Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Көпөлөктүн канаты

Көпөлөктүн канаты

КАНАТЫ үлбүрөп аябай назик болгондуктан, үстүнө кичине эле чаң отуруп калса же суу тамып калса, көпөлөк оңой менен уча алмак эмес. Бирок анын канаты эч качан чаң болбойт жана дайыма кургак болуп турат. Мунун сыры эмнеде?

Көпөлөктүн канатын каптап турган кабырчыктар

Көңүл бурсаңар: Огайо университетинде эмгектенген окумуштуулар морфо тукумуна кирген чоң көк көпөлөктү («Morpho didius») изилдешкен. Микроскопсуз караганда ал көпөлөктүн канаты сыйда көрүнөт. Бирок анын канаты бири-биринин үстүнө черепицадай болуп жайгашкан майда-майда кабырчыктар менен капталган. Ал эми ал кабырчыктарда катарлаш кеткен арыкчалар бар. Ошондуктан көпөлөктүн канатына чаң да, тамчы да турбайт. Өнөр жайда, медицина тармагында колдонулчу жогорку технологиядагы каражаттардын сырты чаң менен суу жукпагандай болушу үчүн, инженерлер алардын сыртын көпөлөктүн канатынын түзүлүшүндөй кылып жасаганга аракет кылып жатышат.

Көпөлөктүн канаты илимде көп нерселер тирүү организмдердин түзүлүшүнүн негизинде жасаларын тастыктаган бир эле далил болуп саналат. Бхарат Бхушан деген бир изилдөөчү: «Жаратылышта инженердик кереметтер арбын. Микроскоп менен көрүнгөн нерселерден тартып көз менен көрө алган нерселерге чейин — бүт баары адам баласын кылымдардан бери шыктандырып келет»,— деген.

Кандай деп ойлойсуңар? Көпөлөктүн канаты өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?