Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Маанайдын маанилүүлүгү

Маанайдын маанилүүлүгү

Бакыт төмөнкүлөрдүн кайсынысынан көз каранды?

  • жагдайдан

  • генден

  • маанайдан

АЙРЫМДАР бакыт жагдайдан көз каранды дешет, себеби төмөнкүлөр болгондо гана бактылуу болом деп ойлошот:

  • акча

  • бактылуу нике

  • чың ден соолук

Бирок, бактыга жараша, адамдын бактылуу болушу жагдайына да, генине да эмес, көбүнчө маанайына байланыштуу. Эмне үчүн бактыга жараша? Анткени жагдайыңар менен гениңерге анча таасир эте албашыңар же таптакыр таасир эте албашыңар мүмкүн, ал эми маанайды өзгөртүү мүмкүн.

«ДАРЫДАЙ ДАБА»

Ыйык Китепте: «Шайыр жүрөк — дарыдай даба, ал эми жараланган рух сөөктү кургатат»,— делет (Накыл сөздөр 17:22). Ооба, маанайдын таасири күч! Алдыга койгон максатыңарга жетесиңерби же багынып бересиңерби, кыйынчылыкка туш болгондо жакшы сапаттарыңар даана көрүнөбү же жаман сапаттарыңар ачыкка чыгабы, баары маанайыңарга жараша болот.

Кээ бирлер буга кошулбашы мүмкүн. Алар төмөнкүдөй ой жүгүртүшөт:

  • «Ары карап ыйлап, бери карап күлүүнүн эмне кереги бар?»

  • «Оң маанайда болсом эле, жагдайым оңолуп кетмек беле?»

  • «Курулай кыялкеч болгондон көрө, баарына реалдуу караган жакшы».

Бир караганда, мындай ой жүгүртүү жөндүүдөй сезилиши мүмкүн. Анткен менен оң маанайда болуунун пайдасы көп. Келгиле, ойдон чыгарылган жагдайларды мисал катары алып көрөлү.

Болот да, Эржан да — экөө тең өз жумушун аткарыш үчүн талыкпай эмгектенишет. Алардын башчысы экөөнүн тең ишин текшерген соң бир нече орчундуу ката табат

  • Болот: «Ушул ишке канча убакыт, канча күч жумшасам да, жакшы кыла албай койдум! Бул жумушта эч качан ийгиликке жетпейт окшойм. Майнап чыкпаган соң, аракет кылып эмне кылам?» — деп ойлонот.

  • Эржан: «Башчым ишимдин кайсы жагы жакшы болгонун айтты, бирок бир нече жерден орчундуу ката кетириптирмин. Эми кайсы жагын жакшыртышым керектигин билем»,— деп ойлонот.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР?

  • Жарым жылдан кийин кимиси көбүрөөк жөндөмгө ээ болот, Болотпу же Эржанбы?

  • Эгер алардын башчысынын ордунда болсоңор, кимисин жумушка алат элеңер же кимисин жумушта калтырат элеңер?

  • Кандайдыр бир кыйын кырдаалга туш болгондо экөөнүн кимисиндей ой жүгүртөсүңөр?

Жаңылдын да, Каныкейдин да жалгыздыктан кыйналган учурлары болот. Бирок алардын көз карашы бири-бириникинен айырмаланат.

  • Жаңыл көбүнчө өзү жөнүндө ойлонот. Ал башкалар үчүн, алар ага биринчи бир нерсе кылмайын, эч нерсе кылбайт. Ал «мен үчүн пайдалуу эч нерсе кылып бере албагандарга убактымды коротуп эмне кылам» деген көз карашта.

  • Каныкей башкалардын жыргалчылыгын ойлоп, алар анын кылганын баалай тургандай көрүнөбү же жокпу, жакшылык кылганга аракет кылат жана өзүнө кандай мамиле кылынышын кааласа, ошондой мамиле кылат (Лука 6:31). Ал жакшылык кылуунун өзүнөн канааттануу алат.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР?

  • Экөөнүн кимиси менен дос болгуңар келет эле?

  • Башкалар менен болгон мамилесинен кимиси көбүрөөк канааттануу алат?

  • Эгер жалгыздыктан кыйналып жүргөн болсоңор, көз карашыңар кимисиникине көбүрөөк окшош?

Каныкей, Эржан өңдүү адамдарды жашоодо көп эле кезиктиргендирсиңер. Балким, өзүңөрдү да аларга окшоштураттырсыңар. Эгер ошондой болсо, маанайдын көп нерсеге таасир этерине кошулаттырсыңар. Ал эми Болот менен Жаңылга окшош болсоңорчу? Анда турмуштун ысык-суугуна карабай оң маанай сактаганга жардам берген Ыйык Китепке негизделген үч кеңешке көңүл бургула.

1. ТЕРС МААНАЙДА БОЛУУДАН КАЧКЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың» (Накыл сөздөр 24:10).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Терс маанай адамдын жагдайын жакшыртууга же көйгөйүн чечүүгө керектүү күчүн алып коёт.

МИСАЛ: Атасы аракеч болгондуктан жана үй-бүлөсү жакыр жашагандыктан Юлизанын бала чагы оор болгон. Алар улам бир жерге көчүүгө аргасыз болушкан. Башында Юлиза жашоосу ошондой болуп калганына кейий берчү. Бирок кийинчерээк маанайын өзгөрткөн. Ага эмне себеп болгон? Ал мындай дейт: «Ата-энемдин кыйынчылыктары чечилгенге чейин эле, көз карашымды оңдогонго Ыйык Китеп таасир эткен. Терс ойлордун сазына батып кетпегенге мага ушу күнгө дейре Ыйык Китеп жардам берип келет. Азыр кимдир бирөөнүн мага жакпаган мүнөзүн көргөндө анын себебин түшүнүүгө аракет кылам».

Ыйык Китепте пайдалуу кеңештер камтылганына Юлиза өз турмушунан ынанган. Ал кеңештер кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге жардам берет. Мисалы, Эфестиктер 4:23тө акылыбызга түрткү берүүчү күч менен «мындан ары да жаңылана» беришибиз керектиги айтылат.

Мындан адамдын көз карашы өзгөрүлгүс эмес экенин билүүгө болот. Ойду «жаңылантуу» мүмкүн. Бирок ал үчүн, аятта «мындан ары да» деп жазылгандай, тынымсыз аракет кылуу керек.

2. ОҢ МААНАЙДА БОЛГУЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Санаачылдын бардык күндөрү кайгылуу, ал эми кимдин жүрөгү жайдары болсо, аныкында дайыма той» (Накыл сөздөр 15:15).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Эгер бардык нерсенин терс жагын көрө берсеңер, санаага бата бергендиктен, ар бир күнүңөр кайгы менен өтөт, ал эми жакшы жагына көңүл топтосоңор, дайыма жайдары жана кубанычтуу жүрөсүңөр. Кайсынысын тандайсыңар — өз эркиңер.

МИСАЛ: Мээсиндеги шишикти алыш үчүн бир нече жолу операция жасалгандан кийин Янконун кыймыл-аракети жана сүйлөө речи жабыркап калган. Койгон максаттарына эми эч качан жетпечүдөй сезилгендиктен Янконун бир нече жыл бою көңүлү катуу чөгүп жүргөн. Бирок кийинчерээк анын маанайы өзгөргөн. Ал: «Колуман келбеген нерселер жөнүндө эле ойлой бербей, көңүлдү көтөрө турган нерселерди ойлонууну үйрөндүм»,— деген.

Янкого жардам берген нерселердин бири — дайыма Ыйык Китепти окуганы. Ал мындай дейт: «Бул мага оң маанай сактоого жардам берет. Мен чоң максаттарымдан таптакыр эле баш тартып койгон жокмун, болгону, азырынча өзүм жете ала турган максаттарга гана көңүл топтогонго аракет кылам. Ал эми көңүл чөгөргөн ойлор каптай баштаганда, бактылуу болууга көптөгөн себептер бар экенин ойлоном».

Янкого окшоп, силер да терс ойлорду акылыңардан сүрүп чыгарып, жакшы нерселерди ойлосоңор болот. Эгер кандайдыр бир кыйынчылык менен күрөшүп жатсаңар, маселен, Янкодой болуп, оорудан кыйналып жүрсөңөр: «Чын эле үмүтсүз абалдамынбы? Чын эле туюкка такалдымбы? Же бул жөн гана тоскоолдукпу?» — деп ойлонуп көргүлө. Жакшы ойлорго көңүл топтоп, терс ойлорго орун бербегенди үйрөнгүлө.

3. БАШКАЛАРГА ЖАКШЫЛЫК КЫЛГЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Алганга караганда берген бактылуу» (Элчилер 20:35).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Башкалардын кызыкчылыгын көздөө адамга терең канааттануу тартуулайт. Себеби биз жеке өзүбүздүн гана муктаждыктарыбызды канааттандырыш үчүн жаратылган эмеспиз (Филипиликтер 2:3, 4; 1 Жакан 4:11). Өзгөлөргө жакшылык кылуудан алган кубанычыбыз жашоодогу жагымсыз жагдайларды көтөрүп кетүүгө бир топ күч берет.

МИСАЛ: Хосе омуртка-жүлүн ооруларынын оор түрүнөн, жүлүн чуркусунан, азап чегип келет. Анын жаны кыйналган учурлары көп болот. Бирок Хосе башкаларга жардам берүүдөн кубаныч алат. «„Мен муну кыла албайм“ дегендин ордуна, башкаларга кантип жардам бере аларымды ойлоном. Андай жолдор дайыма табылгандыктан, өзүмдү бактылуу сезем»,— дейт ал.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Кимдир бирөө үчүн бир нерсе кылып берүүгө мүмкүнчүлүк издегиле. Балким, ооруп жаткан кошунаңарга тамак жасап береттирсиңер же кары кишилердин үйдөгү жумуштарына кол кабыш кылаттырсыңар.

Бакчаны карап баккан сыңары, маанайды да «бага» билиш керек. Отоо чөпкө окшогон терс ойлорду тамыры менен жулуп тургула. Акылыңарга жакшы, ошол эле учурда реалдуу ойлордун үрөнүн сээп, жашооңорду жакшы эмоцияларды тартуулай турган жакшы иштерге байыткыла. Натыйжада жашооңорду канааттануу менен кубанычка толтурган мол түшүм аласыңар. Ошондо маанайыңар көп нерсеге таасир этерине ого бетер ынанасыңар.

Айрымдар ден соолугун ойлоп кээ бир тамак-аштан баш тарткан сыңары, акылыңарга терс ойлорду жолотпогула