Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелердин ою

Ата-энелердин ою

Ата-энелердин ою

Чоңоюп келаткан балаңарды тил алчаак болгонго кантип үйрөтө аласыңар? Аны жашоодо керек боло турган нерселерге үйрөтүш үчүн эмне кылсаңар болот? Дүйнө жүзүндөгү ата-энелердин буга байланыштуу эмне дегенине көңүл бурсаңар.

МАМИЛЕЛЕШҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРГЕН САПАТТАР

«Чогуу тамактанып отурганда, ошол күнү кандай окуялар болгону жөнүндө сүйлөшөбүз. Бул балдарыбызга уга билүүгө үйрөнгөнгө жардам берет. Ошондой эле биздин кунт коюп угуп жатканыбызды көрүп, бири-бирин урматтаганга жана өздөрүн да сыйлаганга үйрөнүшөт» (Ричард, Улуу Британия).

«Балдарыбыздын бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылып жатканын жана келишпестиктерин бизди кийлигиштирбей эле өз алдынча чечип алып жатышканын көргөндө абдан кубанабыз. Алар чоңдор менен пикирлешкенде да өздөрүн эркин сезишет» (Жон, Түштүк Африка).

«Жеткилеңсиз болгондуктан байкабай эле балдарымдын көңүлүн оорутуп алган учурларым болот. Андайда кетирген катамды мойнума алып, кечирим сурашым керек экенин түшүнөм» (Жанель, Австралия).

«Балдарыбызды үй жумуштарын кылып, башкаларга жардам бергенге үйрөтөбүз. Бул бизге ынтымактуу болуп, бири-бирибизге жакшы мамиле кылганга жардам берет. Ошондой эле балдарыбызга кубаныч тартуулап, өздөрүн ишенимдүү сезгенге да көмөк кылат» (Клайв, Австралия).

«Балдарды бири-бирин түшүнүп, урматтаганга жана кечиргенге үйрөтүү оңой иштерден эмес, бирок ушул нерселерге үйрөтүү абдан маанилүү» (Йуко, Жапония).

ТАЗАЛЫК ЖАНА ДЕН СООЛУК

«Балдарыбызды кичинекей кезинде өздөрү кирингенге үйрөтчүбүз. Аларды жуунтуп жатканда бир нерсеге окшоштурулуп жасалган самындарды, сыртында кызыктуу сүрөттөр тартылган шампундарды, жаныбарлардын түспөлүнө окшоштурулуп жасалган жышынгычтарды (мочалка) колдончубуз» (Эдгар, Мексика).

«Биз мурун жашаган жерде суу түтүгү жок болгондуктан үйгө колубузду жууп кириш үчүн ыңгайлуу жерге самын жана бир идишке суу куюп, коюп койчумун» (Эндюранс, Нигерия).

«Биз дайыма балдарыбызга ден соолукка пайдалуу тамактарды жасап беребиз жана эмне үчүн туура тамактануу маанилүү экенин түшүндүрөбүз. Балдар тамакка эмнелер кошуларына аябай кызыгышат, ошондуктан тамакты балдарым менен чогуу жасаганга аракет кылам. Ошондой учурларда алар менен пикир алмашканга да жакшы шарт түзүлөт» (Сандра, Улуу Британия).

«Дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу абдан маанилүү болгондуктан, бул жагынан балдарыбызга өзүбүз үлгү көрсөткөнгө аракет кылабыз. Балдарыбыз биз менен чогуу чуркаганды, сууда сүзгөндү, теннис же баскетбол ойногонду, велосипед тепкенди жакшы көрүшөт. Мунун аркасында алар көнүгүү жасоонун маанилүү экенин эле эмес, көңүлдүү болорун да түшүнүштү» (Керэн, Австралия).

«Балдар үчүн ата-энеси менен чогуу убакыт өткөргөндөн баалуу нерсе жок. Муну бир да нерсе менен — акча менен да, белек менен да, бир жакка алып баруу менен да — алмаштыра албайсың. Мен түшкө чейин эле иштейм. Ал эми түштөн кийин, балдарым мектептен келгенде, убактымды аларга бөлөм» (Ромина, Италия).

ТАРБИЯЛОО ЫКМАЛАРЫ

«Балдарды тарбиялоодо дайыма эле бир ыкманы колдоно берүү натыйжалуу болбой турганына ынандык. Жагдайга жараша ар кандай ыкма колдонгон жакшы экен. Кээде бала менен отуруп алып ачык сүйлөшкөнгө туура келет, кээде болсо жакшы көргөн нерсесин кылганга тыюу салып коюш керек болот» (Огбити, Нигерия).

«Балдарыбыз айтканыбызды түшүнгөнүнө ынаныш үчүн айтканыбызды аларга кайталаттырабыз. Тил албаса, эмне болорун да түшүндүрөбүз, анан айтканыбызга карманабыз. Эгер балдарыбыздын бизди угушун кааласак, тил албаган учурларда сөзсүз жазалашыбыз керек» (Клайв, Австралия).

«Балдарымды оңдоп-түзөш керек болгондо отуруп, алардын жүзүнө карап сүйлөгөнүм жакшы экенин байкадым. Бул алардын көңүлүн толугу менен өзүмө буруп, жүзүмдү карап укканга жардам берет. Жүзүң, сөздөрүңдөй эле, күчтүү таасир этет» (Женифер, Австралия).

«Балдарыбыз бизди укпай жаткандай сезилген учурларда да, аларга: „Айткан сөздү эч качан укпайсың!“ — деген сыяктуу сөздөрдү айткандан качабыз. Ошондой эле балдарыбызды бири-биринин көзүнчө урушпайбыз. Биз ошол жерден эле шыбырап коёбуз же өзүнчө чакырып алып сүйлөшөбүз» (Руди, Мозамбик).

«Балдар көргөнүн туураганга жакын келет. Ошондуктан аларды классташтарынын, маалымат каражаттарынын жана чөйрөнүн зыяндуу таасиринен коргош үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек. Ошондой эле адеп нормаларына карманганга үйрөткөнүбүз маанилүү. Бул аларга зыяндуу нерселердин таасирине алдырбаганга жардам берет» (Грегуар, Конго Демократиялык Республикасы).

«Балдарды тарбиялоодо бекем, адилеттүү болуу жана туура эмес иши үчүн жазалап туруу зарыл. Балдар жаман иш кылса, сөзсүз жазаланарын жана айтканыңарга бекем карманарыңарды түшүнүшү керек» (Оуэн, Англия).

[14-беттеги кыстырма]

«Балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла» (Колосалыктар 3:21).

[15-беттеги кутуча/сүрөт]

ҮЙ-БҮЛӨНҮН ТАРЖЫМАЛЫ

Балдарды жалгыз тарбиялоо

Люсинда Форстер менен курулган маек

Кыздарыңызды жалгыз тарбиялоодо өзгөчө эмне кыйынга турат?

Негизи, балдарды тарбиялоо аябай эле кыйын. Жалгыз бой болсоң, андан да оор. Ошондуктан мага убактымды туура бөлүштүрүп, баарына жетишүү өзгөчө кыйынга турат. Балдарды туура нерселерге үйрөтүү көп убакытты талап кылат. Мындан сырткары, алар менен чогуу эс алып, көңүл ачып турганга да убакыт бөлүшүң керек. Үй жумуштарын кылып жетишиш керек болгондуктан өзүмө кичине убакыт бөлүп, эс алганга да чолом тийбей калат.

Кыздарыңыз менен жакшы пикир алмашканга эмне жардам берет?

Ата-энеси ажырашып кеткенден кийин балдар өздөрүн мурункудай коопсуз сезбей калышат, ызакор да болуп кетет. Кыздарым менен кандайдыр бир көйгөй болгондо алардын жүзүнө карап, жумшак сүйлөшүм керектигин байкадым. Ачуубуз тарап, тынчып калгандан кийин кыздарым менен сүйлөшөм. Бирок көйгөйдү тоодой нерсеге айлантып жибергенден качам. Кыздарымдын оюн сурап, кунт коюп угам, алардын сезимдерин да түшүнөрүмдү көрсөткөнгө аракет кылам. Сабактары жөнүндө сурап, кылган иштери үчүн мактайм. Биз дайыма чогуу тамактанабыз. Ошол учурда жагымдуу маанайда, эркин пикир алышабыз. Мен ар дайым кыздарыма аларды аябай жакшы көрөрүмдү айтып турам.

Кыздарыңызды тарбиялоодо кандай ыкмаларды колдоносуз?

Балдарга так-айкын эрежелерди берип, ал эрежелерди өзгөртпөш керек. Жумшактык менен сүйлөп, ошол эле учурда айтканыма бекем карманам. Кыздарыма ой жүгүрткөнгө түрткү берем, кайсы бир иштин эмне үчүн туура эмес экенин да түшүндүрүп берем. Ошондой эле жазалаардан мурун алардын оюн жана кандай сезимде болуп жатканын сурап, эмне үчүн туура эмес иш кылгандыгын аныктаганга аракет кылам. Эгер жаңылып жатсам, мисалы, жагдайды туура эмес түшүнүп алсам, кечирим сурайм.

Кыздарыңызды башкаларды урматтап-сыйлаганга кантип үйрөтөсүз?

Иса пайгамбардын: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— деген сөздөрүн эсине салып турам (Лука 6:31). Ортосунда келишпестик болгондо, өз ара чечишип алганга үндөйм. Ошондой эле бирөө таарынтканда, момундук жана жумшактык менен жооп берүү маанилүү экенине үйрөтөм.

Кантип эс аласыңар?

Өргүү маалында дайыма эле бир жакка барып эс алып келгенге чамабыз жетпейт. Ошондуктан гезиттерден акчабыз жете турган эс алуунун түрлөрүн издеп көрөбүз. Жаратылышка чыгып же өсүмдүктүн ар кандай түрлөрү өстүрүлгөн жерге барып келебиз. Корообуздагы өзүбүз өстүргөн көк чөптөрдү кошуп, чогуу тамак жасаганды жакшы көрөбүз. Эс алуу абдан маанилүү болгондуктан, жок эле дегенде, жакын жердеги сейил бакка барып турабыз.

Жумшаган аракетиңиздин акыбети кайтып жатабы?

Жалгыз бой болсоң, өзүңө да, балдарыңа да аябай эле кыйын. Бирок биз бири-бирибизге аябай ынак болуп калдык, ошондой эле Кудайдын бизге берген баталарына ыраазы болгонго үйрөндүк. Кыздарымдын кулк-мүнөзү калыптанып, чоңоюп келе жатканын көрүп, аябай кубанам. Алар мени менен убакыт өткөргөндү жакшы көрүшөт, мен да кыздарым менен чогуу болгонду жакшы көрөм. Кыздарым капа болуп же кубанып турганымды шак эле байкашат. Капа болуп турганымда, бекем кучактап, көңүлүмдү көтөрүп коюшат. Алардын мени жакшы көрөрүн билдирип турганы кубантып, дем-күч берет. Баарынан да маанилүүсү, биз кыйынчылыктарга кабылганда, жардам берген камкор Жахаба Кудайдын сүйүүсүн сезип келебиз. Ыйык Китептеги кеңештер ата-энелик милдетимди жакшы аткара бергенге жардам берип келет (Ышая 41:13).

[15-беттеги сүрөт]

Люсинда кыздары Бри жана Шэй менен