Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙ СИЛЕРДИН ЖАШООҢОРГО КЫЗЫКДАРБЫ?

Кудай силерге жакын болгусу келет

Кудай силерге жакын болгусу келет

«Мени жиберген Атам жакындатпаса, мага эч ким келе албайт» (ЖАКАН 6:44).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ҮЧҮН БУГА ШЕКТЕНИШЕТ? Көптөр Кудайга ишенсе да, Кудай алардан алыс болгондой сезилет. Мисалы, чиркөөгө жума сайын барган ирландиялык Кристина деген аял: «Мен баарын Кудай жаратканына ишенчүмүн, бирок ал жөнүндө эч нерсе билчү да эмесмин, эч качан аны өзүмө жакын сезчү да эмесмин»,— дейт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Кыйынчылыкка кабылганыбызда, Жахаба Кудай сөзсүз жардам берет. Кудайдын кам көрөрүнө мисал келтирип, Иса Машаяк: «Жүз кою бар кишинин бир кою жоголуп кетсе, ал токсон тогузун тоого калтырып, жоголуп кеткенин издебей коёбу?» — деген. Мындан эмнени билүүгө болот? Иса андан ары сөзүн улап: «Ошо сыяктуу эле, асмандагы Атам да ушул кичинелердин биринин да жок болушун каалабайт»,— деген (Матай 18:12—14).

Кудай үчүн «ушул кичинелердин», башкача айтканда, адамдардын ар бири баалуу. Кудай «жоголуп кеткенин» кантип издейт? Ал аларды өзүнө жакындатат.

Бүгүнкү күндө кимдер ар бир үйгө же эл көп жүргөн жерлерге барып, Ыйык Китепте Кудай жөнүндө айтылгандарды жарыялап жатышат?

Кудай жүрөгү таза адамдарды өзүнө жакындатыш үчүн эмне кылганына көңүл бурсак. Б.з. 1-кылымында Кудай Филип деген кишини Ыйык Китепти окуп бараткан эфиопиялык төрөнүн арабасына катарлаш басып, жазылгандарды түшүндүрүп берүүгө жиберген (Элчилер 8:26—39). Ал эми элчи Петирди Кудайдан тиленип жаткан Корнелий деген римдик жүзбашыга жөнөткөн (Элчилер 10:1—48). Ошондой эле элчи Пабыл менен анын шериктерине Филипи шаарынын сыртындагы дарыя жээкке барууга түрткү берген. Алар ал жактан «Кудайга сыйынып жүргөн Лидия деген аялды жолуктурушкан». Ал аял алардын «сөздөрүн кабыл алышы үчүн, Жахаба анын жүрөгүн ачкан» (Элчилер 16:9—15).

Ар бир учурда тең Кудай аны издегендерге ал жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүк берген. Бүгүнкү күндө кимдер ар бир үйгө же эл көп жүргөн жерлерге барып, Ыйык Китепте Кудай жөнүндө айтылгандарды жарыялап жатышат? Көптөр: «Жахабанын Күбөлөрү»,— деп айтышат. Андыктан: «Кудай мени өзүнө жакындатыш үчүн аларды жиберип жаткан жокпу?» — деп ойлонуп көргүлө жана Кудайдан ага жакындаганга жардам беришин сурап тиленгиле *.

^ 8-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн www.ps8318.com/ky сайтындагы «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген видеону көргүлө.