Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштардын суроолору

Мен кандай адаммын?

Мен кандай адаммын?

Нурлан Уландын келатканын көрүп, баягы дагы келатат деп тынчсыздана баштайт. Улан: «Нурик, кандай! Тамеки чекпейлиби»,— деп тамеки сунат. Нурлан тамеки чеккиси келбейт, бирок чекпейм деп да ачык айта албай: «Шашып жаттым эле»,— деп эптеп кутулуп кетет.

Бактыгүл Уландын келатканын көрөт. Анын эмне деп айтарын билгендиктен даяр турат. Улан: «Оо, Бакуля, кандай! Тамеки чекпейлиби»,— деп тамеки сунат. Бактыгүл: «Жок, мен чекпейм, өпкөмдү чиритким келбейт»,— деп чечкиндүү жооп берет. Анан: «Улан, өзүң жакшы эле баласың,тамеки чекпей эле койбойсуңбу»,— дейт.

БАКТЫГҮЛ «чекпейм» деп эмне үчүн чечкиндүү түрдө жооп берди? Анткени ал, Нурландан айырмаланып, бир нерсени жакшы билет. Эмнени деп ойлойсуң? Ал өзүнүн кандай адам болгусу келерин жана кайсы принциптер боюнча жашагысы келерин жакшы билет. Эгер сен да ушундай адам болсоң, теңтуштарыңдын кысымына туруштук бере аласың. Тагыраак айтканда, башкалардын сен үчүн чечим чыгарышына жол бербестен, өзүңдүн көз карашыңа бекем карманасың. Ушундай адам болгонго сага эмне жардам берет? Кел анда, төмөндөгү суроолорду карап чыгалы.

1. КАНДАЙ ЖАКШЫ ЖАКТАРЫМ БАР?

Муну билүү эмне үчүн маанилүү? Жөндөмдүүлүктөрүңдү, жакшы сапаттарыңды билип алсаң, өзүңдү ишенимдүүрөөк сезесиң.

Ойлонуп көр. Ар ким ар кандай жөндөмдүүлүктөрү бар. Алсак, айрымдар искусствого, музыкага шыктуу болсо, башкалары спортко шыктуу болот. Мисалы, Ракел машине оңдогонго жөндөмдүү болгондуктан, 15ке чыгып калганда механик болгусу келген *.

Кудайдын кызматчысынын үлгүсү. Элчи Пабыл: «Сөзгө чечен болбосом да, билимим тайкы эмес»,— деп айткан (2 Корунттуктар 11:6). Ал Ыйык Жазманы жакшы билгендиктен, башкалардын аны сындаганына карабай, Кудайга туруктуулук менен кызмат кыла берген. Алар ага карата терс көз карашта болуп, аны жамандашса да, чечкиндүүлүгүнөн жазган эмес (2 Корунттуктар 10:10; 11:5).

Өзүңдү текшерип көр. Төмөнкү жерге эмнеге шыктуу, эмнеге жөндөмдүү экениңди жаз.

․․․․․

Эми жакшы сапаттарың жөнүндө ойлонуп көрүп, төмөнкү жерге жаз. (Мисалы, камкор, берешен, так, ишеничтүүсүңбү?)

․․․․․

«Мен дайыма башкаларга жардам бергенге аракет кылам. Эгер кимдир бирөө мени менен сүйлөшкүсү келип жатса, колум бошобой турса да, кылып жаткан ишимди токтотуп коюп, аны кунт коюп угам» (Бриан).

Эгер жакшы сапаттарым деле жок деп ойлосоң, кичинекей кезиңдегиге караганда азыр эмнелерди жакшыраак кылып калганың жөнүндө ойлонуп көрүп, төмөнкү жерге жаз. (« Сен курактуу жаштардын ою» деген кутучаны кара.)

․․․․․

2. КАНДАЙ КЕМЧИЛИКТЕРИМ БАР?

Муну билүү эмне үчүн маанилүү? Аркан ичкерип калган жеринен үзүлүп кеткендей эле, жаман жактарыңа өтө эле көп маани бере берсең, көңүлүң чөгүп, ындының өчүп калат.

Ойлонуп көр. Ката кетирбеген бир да киши жок (Римдиктер 3:23). Баарыбыздын эле кемчиликтерибиз бар. Сэйже деген бир кыз мындай дейт: «Майда-чүйдө каталарыма маани бере бербешим керектигин түшүндүм. Эгер ошолор жөнүндө эле ойлоно берсем, көңүлүм чөгүп, ар кандай жаман ойлорго алдырып коём».

Кудайдын кызматчысынын үлгүсү. Элчи Пабыл өзүнүн кемчиликтерин жакшы билген. Андыктан: «Жүрөгүмдө Кудайдын мыйзамынан ырахат алам, ал эми денемде башка мыйзам бар экенин көрүп турам. Бул мыйзам акылымдагы мыйзамга каршы күрөшүп, мени денемдеги күнөөнүн мыйзамына туткун кылып келет»,— деп жазган (Римдиктер 7:22, 23).

Өзүңдү текшерип көр. Кайсы жагыңан өзгөрүшүң керек деп ойлойсуң?

․․․․․

«Сүйүү жөнүндө кино көргөндөн кийин менин да сүйгөн жигитим болсо деп кыялдана баштачумун. Ошондуктан ушу сыяктуу кинолорду көрбөй эле коюшум керектигин түшүндүм» (Брижет).

3. КАНДАЙ МАКСАТТАРЫМ БАР?

Муну билүү эмне үчүн маанилүү? Алдыга максат коюп жашасаң, иш-аракет кылып, ошол максатыңа жеткенге умтуласың. Ошондой эле максатыңа жеткенге тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон адамдардан жана жагдайлардан качасың.

Ойлонуп көр. Таксиге түшүп алып, шопурга май түгөнгөнчө бир жерди эле айланып айдай бер деп айтат белең? Бул акылсыздык болмок, акчаң да коромок, чынбы? Эгер белгилүү бир максатың бар болсо, жашооңду куру-бекер өткөрбөй, көп жакшы нерселерге жете аласың. Башкача айтканда, каякка барышты жана ал жерге кантип жетишти жакшы билесиң.

Кудайдын кызматчысынын үлгүсү. Элчи Пабыл: «Мен максатсыз чуркап бараткан жокмун»,— деп айткан (1 Корунттуктар 9:26). Ал жөн эле күн өткөрүп жүрө бербей, максаттарды коюп, аларга жетүүгө умтулган (Филипиликтер 3:12—14).

Өзүңдү текшерип көр. Төмөнкү жерге кийинки жылы жеткиң келген үч максатыңды жаз.

  1. ․․․․․

  2. ․․․․․

  3. ․․․․․

Эми ушулардын ичинен эң маанилүү деп эсептегениңди тандап, ага жетиш үчүн азыртадан эмне кылышың керектигин жаз.

․․․․․

«Эгер бир нерсе менен алек болбосом, убактым бекер эле өтө берерин байкадым. Алдыма максат коюп, ага жетүүгө умтулганым маанилүү экенин түшүндүм» (Хосе).

4. КАНДАЙ КӨЗ КАРАШКА КАРМАНЫП ЖАШАЙМ?

Муну билүү эмне үчүн маанилүү? Өзүңдүн бекем көз карашың болбосо, чечкиндүү боло албайсың. Кандай адам экениңди жакшы билбесең, желге ыргалган чөптөй болуп, теңтуштарыңдын ою менен боло бересиң.

Ойлонуп көр. Ыйык Китепте: «Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билгиле»,— деп жазылган (Римдиктер 12:2). Эгер кандайдыр бир ишти өзүң туура деп эсептегендиктен кылсаң, башкалар кандай иш кылбасын, дайыма өзүңдүн көз карашыңа бекем карманасың.

Кудайдын кызматчысынын үлгүсү. Даниел пайгамбар өспүрүм кезинде үй-бүлөсүнөн, элинен алыс жакта жүрсө да, Кудайдын мыйзамдарына ылайык жашоону «жүрөгүндө... чечип» алган (Даниел 1:8). Ал ушундай кылуу менен өзү ишенген нерселерге бекем карманган. Тагыраак айтканда, өзүнүн көз карашына карманганга чечкиндүү болгон.

Өзүңдү текшерип көр. Эмнелерге бекем ишенесиң? Мисалы:

  • Кудайга ишенесиңби? Эгер ишенсең, анын бар экенине сени эмне ынандырат?

  • Кудайдын осуяттарын аткарып жашоо сага пайда алып келерине ишенесиңби? Эмне үчүн ушундай ойдосуң? Мисалы, өздөрү каалагандай жашоо өткөргөн теңтуштарыңды туурагандын ордуна, Кудайдын жыныстык мамилеге байланыштуу мыйзамдарына баш ийип жашасаң, бактылуу болоруңа эмне ынандырат?

Бул суроолорго дароо жооп бербей деле койсоң болот. Эмнелерге ишенериң жана аларга эмне үчүн ишенериң тууралуу ойлонуп көрүүгө убакыт бөл. Ушундай кылсаң, өзүң ишенген нерселерге бекем карманасың (Накыл сөздөр 14:15; 1 Петир 3:15).

«Мектептеги балдар-кыздар өзүңдү ишенимсиз алып жүргөнүңдү байкашса, кысым көрсөтө башташат, ошон үчүн Ыйык Китептен окуп-билгендериме бекем карманышым керек экендигин түшүндүм. Ошондон кийин өзүм ишенген нерселердин туура экенине толук ынаныш үчүн аларды изилдей баштадым. Кимдир бирөөгө: „Мен мындай кыла албайм, анткени бизге мындай кылганга болбойт“,— дегендин ордуна: „Мындай кылган туура эмес деп эсептейм“,— деп айткан алда канча жакшы экен. Ушинтип жооп берүү менен өзүмдүн жеке көз карашым бар экендигин көрсөтөм» (Даниела).

Жел жүрсө эле түшүп калган жалбырактай болгуң келеби же катуу шамалга да туруштук берген дарактай болгуң келеби? Эгер өзүңдү инсан катары мындан ары да калыптай берсең, ошондой дарактай болосуң. Андан сырткары, бул өзүңдүн кандай адам экениңди түшүнгөнгө жардам берет.

Эгер өзүңдү инсан катары калыптай берсең, тамырын терең жайган дарактай боло аласың

^ 8-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.