Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне делет?

Ыйык Китепте эмне делет?

Бардык диндерди Кудай негиздегенби?

Диндердин айынан көптөгөн жаман иштер болуп жатканын жаңылыктардан угуп эле жаткандырсыңар. Чынында, дүйнөдөгү диндердин баарын Кудай негиздеген эмес (Матай 7:15). Көптөр ушуну билбей адашып жүрөт. (Окугула: 1 Жакан 5:19.)

Бирок Кудай чындыкты сүйгөн жүрөгү таза адамдарды көрүп турат (Жакан 4:23). Ал алардын Ыйык Китепти окуп, чындыкты билишин каалайт. (Окугула: 1 Тиметей 2:3—5.)

Чыныгы динди кантип аныктаса болот?

Жахаба Кудай ар кандай динди тутуп келген көптөгөн адамдарга чындыкты ачып берип, аларды бири-бирин сүйгөнгө үйрөтүп, бир эл кылып бириктирип жатат (Микей 4:2, 3). Чыныгы динди туткан ал элди бири-бирин сүйгөнүнөн айырмалап биле аласыңар. (Окугула: Жакан 13:35.)

Жахаба Кудай ар кандай адамдарды чыныгы дин аркылуу бириктирүүдө (Забур 133:1)

Алардын ишеними Ыйык Китепке негизделет жана алар анда айтылгандарга ылайык жашашат (2 Тиметей 3:16). Ошондой эле алар Кудайдын ысымын ыйык тутушат (Забур 83:18). Андан сырткары, адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечерин жарыялашат (Даниел 2:44). Алар, Иса пайгамбардан үлгү алып, жакындарына жакшылык кылуунун аркасында «жаркырап турушат» (Матай 5:16). Аларды Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды үймө-үй кыдырып жарлаганынан айырмалап билсе болот. (Окугула: Матай 24:14; Элчилер 5:42; 20:20.)