондордун көбү бул аятты ушинтип которуш керек деп эсептешет. Бирок ал сөздөрдү башкача которуш керек дегендер да бар. Жакан 1:1де 2 жолу кездешкен «Кудай» (грекче тео’с ) деген сөз түп нускада грамматикалык жактан бири-биринен айырмаланат. Биринчи жолу кезиккен жеринде «Кудай» деген сөздүн алдында грек тилинде белгилүү артикль коюлган. Ал эми экинчи жолу кезиккен жеринде коюлган эмес. Көптөгөн окумуштуулар андай артиклдин экинчи тео’с деген сөздүн алдында коюлбаганы абдан маанилүү деп эсептешет. Мисалы, бир эмгекте белгилүү артиклдин жок болгону тууралуу мындай делет: «Бул экинчи жолу кездешкен „теос“ деген сөздүн сын-сыпатын көрсөтүп турат. Демек, бул сөздөр „Сөз Кудайдай болгон“ дегенди билдирет» («The Translator’s New Testament», 451-б.). Мындай айырмачылыкты башка окумуштуулар a да баса белгилешкен. Ошондой эле бул Ыйык Китептин башка котормолорунда да айкын көрсөтүлгөн.

 Жаңылыш ой: «Бул аяттан Сөз менен Кудуретти Чексиз Кудайдын бир экенин билүүгө болот».

 Чындык: «Сөз Кудай менен болгон» деген сөздөр ал экөөнүн бир эмес экенин көрсөтүп турат. Сөздүн «Кудай менен болушу», ошол эле учурда Кудурети Чексиз Кудай да болушу мүмкүн эмес. Бул аяттын контекстинен да көрүнүп турат. Алсак, Жакан 1:18де: «Кудайды бир да адам көргөн эмес»,— деп жазылган. Ал эми Сөздү, башкача айтканда, Исаны адамдар көрүшкөн. Анткени Жакан 1:14тө: «Сөз адам болуп, арабызда жашады. Биз анын даңкын, жалгыз уул катары атасынан алган даңкын, көрдүк»,— деп айтылат.

 Жаңылыш ой: «Сөз дайыма бар болгон».

 Чындык: Бул аяттагы «башында» деген сөздү Кудайга карата колдонууга болбойт. Себеби Кудайдын башталышы жок. Жахаба b Кудай «түбөлүктөн түбөлүккө» бар болуп келет (Забур 90:1, 2). Андан айырмаланып, Сөздүн — Иса Машаяктын — башталышы болгон. Ал — «Кудайдын жаратуусунун башталышы» (Аян 3:14, «Үмүт нуру» котормосу).

 Жаңылыш ой: «Сөздүн „кудай“ деп аталганы политеизм (көп кудайга ишенүү) жөнүндөгү окууну ырастайт».

 Чындык: «Кудай» же «кудай» (тео’с) деп которулган грек сөзү, Еврей Жазмаларындагы, Байыркы Келишимдеги, ’эл жана ’элохим деген еврей сөздөрүнө маанилеш. Ал еврей сөздөрү «күчтүү; кудуретүү» деген маанини туюнтат. Ал сөздөр Кудурети Чексиз Кудайга, башка кудайларга, атүгүл адамдарга карата да колдонулат (Забур 82:6; Жакан 10:34). Кудай Сөз аркылуу бардык нерселерди жараткандыктан Сөздү күчтүү деп атаса болот (Жакан 1:3). Бул Ышая 9:6дагы пайгамбарлыкка шайкеш келет. Ал жерде Кудайдын тандалганы, башкача айтканда, Машаяк Кудурети Күчтүү Кудай эмес (Башталыш 17:1де, 35:11де, Чыгуу 6:3тө жана Жезекиел 10:5те айтылгандай, ’Эл Шаддай), «Күчтүү кудай» (’Эл Гибохр) деп аталары алдын ала айтылган.

 Ыйык Китепте көп кудайга ишенүүгө тыюу салынат. Иса Машаяк: «Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл»,— деп айткан (Матай 4:10). Андан тышкары, Ыйык Китепте: «Асманда болобу же жерде болобу, „кудай“ деп аталгандар бар; ооба, „кудайлар“ да, „мырзалар“ да көп. Бирок биз үчүн бир эле Кудай Атабыз бар. Ал баарын жараткан, биз да ал үчүн жаратылганбыз. Ошондой эле бир гана Мырзабыз, Иса Машаяк, бар. Баары, анын ичинде биз да ал аркылуу жаратылганбыз»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 8:5, 6).

a Жейсон Бедун деген окумуштуунун айтымында, «Кудай» деген сөздүн экинчи жолу кездешкен жеринде белгилүү артиклдин жоктугу сөз Кудурети Күчтүү Кудай жөнүндө болуп жатпаганын көрсөтүп турат. Ал жерде «кудай» деген сөз кеңири мааниде колдонулган. Окумуштуу: «Жакан 1:1деги Сөз жападан жалгыз Кудайды билдирбейт. Тек гана бул анын Кудайдай же Кудай сыяктуу экенин көрсөтүп турат»,— деп кошумчалаган (Truth in Translation: Accuracy and Bias in English Translations of the New Testament, 115, 122, 123-беттер).

b Жахаба — Кудайдын ысымы (Забур 83:18).