Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙ СИЛЕРДИН ЖАШООҢОРГО КЫЗЫКДАРБЫ?

Кудай силерге көз салып турат

Кудай силерге көз салып турат

«Анын көздөрү адамдын жолдорун, бардык кадамдарын көрүп турат» (АЮП 34:21).

Бала канчалык кичинекей болсо, ата-энесинин көз салып турушуна ошончолук муктаж

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ҮЧҮН БУГА ШЕКТЕНИШЕТ? Акыркы изилдөөлөргө ылайык, биздин галактикада эле 100 миллиондой планета бар. Көптөр учу-кыйыры чексиз асманга көз чаптырганда: «Кудурети күчтүү Кудай кымындай эле планетада жашаган адамдарга көз салмак беле?» — деп ойлонушу мүмкүн.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Кудай Ыйык Китепти жаздырып эле тим болгон эмес. Ал бизге дайыма көңүл буруп турат. Ыйык Китептен анын: «Сага... кеңеш берем, сенден көзүмдү албайм»,— дегенин окуйбуз (Забур 32:8).

Келгиле, б.з.ч. 20-кылымда жашаган мисирлик Ажар деген аялдын мисалына токтололу. Ал мырзайымы Сараны сыйлабай калган. Ошондо Сара аны басынта баштаганда, Ажар чөлгө качып кеткен. Ажар туура эмес кылган. Бирок ошон үчүн Кудай ага көңүл бурбай койду беле? Ыйык Китепте: «Жахабанын периштеси ага... жолукту»,— делет. Ал периште Ажарды: «Жахаба кайгы-муңуңду укту»,— деп жубаткан. Ажар ошондо Жахабага: «Сен бардыгын көрүп турган Кудайсың»,— деп ыраазы болгон (Башталыш 16:4—13).

«Бардыгын көрүп турган Кудай» силерге да көз салып турат. Мисалы, кичинекей бала ата-энесинин көз салып турушуна муктаж болгондуктан, ата-эне баласын дайыма карап турат. Ошо сыяктуу эле, Кудай да, өзгөчө, алсырап, кыйналып турганыбызда, бизге көз кырын салат. Жахаба Кудай: «Мен жогоруда, ыйык жайда жашасам да, кыйналган, момун адам менен бирге болом. Момундардын рухун, кыйналгандардын жүрөгүн жандандырам»,— деген (Ышая 57:15).

Бирок, силер: «Кудай менин эмнемди көрөт? Ал сыртымды эле көрөбү же ички дүйнөмдү да көрүп, менин чындап кандай экенимди билеби?» — дешиңер мүмкүн.