Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Матай 11:28—30. «Мага келгиле. Мен силерди сергитем»

Матай 11:28—30. «Мага келгиле. Мен силерди сергитем»

 «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем. Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, анткени мүнөзүм жумшак, жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт. Себеби моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил» (Матай 11:28—30, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем. Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар. Анткени Менин моюнтуругум жакшы, жүгүм жеңил» (Матай 11:28—30, «Үмүт нуру» котормосу).

Матай 11:28—30-аяттардын мааниси

 Иса угуучуларын жумшактык менен андан үйрөнүүгө чакырган. Эгер ошентишсе, сергип, жеңилдеп калышмак.

 «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле». Иса диний жетекчилер таңуулаган эрежелердин жана адамдар ойлоп тапкан каада-салттардын айынан «түйшүк тартып» жаткандарга кайрылган (Матай 23:4; Марк 7:7). Карапайым элге көр түйшүк менен алышып, нан таап жеш үчүн кара жанын карч уруп иштегенге да туура келген.

 «Мен силерди сергитем». Иса анын чакырыгын кабыл алгандар жеңилдеп, жаны сеп аларын убада кылган. Анткени ал аларга Кудай алардан чындап эмнени күтөрүн түшүндүрүп берген (Матай 7:24, 25). Ошол билимдин аркасында алар жалган ой толгоолордун жана оор салмагын салып турган диний салттардын кулу болбой калышкан (Жакан 8:31, 32). Албетте, Исанын окууларын үйрөнүүгө жана колдонууга күч-аракет талап кылынган. Бирок ушул нерсе аларды сергиткен.

 «Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө». Байыркы учурда жумушчулар оор жүктөрдү көтөрүү үчүн көбүнчө моюнтурукту – ийиндерине коюлган жыгач шыргыйларды – колдонушчу. Ошондуктан «моюнтурук» деген сөз башка адамдын бийлигине жана жетекчилигине баш ийүү деген маанини туюнткан (Лебилер 26:13; Ышая 14:25; Жеремия 28:4). «Менден үйрөнгүлө» деген сөз айкашы «менин шакиртим (окуучум) бол» дегенди да билдирет. Демек, Иса угуучуларын аны ээрчип, андан үлгү алып, анын шакирти болууга үндөгөн (Жакан 13:13—15; 1 Петир 2:21).

 «Ошондо жаныңар сергийт». Иса угуучуларынын бардык кыйынчылыктары дароо жок болот деп убада кылган эмес. Ал аларга сооронуч жана үмүт тартуулаган (Матай 6:25—32; 10:29—31). Анын шакирти болуп, анын окууларын кабыл алгандар Кудайга кызмат кылуу оор эмес экенин, тескерисинче, чыныгы канааттануу алып келерин түшүнүшкөн (1 Жакан 5:3).

 «Себеби моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил». Ошол учурдагы диний жетекчилерден айырмаланып, Иса момун жана жумшак болгон (Жакан 7:47—49). Ал эч качан башкаларга катаал мамиле кылып же катуу талаптарды койгон эмес. Тескерисинче, боорукер болчу жана башкалар ага оңой кайрыла алчу. Ал жолдоочуларынан көптү талап кылган эмес (Матай 7:12; Марк 6:34; Лука 9:11). Ошондой эле ал аларга Кудайдын ырайымына жана сергитүү алып келген таза абийирге канткенде ээ болуша аларын көрсөткөн (Матай 5:23, 24; 6:14). Исанын сонун сапаттары адамдарды ага жакындаткандан тышкары, анын жеңил моюнтуругун алып, анын шакирти болгонго түрткү берген.

Матай 11:28—30-аяттардын контексти

 Иса Матай 11:28—30-аяттардагы сөздөрдү б. з. 31-жылы Галилеяда кабар таратып жүргөндө айткан. Инжилди жазгандардын арасынан Матай гана Исанын ушул жылуу сөздөрүн жазган. Мурда салык жыйноочу жана жүйүт болгондуктан, Матай карапайым эл римдиктиктердин салыктарынан да, бузулган жүйүт диний системасынан да кандай азап тартып жатканын өз көзү менен көргөн. Ошондуктан ал Исанын Атасы Жахаба a берген бийликти колдонуп, момундарга жана кыйналгандарга көңүл бурганын көрүп бекемделгени шексиз (Матай 11:25—27).

 Матайдын Инжилинде Исанын убадаланган Машаяк жана Кудайдын Падышалыгынын келечектеги башкаруучусу катары көрсөткөн сонун сапаттары баса белгиленет (Матай 1:20—23; Ышая 11:1—5).

 Матай китеби жөнүндө жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a Жахаба – Кудайдын жеке ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.