Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жахабага кубаныч тартуулагыла»

«Жахабага кубаныч тартуулагыла»

Гилат мектебинин 131-классы

«Жахабага кубаныч тартуулагыла»

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН үй-бүлөлөрү, достору жана дагы башка коноктор 2011-жылдын 10-сентябрында Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин 131-классынын бүтүрүү аземине чогулушту. Азем башталар алдында баяндамачылар да, бүтүрүүчүлөр да аябай толкунданып жатышты. Бирок баяндамалар, дил маектер, демонстрациялар аземге келген 9 063 кишиге чоң кубаныч тартуулаганы жүздөрүнөн байкалып турду.

Алгы баяндама менен Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү жана программанын төрагасы Стивен Летт чыкты. Ал Жахаба Кудайдын каймана мааниде денеси, көзү, кулагы жана колу бар экени айтылган аяттарга токтолду.

Алгач, ал 2 Жылнаама 16:9дагы: «Жахаба өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турат»,— деген сөздөрдү талкуулады. Анан бүтүрүүчүлөрдү Жахабага дайыма бүт жүрөгү менен берилген адам болууга үндөдү. Ошондой эле Кудайды туурап, адамдардын жакшы сапаттарын көрө билгенге чакырды. Андан соң Жахабанын адил адамдардын жалынычын угары жөнүндө айтылган 1 Петир 3:12деги сөздөрдү талкуулады. Анан бүтүрүүчүлөрдү Жахабанын алардын тиленүүлөрүн уккусу келерин унутпай, дайыма тиленүүгө чакырды.

Стивен Летт Ышая 41:13төгү Жахабанын: «Мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам. Сага: „Коркпо, мен сага жардам берем“,— деген менмин»,— деген убадасын талкуулады. Ал: «Жахабанын жүрөктү козгогон бул сөздөрүнө көңүл бурсаңар. Ал колун сунуп, бизди колубуздан кармайт»,— деди. Анан бүтүрүүчүлөрдү Жахабанын жардамын эч качан четке какпаганга чакырды. Жардамга муктаж болгондорго кол сунуу менен Жахабаны туураганга да үндөдү.

Стивен Летт сөзүнүн аягында Ышая 40:11ди окуп, угармандарды ал аятта айтылган камкор койчунун эмне кыларын элестетип көргөнгө чакырды. Ал: «Жахаба Кудай бизди өз колу менен чогултуп, бооруна кысып көтөрүп жүрөт»,— деди. Ал эми биз мындай камкордукка кандай жооп кайтарышыбыз керек? Стивен Летт бүтүрүүчүлөргө, Жахаба аларды бооруна кысып көтөрүп жүрүшү үчүн, жумшак жана момун болушу керектигин айтты.

«Бул кенчти чопо идиштерде сактап жүрөбүз»

2 Корунттуктар 4:7ге негизделген бул баяндама менен Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Дэйвид Сплэйн чыкты. Аятта айтылган кенч эмнени билдирет? Билимдиби же акылмандыктыбы? Жок. Сплэйн бир тууган түшүндүргөндөй, «элчи Пабыл кеп кылган кенч Кудайга кылган кызматыбызды билдирет» (2 Корунттуктар 4:1, 2, 5). Ал бүтүрүүчүлөрдү беш ай бою алган билими аларды ушул өзгөчө кызматты аткарууга даярдаганын айтып, кызматын жогору баалоого чакырды.

Андан соң «чопо идиштер» жеткилеңсиз адамдарды билдирерин түшүндүрдү. Анан чоподон жасалган идиш менен алтындан жасалган идиштин ортосундагы айырмачылыктарга токтолду. Адатта, алтын идиш көп колдонулбайт. Ал эми чопо идиш көп колдонулат. Эгер кенчти алтын идишке салсак, идиштин ичиндеги кенчке эмес, анын өзүнө көңүл бурулуп калмак. «Силер миссионер катары адамдардын көңүлүн өзүңөргө эмес, Жахабага бургуңар келери бышык,— деди Дэйвид Сплэйн.— Силер чоподон жасалган жөнөкөй идишсиңер».

Ал эки идиштин айырмачылыгын андан ары талкуулап, байыркы убактарда чопо идиштер отко чыдамдуу болгонун жана айрымдарын, сынып калбашы үчүн, кургаганда жалтырап, айнектей катуу болуп калган сыр менен сырдашканын айтып өттү. Миссионерлерди эмне үчүн ошондой идиштерге салыштырууга болот? Кызматынын алгачкы айларында алар жалтырак сыр менен сырдалат, башкача айтканда, ар кандай кыйынчылыктарга кабылып, туруктуу болууга үйрөнүшөт. Бул болсо аларга башкалардын сындаганына анча маани бербегенге, таарынчаак болбогонго жардам берет. «Силер өзүңөр ойлогондон да бекем, туруктуу экениңерди байкайсыңар»,— деди Дэйвид бир тууган. Анан Жахаба кенчтей баалуу кызматты периштелерге эмес, «чопо идиштерге» тапшырганын айтып: «Бул Жахабанын силерге ишенерин көрсөтүп турат»,— деп сөзүн жыйынтыктады.

Силер «жөө жүргөндөр менен жарыштыңар», «аттар менен» жарыша аласыңарбы?

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Сэмюэл Херд бүтүрүүчүлөрдөн: «Канчалык узакка жана канчалык катуу чуркай аласыңар?» — деп сурады. Ал бүтүрүүчүлөр кабыла турган кыйынчылыктарды Жеремия пайгамбардын башына түшкөн кыйынчылыктар менен салыштырды. Кудайга ишенимдүү кызмат кылган ал пайгамбар башынан оор кыйынчылыктарды өткөргөн. Бирок ал кийин андан да оор сыноого туш болмок. Ошондуктан Жахаба Кудай ага: «Сен жөө жүргөндөр менен жарышканда чарчасаң, анда аттар менен кантип жарышасың?» — деген (Жеремия 12:5).

Сэмюэл бир тууган аятта айтылган ойлорду талкуулап, бүтүрүүчүлөргө мындай деди: «Экзамен тапшырганда өзүңөрдү аттар менен жарышкандай сезгендирсиңер. Бирок силер аттар менен эмес, жөө жүргөндөр менен эле жарыштыңар. Кийин кызматыңарда аттар менен жарышасыңар, башкача айтканда, оюңарга келбеген кыйынчылыктарга дуушар болосуңар. Ошондо эмне жардам берет? Гилат мектебинен алган билимиңер силерге аттар менен жарышканда чарчабаганга жардам берет». Ал бүтүрүүчүлөрдү Ыйык Китепти күндө окуп, дайыма тиленүү менен өздөрүн рухий жактан бекемдей берүүгө үндөдү.

Сэмюэл Херд миссионерлердин айрымдары барган жерлеринде көңүл чөгөттүк, адамдардын кош көңүлдүгү сыяктуу кыйынчылыктарга кабыларын, башкалары болсо ооруга чалдыгышы же өздөрүн жөндөмсүз сезиши мүмкүн экенин айтты. Бирок аларды бардык кыйынчылыктарды көтөргөнгө жана алдан-күчтөн тайбаганга жардам бере турган Кудай бар экенине ынандырды. Анан: «Жөө жүргөндөр менен жарышасыңарбы же аттар мененби, Кудайдын силерге күч берип, марага жеткирерине бекем ишенгиле. Анын жардамы менен ийгиликтүү кызмат кылып, ага даңк алып келе аласыңар»,— деди.

Дагы башка урунттуу ойлор

«Мүмкүн болушунча, көбүрөөк идиш чогулт». Кошмо Штаттардагы филиалдын комитетинин мүчөсү Жон Экрен эки уулу бар жесир аял менен Элиша пайгамбар жөнүндөгү билдирүүнү талкуулады. Жесир аялдын балдарын ага карыз берген киши кул кылганы алып кеткени жаткан (2 Падышалар 4:1—7). Аялдын май куюлган кичинекей кумурасынан башка эч нерсеси жок болчу. Элиша ага кошуналарынан кумура чогултуп келишин айтып: «Мүмкүн болушунча, көбүрөөк идиш чогулт»,— деген. Жахаба Элиша аркылуу керемет жасап, аял чогулткан кумуралардын баарын майга толтурган. Жесир аял ал майларды сатып, карызынан кутулган, белгилүү бир убакка чейин үй-бүлөсүн да бага алган.

Бүтүрүүчүлөр мындан эмнеге үйрөнө алышат? Жесир аял кумураларды тандабай, кошуналары бергенди алганы күмөнсүз. «Аял май куюла турган кумуралардын баарын чогултса керек,— деди баяндамачы,— кумура канчалык көп болсо, ошончолук жакшы болмок». Анан Жон бир тууган бүтүрүүчүлөрдү кандай тапшырма берилбесин, чоң болобу, кичине болобу, баарына даярдуулук менен макул болгонго чакырып: «Эч качан тандабагыла»,— деди. Ошондой эле жесир аялдын канчалык көп бата алары Элишанын айткандарына канчалык көңүл бурганынан көз каранды болгонун айтты. Бул эмнени көрсөтүп турат? Канчалык көп бата аларыбыз ынталуу кызмат кылганыбыздан жана Кудайга бекем ишенгенибизден көз каранды. Сөзүнүн акырында баяндамачы: «Кызматта өзүңөрдү аябагыла»,— деди.

«Аларды оңой эле жеңип алабыз». Сандар 14:9га негизделген бул баяндаманы Теократиялык мектептер бөлүмүнүн көзөмөлчүсү Уильям Сэмюэлсон айтып берди. Ал Жашыя менен Калептин үлгүсүнө токтолуп, алардын канаандыктар менен согушуп, оңой эле басып алмактыгын жана бул ысрайылдыктарды бекемдеп, күч-кайрат бермектигин айтып өттү. Бүтүрүүчүлөр андан эмнеге үйрөнө алышат? Уильям бир тууган: «Кызматыңарда ар кандай кыйынчылыктарга кабылганда аларды силерди бекемдеп, кайраттандыра турган нерсе катары карагыла»,— деди.

«Алардын ишеними алдыда боло турган „бороон-чапкынга“ туруштук береби?» Нускоочулардын бири Сэм Роберсон айрымдардын «ишеними кеме сыяктуу кыйроого учураганы» жөнүндө айткан элчи Пабылдын сөздөрүн талкуулады (1 Тиметей 1:19). Ал бүтүрүүчүлөрдү Ыйык Китепти изилдегендерге кеме казыктай бекем ишеним өрчүтүүгө жардам берүүгө үндөдү. «Силер аткарып жаткан иш темир устаныкына окшош»,— деди ал. Кандай мааниде? Темир уста темир шакекчелерди бири-бирине бириктирип, кемени жылдырбай кармап турган чынжыр жасайт. Анын сыңарындай, миссионерлер Ыйык Китепти изилдеген адамдарга куткарылууга алып барган, Кудайга жаккан сапаттарды өрчүткөнгө жардам беришет.

Баяндамачы темир шакекчелерди 2 Петир 1:5—8-аяттарда айтылган сапаттар менен байланыштырды. Ал миссионерлерге эгер Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга Жахабанын ал сапаттарды кантип чагылдырарын түшүнүүгө жардам беришсе, алар Жахабага жакындап, ошол сапаттарды өрчүтүүгө түрткү алышарын айтты. Мунун аркасында Ыйык Китепти изилдегендер ишенимин сынаган «бороон-чапкындай» кыйынчылыктарга кабылганда туруштук бере алышат.

Кызматта болгон окуялар жана дил маектер

Нускоочулардын дагы бири Майкл Бернетт бүтүрүүчүлөрдүн айрымдары менен маек куруп, жакында эле кызматта болгон окуялардан айтып беришин жана кээ бирлерин сахналаштырып беришин суранды. Угуучуларга бүтүрүүчүлөрдүн базарларда, аэропортто, үйдөн үйгө, атүгүл адашып чалып алган кишиге кантип кабар айтышканын угуу жагымдуу болду.

Кошмо Штаттардагы Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөсү Майкл Гансен мурда Кенияда миссионер болуп кызмат кылган Марк Нумар жана Парагвайда миссионер болуп кызмат кылган Уильям Ясовски менен жана азыр Панамада миссионер болуп кызмат кылып жаткан Стивен Мак-Доуэлл менен маек курду. Алардын айтып бергендери «Жахабанын эркин аткаруудан кубаныч алуу» деген баяндамада айтылгандарды бышыктады (Забур 40:8). Алсак, Марк Нумар жубайы экөө миссионер болуп кызмат кылып жүргөндө алар эмнеден кубаныч алышканын айтып берди. Аларга жергиликтүү ишенимдештери менен кызматташуу зор кубаныч тартуулаган. Ошондой эле ишенимдештеринин уюмдан берилип жаткан көрсөтмөлөргө карманып жатканы, жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү жасаганы жана Жахабанын бир туугандардын күч-аракеттерине батасын берип жатканы аларды кубанычка бөлөгөн. Марк Нумар бүтүрүүчүлөрдү алдыда эң сонун кубанычтуу күндөр күтүп турганына ынандырды.

131-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн бири класстын атынан жазылган ыраазычылык катты окуп бергенден кийин, Стивен Летт программанын соңунда бүтүрүүчүлөрдү акылдуулук менен иш кылууга үндөдү. Анан эгер алар ушундай кылышса, «Жахабага кубаныч тартуулашарын» айтты. Ооба, жаңы миссионерлер дайындалган жерлеринде ишенимдүү кызмат кылуу менен Жахабаны кубантары шексиз (Ышая 65:19).

[31-беттеги таблица/карта]

КЛАСС ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Студенттер келген өлкөлөрдүн саны 10

Орточо жашы 34,7

Чөмүлтүлгөндөн кийинки жылдарынын орточо саны 19,0

Толук убакыттагы кызмат жылдарынын орточо саны 13,5

[Карта]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Төмөндө бүтүрүүчүлөр дайындалган өлкөлөр көрсөтүлдү

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ДАЙЫНДАЛГАН ӨЛКӨЛӨР

БЕНИН

БРАЗИЛИЯ

БОЛГАРИЯ

БУРУНДИ

КАМЕРУН

КАНАДА

БОРБОРДУК АФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫ

ГЕРМАНИЯ

ГАНА

ГОНКОНГ

ИНДОНЕЗИЯ

КЕНИЯ

ЛИБЕРИЯ

ЛИТВА

МАЛАЙЗИЯ

МОЗАМБИК

НЕПАЛ

ПАНАМА

ПАРАГВАЙ

СЬЕРРА-ЛЕОНЕ

СЛОВАКИЯ

ТҮШТҮК АФРИКА

АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫ

ВЕНЕСУЭЛА

[30-беттеги сүрөт]

Бүтүрүүчүлөр кызматта болгон окуяны сахналаштырууда

[31-беттеги сүрөт]

Гилат мектебинин 131-классы

Катарлар төмөндөн жогору карай номурланып, ысымдар солдон оңго саналат.

1) Леш К.; Леш Н.; Шакаржиан П.; Шакаржиан Т.; Буден Р.; Буден К.; Наш Т.; Наш Л.

2) Трэнбла Е.; Трэнбла К.; Гарви Д.; Гарви Г.; Гонт Р.; Гонт П.; Лау Ж.; Лау Ж.

3) Дэвис Ш.; Дэвис С.; Саржинт Ж.; Саржинт Ж.; Фонсека Ч.; Фонсека С.; Тенар Э.; Тенар А.

4) Петраётин А.; Петраётин Р.; Райс Н.; Райс Н.; Айзмиңгер Б.; Айзмиңгер С.; Хакер Ж.; Хакер Ч.

5) Хартмен Э.; Хартмен Т.; Гулие В.; Гулие К.; Томас Ж.; Томас Э.; Оказаки Н.; Оказаки М.

6) Милз К.; Милз А.; Бениң Л.; Бениң Т.; Собиески С.; Собиески Т.; Ганион Л.; Ганион Э.

7) Гансен Б.; Гансен М.; Фахи А.; Фахи М.; Делгор Ж.; Делгор Ж.; Андерсон М.; Андерсон Р.