Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Филипиликтер 4:13. «Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам»

Филипиликтер 4:13. «Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам»

 «Анткени мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам» (Филипиликтер 4:13, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Мага күч-кубат берген Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам». (Филипиликтер 4:13, «Үмүт нуру» котормосу).

Филипиликтер 4:13түн мааниси

 Бул сөздөрдү элчи Пабыл жазган. Ал ишенимдештерин Кудай анын эркин аткаргандарга күч берерине ынандыргысы келген.

 Ыйык Китептин кээ бир котормолорунда Пабылга күчтү Иса Машаяк берген деп жазылган. Бирок грек тилиндеги эски кол жазмаларда ушул аятта «Машаяк» деген сөз кездешпейт. Ошондуктан биздин күндөрдөгү көптөгөн котормолордо бул аят «мага күч-кубат бергендин» («Жаңы дүйнө котормосу»), «мага күч бергендин» («Эл аралык жаңы котормо»), «менин күчүмдүн булагынын» («Жаңы Америка котормосу») деп берилген. Анда Пабыл ким жөнүндө айткан?

 Аяттын контекстинен Пабылдын Кудай жөнүндө айтканын билүүгө болот (Филипиликтер 4:6, 7, 10). Филипиликтерге жолдогон ушул катынын башында Пабыл: «Кудай... силерге... күч... берип, иш-аракет кылууга түрткү берет»,— деп жазган (Филипиликтер 2:13). Ал эми 2 Корунттуктар 4:7де кызматын аткарганга ага күчтү Кудай бергенин баса белгилеген. (Салыштыргыла: 2 Тиметей 1:8.) Демек, Пабыл «мага күч-кубат бергендин жардамы менен» деген сөздөрдү Кудайга карата айткан деп жыйынтык чыгарсак болот.

 Пабыл Кудайдын күч-кубаты менен «баарын кыла» аларын жазганда эмнени айткысы келген? Кыязы, ал Кудайдын эркин аткарууда өзү туш болгон ар кандай жагдайлар жөнүндө айтса керек. Пабыл каражаты аз болгондо да, көп болгондо да, дайыма Кудайга таянган. Анткени анын кам көрөрүнө ишенген. Ошентип, ал жагдайы кандай болбосун, колунда болгон нерсесине ыраазы болгонго үйрөнгөн (2 Корунттуктар 11:23—27; Филипиликтер 4:11).

 Элчи Пабылдын сөздөрү Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына да дем-шык берет. Кудай аларга сыноолорго туруштук бергенге жана анын эркин аткарганга канча керек болсо, ошончо күч берет. Ошондой эле аларды ыйык рухун, тагыраак айтканда, күчүн, кызматчыларын, өзүнүн Сөзүн — Ыйык Китепти — колдонуп, күч-кайратка толтура алат (Лука 11:13; Элчилер 14:21, 22; Еврейлер 4:12).

Филипиликтер 4:13түн контексти

 Бул сөздөрдү Пабыл Машаяктын Филипидеги жолдоочуларына жолдогон катын корутундулап жатканда жазган. Бул кат б. з. 60—61-жылдары жазылган. Ал кезде Пабыл Римде биринчи жолу камакта отурган болчу. Ошол маалдагы жагдай тууралуу бир аз айта турган болсок, бир канча убакыт бою Машаяктын Филипидеги жолдоочулары элчи Пабылга материалдык жактан каралаша албай калышкан. Бирок кийин Пабылдын кем-карчын толукташ үчүн ага тартуу берип жиберишкен (Филипиликтер 4:10, 14).

 Пабыл аларды марттыгы үчүн чын жүрөктөн мактап, зарыл нерселердин бардыгы бар экенине ынандырган (Филипиликтер 4:18). Мындан тышкары, ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алар менен өзү түшүнгөн бир сыр менен бөлүшкөн. Ал Машаяктын жолдоочуларынын баары бай болобу, кедей болобу, Кудайдын жардамына таянса, колунда бар нерсесине топук кыла аларын айткан (Филипиликтер 4:12).