Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Асман

Асман

Асман деген эмнени билдирери ар кандай ой толгоолорду, кызуу талкууларды жаратып келет. Бул туурасында Ыйык Китепте айтылгандар көптөр ишенгенден кыйла айырмаланат.

Асман дегенди кандай түшүнсө болот?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Асманга жана анын кандай максатта жаратылганына байланыштуу ар кандай окуулар бар. Мисалы:

  • Көптөгөн христиандар асман жөнүндө «Жаңы католик энциклопедиясында» жазылгандарга кошулушат. Анда асмандын «Теңирге ишенгендердин өлгөндөн кийин бара турган акыркы үйү» экени жазылган.

  • «Иудаизмде өлгөндөн кийинки эмес, ага чейинки жашоого чоң маани берилет»,— дейт Бенцон Кравиц деген раввин. Бирок анын айтымында, «асманда адамдын жаны ыракаттын ыракатын көрөт — Кудайды көбүрөөк туюп, өзүн ага мурункудан да жакыныраак сезет». Анткен менен Кравиц: «Иудаизм дининде асман ошондой жай катары түшүндүрүлгөнү менен, Тооратта ал жөнүндө маалымат өтө аз»,— деп кошумчалаган.

  • Индустар менен буддисттер асман көптөгөн рухий катмарлардан турат деп ишенишет. Алар асманды адам өлгөндөн кийин убактылуу гана кармала турган жай деп эсептешет. Анан адам же кайра төрөлөт, же асмандан да жогору турган нирванага көтөрүлөт дешет.

  • Айрымдар болсо буга байланыштуу бир да диний окууга ишенишпейт жана аларды жомок катары көрүшөт.

Ар кандай ой толгоону жараткан асман

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китептеги «асман» деген сөздүн бир нече мааниси бар. Мисалы:

  • Башталыш 1:20да: «Жер үстүндө, асман мейкиндигинде, канаттуулар учсун»,— деп жазылган. Бул аяттагы «асман» деген сөз атмосфераны, көзүбүзгө көрүнгөн кадимки асманды, билдирет.

  • Ышая 13:10до асмандагы жылдыздар жана топ жылдыздар жөнүндө жазылган. Бул аяттагы «асман» деген сөз космос мейкиндигин билдирет.

  • Ыйык Китепте Кудай менен периштелердин асманда жашай турганы жазылган (1 Падышалар 8:30; Матай 18:10). Бул аяттардагы «асман» деген сөз тек гана салыштыруу иретинде колдонулбастан, чын эле бар болгон жайды билдирет *.

«Асмандан көз чаптыр, жогорудагы ыйык, кооз жайыңдан кара» (Ышая 63:15).

Жакшы адамдардын баары өлгөндө асманга кетеби?

Ыйык Китеп жер адам баласы өлүмдү жана өлгөндөн кийинки асмандагы жашоону күтүп жашай турган убактылуу жай деп окутпайт. Ыйык Китепте Кудайдын адамдарды башынан эле өлө тургандай кылып жаратпаганын билүүгө болот. Төмөнкү аяттарга көңүл бурсаңар:

  • Кудай биринчи түгөйгө: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула»,— деген (Башталыш 1:28). Жер адам баласы түбөлүк жашай турган турак жай болмок. Алар Кудайга баш ийбей коюшса гана өлүшмөк. Тилекке каршы, алар так ошондой кылышкан (Башталыш 2:17; 3:6).

  • Эң биринчи адамдын тил албастыгынын айынан ал өзү, аялы эле эмес, урпактары да өлө тургандай болуп калган (Римдиктер 5:12). Бул адамзат үмүтсүз абалда экенин билдиреби?

  • Ыйык Китепте Кудай «адилдик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерди» убада кылганы жазылган (2 Петир 3:13) *. Кудай өзүнүн Падышалыгы аркылуу жердеги жашоону өзү башында ниет кылгандай абалга келтирет, «мындан ары өлүм болбойт» (Аян 21:3, 4). Бул аятта асмандагы жашоо жөнүндө айтылып жатабы же жер бетиндегиби? Кайсы бир нерсе тууралуу «мындан ары болбойт» деп айтуу үчүн, ал нерсе ага чейин болушу керек. Ал эми асманда эч качан өлүм болгон эмес. Ошондуктан бул аятта биз жашашыбыз үчүн жаратылган жана жакындарыбыздан айрылбай, чогуу жашагыбыз келген жер жөнүндө айтылып жатат. Мындан тышкары, Ыйык Китепте өлгөндөр тирилип, кайрадан жакындарына кошула турганы жазылган (Жакан 5:28, 29).

Көптөр Ыйык Китепте асман жөнүндө айтылгандарды билгенде сүйүнүшөт. Маселен, мурун католик болгон Жорж мындай дейт: «Ыйык Китепте жер бетиндеги түбөлүк жашоо жөнүндө жазылгандар мени абдан жубатты. Менимче, бул адам асманда жашайт дегенге караганда көбүрөөк акылга сыярлык» *.

«Асман Жахабага таандык, жерди болсо ал адам баласына берген» (Забур 115:16).

^ 13-абз. Албетте, Кудай материя эмес, ал — рух (Жакан 4:24). Ошондуктан ал физикалык ааламда эмес, рухий дүйнөдө жашайт.

^ 19-абз. «Жаңы жер» кадимки жаңы планетаны эмес, Кудайга жаккан жер бетинде жашай турган адамдардын коомун билдирет (Забур 66:4).

^ 20-абз. Ыйык Китепте асманга Иса Машаяк менен бирге Кудайдын Падышалыгында башкаруу үчүн 144 000 киши гана тандалганы айтылат (1 Петир 1:3, 4; Аян 14:1).